Чоң-Алай району
Чоң-Алай району | |
---|---|
район | |
Чоң-Алай району | |
![]() | |
![]() | |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Ош |
Seat | Дароот-коргон |
Area | |
• Urban | 1 880 sq mi (4 860 km2) |
Population | |
• район | 25 418 |
Time zone | GMT +6 (UTC+5 or +6) |
Чоң-Алай району — Кыргызстандын Ош облусундагы район. Административдик борбору — Дароот-Коргон айылы[1].
Чоң-Алай району Ош облусунун административдик аймагында район болуп 1992-жылы кайрадан түзүлгөн. Түндүк-батышынан Кыргызстандын Баткен облусунун тоо кыркалары, чыгышынан Алай тоо кыркалары, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет.
Аянты 4860 км2 (Ош облусунун 16,6% ээлейт).Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан.
Эң бийик жери — Чоң-Алай тоо кыркаларындагы Ленин чокусу (7134 м бийик).
Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт.
Климат[оңдоо | булагын оңдоо]
Климаты — чукул континенттик, кышы суук болот. Январдын орточо температурасы -15 -20 °C, июль айындагы орточо ысыктыгы — +19 +30 °C.
Калк[оңдоо | булагын оңдоо]
Райондун калкынын көпчүлүк бөлүгүн кыргыздар түзөт, алар жалпы калктын 99%ын түзөт.
2021-жылдагы каттоо боюнча райондо 34636 адам жашайт, эркектер 17650 аялдар 16986
0-15 жаш | 12650 |
16-62 жаш | 19966 |
63 жаштан жогору | 2020 |
Административдик-аймактын бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
Райондун 23 айылын камтыган 3 айыл аймагы бар[2]:
- Жекенди айыл аймагы: Карамык (борбору), Жекенди, Кара-Тейит, Шибээ, Чулук;
- Кашка-Суу айыл аймагы: Кашка-Суу (борбору), Ачык-Суу, Кабык, Кара-Кабак, Бурган-Суу, Жайылма, Кичи-Жайылма;
- Чоң-Алай айыл аймагы: Дароот-Коргон (борбору), Жар-Башы, Жаш-Тилек, Жаман-Жар, Кочкорчу, Кулчу, Кызыл-Туу, Сары-Булак, Чак, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
Жекенди айыл аймагы | Жекенди • Карамык • Кара-Тейит • Шибээ • Чулук | ![]() |
---|---|---|
Кашка-Суу айыл аймагы | Кашка-Суу • Ачык-Суу • Кабык • Кара-Кабак • Бурган-Суу • Жайылма • Кичи-Жайылма | |
Чоң-Алай айыл аймагы | Дароот-Коргон • Жар-Башы • Жаш-Тилек • Жаман-Жар • Кочкорчу • Кулчу • Кызыл-Туу • Сары-Булак • Чак • Кызыл-Эшме • Кара-Шыбак |
![]() | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | ![]() |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл |