Марксизм

Википедия дан
Маркс менен Энгельс

Марксизм – башатында К. Маркс жана Энгельс, андан кийин 19-кылымдын акырында жана 20-кылымда ар кайсы өлкөлөрдө алардын көп сандаган жолун жолдоочулар болгон. Марксизм капиталисттик цивилизациянын карама-каршылыктарын сын көз менен ой жүгүртүүнүн натыйжасы катары келип чыккан. Теориялык жактан ал үч негизги булактан – немистик классикалык философиядан (Гегель, Фейербах), англис классикалык саясий экономиясынан (Смит, Рикардо) жана француз утопиялык социализминен (Сен-Симон, Фурье) келип чыккан. Коомду түп тамырынан кайра өзгөртүүнү – капитализмди жоюну жана аны коммунисттик формация менен алмаштырууну максат кылып, Марксизм ушул 3 философиялык, экономикалык жана социалдык-саясий жүйөөлөргө негизделет, ушуга байланыштуу анда адатта 3 курамалык бөлүк айырмаланат: философия, саясий экономия жана социализм жөнүндө окуу (же илимий коммунизм).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]