Свердлов району
| |||
Өлкө |
Кыргызстан | ||
---|---|---|---|
Статусу |
район | ||
Негизделген күнү |
25-февраль 1958-жыл | ||
Расмий тили | |||
Аянты |
33,4 км² | ||
Тууралыгы |
8,4 км | ||
Узундук |
12 км | ||
Расмий сайты | |||
Свердлов району ― Бишкек шаарынын 4 райондорунун бири, шаардын түндүк-чыгышында орун алган, аянты 3340 га, калкыкын саны 216,3 миң адамдан ашык район.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Район алгач 1958-жылы 25-февралда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу Комитетинин жыйынынын чечими менен түзүлгөн, андан кийин убактылуу жоюлуп, 1964-жылы кайрадан түзүлгөн. Районду түзүү жөнүндө токтомдо анын аймагы «Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү» бардык аймактар деп сүрөттөлгөн. 1974-жылы район азыркы контурун алган. Район негизделгенден бери анын администрациясы (мурда райисполком деп аталган) Чүй проспектиси, 28 дарегинде жайгашып келет.
2022-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде аймактык реформа жүргүзүлгөн[1].
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарын Бишкек шаарына кошуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Свердлов районунун курамына Аламүдүн айыл аймагы, Лебединовка айыл аймагы, Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы кошулуп, ошондой эле МАБ-21 аймагы кеңейтилген[2].



Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында, Свердлов районуна кошулган айыл аймактары:
Аламүдүн | Лебединовка | Төмөнкү Ала-Арча | МАБ-21 |
---|---|---|---|
|
|
|
|
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө чейинки райондун чектери:
- Батыш тарабы:
Ж. Абдрахманов көчөсү — темир жолдон Жибек-Жолу проспектисине чейин (чыгыш жагы), Жибек-Жолу проспектиси — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин (түндүк жагы), Т. Молдо көчөсү — Жибек-Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин, Саадаев көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн дренаждык коллекторго чейин, андан ары «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Келечек» жана «Ак-Бата» конуштарынын (чыгыш жагы) чек аралары аркылуу өтөт, андан ары Елебесов көчөсү аркылуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча жана Майское айылдарына чейин[3].
- Түндүк тарабы:
«Ак-Бата», «Дордой-2», «Эне-Сай» конуштарынын чек аралары боюнча Алма-Ата көчөсүнө чейин жана «Бакай-Ата» конушунун түндүк жагы боюнча өтөт[3].
- Чыгыш тарабы:
ЖЭБ каналынын аркылуу, Энергетиктер шаарчасы, Салиева көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Ч.Валиханов көчөсүнө чейин (түндүк жагы), андан ары Луганская көчөсү, Сокулук көчөсүнө чейин, Лермонтов көчөсү — Сокулук көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана «Бакай-Ата» конушу аркылуу өтөт[3].
- Түштүк тарабы:
Темир жол — Ж. Абдрахманов көчөсүнөн тартып, ЖЭБ аймагы, «Тепличный» совхозу, өнөр жай зонасы жана «Учкун» микрорайонуна чейин[3].
Обьектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Свердлов району Бишкек шаарынын эң бир чоң жана өнөр жай ишканалары көп аймагы болуп эсептелинет[3]. Бул райондун аймагында:
- Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ);
- 24 орто мектеп;
- спорттук мектеп;
- 3 лицей;
- 4 университет;
- 11 поликника;
- аймактык оорукана;
- төрөт үйү;
- Республикалык диагностикалык борбору;
- 17 бала бакча бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө
- ↑ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө
- ↑ 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациянын паспорту
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://meria.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=6012&Itemid=373&lang=ru Archived 2016-02-01 at the Wayback Machine
![]() | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | ![]() |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
Ош шаары |