Давид Рикардо

Википедия дан
Works, 1852.

Давид Рикардо англиялык экономист. Давид 1772-жылы 18-апрелде Лондон шаарында туулган. А. Смиттин илимин улантуучу жана талдоочу Д. Рикардо болгон. Анын илимий эмгектери классикалык саясий экономиканын жогорку сереси, чокусу. Негизги чыгармасы « Саясий экономиканын принциптери жана салык салуу» (1817). Рикардонун эң жетишкендиги жер рентасынын жаратылышына ар тараптан анализ бергендигине болгон. Ал нарктын эмгек элге тийген оордугу жөнүндөгү изилдөөсү азыркы кездеги өкмөттөргө чоң эскертүү. Рикардонун эң чоң жетишкендиги капиталисстик экономикада кирешелерди бөлүштүрүүнүн законуна анализ берүү болгон.

Рикардо боюнча улуттук киреше коомдогу негизги класстардын ортосунда блөүштүрүлөт. – кызмат акы жумушчулар үчүн. Анын оюнча чектүү өскөн социалдык «токтоочто» бир социалдык класс өзүнүн керектөөсүнүн бышкалардын эсебинен көбйтө алат деп эсептеген. Рикардонун бул идеясынын өз убагында капиталисттер да жана социалисттер да жактырышкан. Капиталисттер Рикардонун бул таянагына таянып реформалар эмгекчил элдин шарттарын жакшыртпайт дешкен, ал эми социалисттер мындан өздөрүнүн идеясына еолдоо алып, жумушчуулар улуттук продуктукдан өздөрүнүн үлүгүшү үчүн күрөштө жеңет, каптализм кулайт дешкен. Бирок XX кылымдын орто ченинде башталган илимий техникалык революция эмгектин өндүрүмдүүлүгүн өстүрүп, улуттук «токточту» өнүккөн өлкөлөрдө бир кыйла көбөйтүп жиберип, капиталисттерге да жана жумушчуларга жаман болгон жок.