Капитализм

Википедия дан

Капитализм – жеке менчикке жана базар экономикасына негизделген коомдун тиби. Коомдук ойломдун ар кандай багыттарында капитализм эркин ишкердик жүргүзүүнүн системасы, индустриалдык коомдун өнүгүү этабы катары аныкталат. Капитализмдин учурдагы өнүгүү деңгээлин «аралаш экономика», «постиндустриалдык коом» ж. б. атап жүрүшөт.

Марксизм окуусу капитализмди – өндүрүш каражаттары жеке менчикке, ал эми жалданма эмгек капитал тарабынан эзилишине негизделген коомдук-экономикалык формация деп аныктайт.

Капитализм 15-кылымда Италиянын (соода) жана Голландиянын (мануфактура) шаарларында пайда болуу менен 16-кылымда болуп өткөн капиталды топтоонун алгачкы процесстеринин жүрүшүндө бүтүндөй Европа мамлекеттеринде орной баштаган. Өндүрүштүк революциянын натыйжасында ири машина өндүрүү пайда болгон. Капитализмдин шарттарында базардык атаандаштыктын механизми ишкерди кирешелүү пайда табуу үчүн туруктуу түрдө капиталды көбөйтүп жана өндүрүштү жакшыртып турууга мажбурлайт. Бул болсо өндүргүч күчтөрдүн, илимдин жана техниканын динамикалуу өнүгүшү үчүн зор көмөк берет.

19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Батыштын өнүккөн өлкөлөрүндө ири өнөр жай жана банк корпорациялары пайда болот, финансылык капитал үстөмдүк кыла баштайт, базардык атаандаштык экономиканы мамлекет тарабынан жөнгө салуу механизмдери менен толукталат. Ири менчик ээлери жана жалданма жумушчулар менен катар эле коомдун жашоосу үчүн маанилүү орунду ээлеген менчик ээлеринин ортоңку табы болгон туруктуу социалдык структура калыптанат.

Бүгүнкү күндөгү капитализм өз кучагына төмөнкүдөй формаларды камтыйт:

  1. кыска мөөнөттүү (антициклдүү, антиинфляциялык) жана узак мөөнөттүү (макроэкономикалык) мамлекеттик жөнгө салуу;
  2. индикативдүү, сунуш мүнөзүнө ээ тармактык жана чөлкөмдүк (регионалдык) программалар (пландар);
  3. тике (мыйзам чыгаруу жана административдик актылар) жана кыйыр (салыктар, мамлекеттин бюджетке багытталган чыгымдары, амортизациялоочу саясаты) түрүндөгү жөнгө салуу.

Көптөгөн өлкөлөрдө акырындык менен калыптанган социалдык багыттагы рынок экономикасы жана парламенттик демократия 20-кылымдын 2-жарымында калктын турмуш деңгээли менен маданиятынын жогорулашын, социалдык карама-каршылыктардын жумшарышын жана аларды чечүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгууну камсыз кылган. Чарбалык турмуштун улут аралыктын өсүшү, транс улуттук корпорациялардын күч алышы менен аймактык (региондук) жана дүйнөлүк экономикалык интеграция, экономиканы мамлекеттер аралык жөнгө салуу өнүгүп бара жатат. Бул экономикалык кызматташуунун жана өнүгүүнүн уюму, эл аралык акчалай фонд, реконструкциялоонун жана өнүгүүнүн эл аралык банкы, европалык жамааттар ж. б. атайы уюмдардын пайда болушуна түрткү берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8