Коммунизм

Wikipedia дан

Коммунизм (латынча kommunic – орток, жалпы) – маркстик концепцияда капитализмди алмаштыруучу жана өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдукэкономикалык көрүнүш; Коммунизм өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тапсыз коомдук түзүлүштүк Коммунизм – социализмдин өнүккөн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Советтер Союзунун жана анын өнөктөштөрүнүн саясий жана экономикалык түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. Коммунизм идеясы пайда болгондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток жана адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талапты 15-кылымда Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-кылымда Германияда дыйкандар согушунун (Т. Мюнцер), 17-кылымда Англияда, 18-кылымда Францияда буржазиялык революциянын катышуучулары (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) революциялык күрөштүн урааны катары жарыялашкан. 16–17-кылымдарда көптөгөн гуманисттер (Т. Мор, Платон ж. б.), 18-кылымда Француз агартуучулары (Морелли, Г. Мабли ж. б.) К. идеясы жөнүндө көз караштарды иштеп чыгышкан. 19-кылымда А. Сен-Симон, Ш. Фурье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер Коммунизм жөнүндөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктаждыгын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштүрүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопиялык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-кылымдын 40-жылдарында К. Маркс менен Ф. Энгельс Коммунизмдин илимий теориясын (пролетардык революциянын негизинде капитализмди кулатып, социализмге өтүү жана коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгышкан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим болбой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социализмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ленин Коммунизм теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок Коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамлекеттик органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Биринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыктарын көздөгөн Коммунисттик партия жетекчилик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргүзүп, мамлекеттик башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик жана экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, өнөр-жай тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. Айыл чарба ишканаларына, завод-фабрикаларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары берилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары аныкталган. Рынок экономикасына жана өндүрүш каражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу менен ишке ашкан эмес. Мисалы, Советтер Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тоталитардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан жана демократиянын жоктугунан Батыш Европада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-ж. еврокоммунизм идеялары менен куралданган батыштагы Коммунисттик партиялар лениндик «пролетариат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демократиялык институттарды кабыл алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]