Тогуз-Торо району
| Тогуз-Торо району | |
|---|---|
| район | |
| Тогуз-торо району | |
| Өлкө | Кыргызстан |
| Облус | Жалалабат |
| Seat | Казарман |
| Time zone | GMT +5 (UTC+5) |
Тогуз-Торо району — Жалал-Абад облусунун түндук-чыгышындагы администрациялык район. 1935-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынын Ак-Талаа райондору, түндук-батышынан Токтогул, батышынан Базар-Коргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. Аянты 3962 км2. Калкы 22,3 миң (2001). Орто жыштыгы 1 км2 жерге 4,1 киши туура келет. Райондо 5 айыл өкмөтү (Атай, Көк-Ирим, Каргалык, Сары-Булуң, Тогуз-Торо), 13 кыштагы бар, борбору — Казарман айылы.
Макмал алтын комбинаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Макмал алтын комбинаты 1986-жылы ачылган. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, 2016-жылдагы эсептөөлөр менен бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Бүтүндөй бир районду иш жана социалдык экономикалык жактан кармап, Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражат менен түзүлөт.
Курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райондо 5 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 14 айыл бар[1]:
- Атай айыл аймагы: Атай (борбору), Карл Маркс;
- Көк-Ирим айыл аймагы: Арал (борбору), Бирдик;
- Каргалык айыл аймагы: Казарман (борбору), Кызыл-Жылдыз[2], Макмал, Чет-Булак;
- Сары-Булуң айыл аймагы: Кара-Суу (борбору), Табылгыты;
- Тогуз-Торо айыл аймагы: Дөдөмөл (борбору), Кош-Булак, Ленин, Өрнөк;
Эскертүү: Каргалык айылдык кеңеши Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу конушу жок болгондугуна байланыштуу калктуу конушту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик классификатордон чыгаруусун сунуштаган[2].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 11.05.2021
- 1 2 “Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө, Токтом № 59, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы, 2018.12.21.
| Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
|---|---|---|
| Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
| Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл | |
| Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
| Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
| Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
| Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
| Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
| Ош шаары | ||