Арпа

Wikipedia дан
Арпанын бышкан учуру.

Арпа (лат. Hordeum) - дандуулар тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Машагы бир гүлдүү. Машакчалары бир орунга үчтон жайланышып, көбунчо кабыктуу.
Евразияда анын онго жакын түрү бар. Дыйканчылыкта көбунчө эки же көп (төрт, алты)кырдуу күздүк жана жаздык арпа эгилет, чарбаларда негизинен жаздык арпа айдалат.
Арпа тамак-аш, жем үчүн керектелет. Андан ун, акшак жана сыра даярдалат.
1972-жылы Евразияда жаздык арпанын айдоо аянты 26,0 млн. га, ал эми Кыргызстанда 186,3 мин га болгон.
Анын түшүмдүүлүгү мурдагы СССР боюнча гектарынан 12,7, биздин республикада 12,4 ц ди түзгөн.

Арпа Евразиянын көпчүлүк жеринде эгилет. Негизинен Украинада, Россиянын борбордук тилкесинде,
Белорусия, Латвия, Литва, Сибирь, Урал, Орто Азия, Кавказ ж.б. райондордо кеңири таралган.
Кыргызстандын бардык райондорунда, көбүнчө тоолуу өрөөндөрдө эгилет.

Арпа 60-90 күндө бышат. Ал 1° жылуулукта өнө баштайт да, семиз топуракта жакшы өсөт,
саздуу жана шор топурактуу жерде түшүмсүз болот. Топурагы жакшы даярдалган жана жер семирткичтер көп чачылган жерде мол түшүм берет.
Кыргызстанда совет доорунда күздүк арпанын негизги сортторунан «Паллидум-247» жана «Персикум-64»,
жаздык арпанын «Нутанс-187», «Комбайнер», «Нутанс-45» ж.б. сорттору эгилген.


Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]