Жүгөрү

Википедия дан
Жүгөрү
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Zea mays L., 1753


Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  42269
NCBI  4577
EOL  1115259
Жүгөрү.

Жүгөрү (лат. Zea mays, L. 1753) — дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк жана тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү жана морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу жана башка. Жүгөрү Борбордук жана Түштүк Америкадан таралган. Европага 15-кылымдын аягында алып келинген. Россияда 17-кылымдан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кавказ, Орто Азияда (анын ичинен Кыргызстанда) өстүрүлөт. Жүгөрү бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 50-80 смден 5-6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100-150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү дан. 1000 данынын салмагы 50-1100 г, көбүнчө 100-400 г. Данында 9-17% белок, 4-6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65-70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90-150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90-180 кг азот, 45-180 кг фосфор, 30180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы менен сотосунан кагаз, линолеум, вискоза жана башка даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору жана гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт жана башка. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]