Күн карама

Wikipedia дан
Күн карама (Helianthus annuus).

Күн карама (лат. Helianthus, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу.

Күн караманын 50гө жакын түрү (негизинен бадал, чала бадал жана чөп) Түндүк Америкада, 28 түрү (бадал сымал) Мексика, Перуда өсөт. Көпчүлүгү — көп жылдык өсүмдүк. Бир жылдыгынан майалын уучу Күн карама (Н. annuus), көп жылдыгынан топинамбур Күн карамасы (Н. tuberosus) эгилет. Линза сымал Күн карама (Н. lenticularis) отоо чөп катары кезигет. Кооздук үчүн өстүрүлүүчү түрлөрү: бадыраң сымал Күн карама (Н. cucumerifolius), учтуу жалбырактуу Күн карама (Н. agrophyllus) жана башка Эгилме (май алынуучу) Күн карама өзөк тамырлуу (жерге 2—3 м терең кирет), сабагы жоон, түз (бийиктиги 0,6—2,5 м), жалбырагы жазы, учтуу келип, түкчөлүү. Гүлү сары, айрымдары көк, топ гүлү — себетче (диаметри 10—40 см). Курт-кумурска аркылуу кайчылаш чаңдашат. Данеги сыртынан катуу кабык менен капталган. Вегетация мезгили 80 —140 күн. Күнөстүү кара топурактуу жерге жакшы өсөт. Данегинде 27—57% май болот. Майы тамак-аш ө. ж-нда (маргарин, консерва жасоодо, кондитер өндүрүшүндө жа нан бышырууда), ошондой эле самын жасоо жана лак-боёк өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Калдыгынан күнжара, шрот даярдалат. Майдаланган жалбырагы жана башка тоют катары пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө эгилме К.кнын майды көп берүүчү, илдетке, зыянкечке туруктуу сорттору чыгарылып, 26дан ашык сорту райондоштурулган. Негизинен Украина, Түндүк Кавказ, Молдавия, Батыш Сибирь, Казакстан, Кыргызстанда өстүрүлөт. Күн караманын үрөнүнө кызылча шиш тумшугу, күн карама бүлбүлдөгү, беде көпөлөгү жана башка зыян келтирет. Илдеттери: склеротиниоз, кара чирик, дат илдети жана башка.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]