Республика

Wikipedia дан

Республика (лат. republica – қоомдуқ иш, мамлекет) – башкаруунун формасы. Мамлекеттик бийликтин жоғорқу органдары же шайланышат, же жалпы улуттуқ өкүлчүлүк уюмдары тарабынан түзүлүшөт. Башқаруунун республикалық формасы антикалық доордо монархияға альтернатива қатары түзүлгөн. Капиталисттик жана социалисттик мамилелердин өнүгүшү менен Жаңы жана Соңқу жаңы мезгилде кеңири жайылған. Азырқы мамлекеттердин көбү – республика бүгүнкү күндө башқаруунун эки негизги формасы өкүм сүрүүдө – президенттик жана парламенттик. Президенттик республика президенттин қолунда мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын полномочиелеринин топтолушу менен мүнөздөлөт. Премьер–министр қызматы болбойт. (Аргентина, Бразилия, Мексика, АҚШ ж.б.) Мыйзам чығаруучу, атқаруучу, соттуқ бийликтердин компетенциясы жана структурасы тақ бөлүштүрүлөт. Өзгөчөлүктөрү: президентти шайлоонун парламенттен тышқары түз же қыйыр шайлоо жолу; өкмөттү түзүүнүн парламенттен тышқарқы жолу жана өкмөттө парламенттин алдында жооптуулуқ институтунун жоқтуғу; өкмөттүн мүчөлөрүнүн депутаттық ишмердүүлүк менен айқалышпағандықы; президентте парламентти тарқатуу уқуғунун жоқтуғу. Бул өзгөчөлүктөр парламенттик республика менен салыштырғанда өкмөттө көбүрөөк туруқтуулуқ, ал эми парламентти – көптөгөн чынығы полномочиелер менен қамсыз қылат. Республикалық башқаруунун көбүрөөк жайылған түрү, парламенттик республика эсептелет. Ал үчүн парламенттин башчылығынын принциби, өкмөттүн өзүнүн ишмердүүлүгүндө парламентке жооп берүүчүлүгү, премьер-министрдин қызматынын болушу мүнөздүү. Премьер-министр бир учурда өкмөт башчысы жана башқаруучу партиянын же партиялық коалициянын лидери болот. Парламенттик республиканын өкмөтү парламенттик жол менен таасирдүү партиянын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Парламенттик республика көпчүлүктүн қолдоосунан ажырамайынча бийликте болот. Қолдоодон ажырағандан кийин өкмөт иштен четтетилет же кезексиз парламенттик шайлоолорду дайындашат. Парламенттик республика башқаруу партиялық мүнөздө. Парламенттик республикада мамлекеттик башчы – президент парламент же анын негизинде түзүлгөн коллегия арқылуу шайланат. Аға көптөгөн формалдуу полномочиелер берилет: анын ичинде вето қоюу жана парламентти тарқатуу уқуғу. Чындығында анын мамлекеттик бийликти иш жүзөгө ашыруудағы таасири анча чоң эмес. Себеби анын ар бир аракети парламент түзгөн өкмөттүн мақулдуғунан соң ғана жүзөгө ашырылат. Азырқы парламенттик республикада мыйзам чығаруучу жана атқаруучу бийликтердин юридикалық жана чынығы компетенцияларынын келишпестиктери мүнөздүү: жоғорқу орган деп жарыяланған парламент өкмөттүн қатуу көзөмөлөнүн астында иштейт, парламент түзгөн жана аға жооп берген өкмөт парламентти тарқатуу уқуғуна ээ. Республикалық бийликтин аралаш формалары өзүндө президенттик жана парламенттик республиканын (Франция) же монархия менен республиканын (Малайзия) элементтерин айқалыштырат. Қырғыз Республикасындағы бийлик президенттик республикаға көбүрөөк оқшош келип, ошону менен бирге эле парламенттик республиканын элементтерин да өзүнө қамтыйт, муну илимде жарым президенттик республика деп аташат.

Қолдонулған адабияттар[оңдоо]

"Саясат таануу: энциклопедиялық оқуу қуралы". Башқы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Ақунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9