Аксай

Википедия дан

Аксай – жердин аты, тарыхый топоним.

Махмуд Кашгари (11-к.) анын Үч (азыркы Үчтурпак) округунун аймагына жакын экенин билдирет. Орто кылымдагы адабияттарда А-га чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Атбаш шаары, Арпа-Йасы талаасы, Ташрабат кербен сарайы ж. б. аталат. Буга караганда байыркы А. азыркы Аксай сыртына туура келери шексиз. А. өрөөнүн жерг. көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көкаргын м-н Сариймектен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2