Баткен облусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Баткен облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Баткен облусу картада

Өлкө:

Кыргыз Республикасы

Абалы:

Облус

Курамында:

3 район,
6 шаар

Акимий борбору:

Баткен

Ири шаарлары:

Кызыл Кыя, Сүлүктү, Исфана

Түзүлгөн убакыты:

12-октябрь 1999-жыл

Ыйгарым укуктуу өкүлү:

Жаныбек Жалалов

Ырасмый тили:

Кыргыз тили

Калкы (2019):

525 100

Жыштыгы:

25,95 адам/км²

Жер аянты:

16 995 км²

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-B

Унаа коду:

A

Ырасмый сайты


Баткен дубаныКыргыз Руспубликасынын түштүк-батышында жайгашкан дубан. Ал 1999 ж. Чын Курандын 12-синде Ош дубанынан Баткен, Кадамжай, Лейлек аймактарын жана Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларын бөлүп, облус уйуштурулган. 2000 ж. аймактын борбору Баткен жана 2001 ж. Исфана кыштактары шаар макамын алган. 2012 ж. Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар макамын алган. Облустун курамында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча (Чыгыш, Кеңеш, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары.

Дубандын түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана аңкылаптар аркылуу өтөт. Аянты 17,0 миң км² же республиканын айантынын 8,5%ын түзөт. Калкы 538,2 миң (2020) же республиканын калкынын 8,2%ын түзөт.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Баткен облусу Баргана өрөөнүнүн түштүк өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деңиз деңгээлинен 4000—5000 м бийиктиктен ашык көтөрүлөт; дубандын эң бийик жерлери Түркстан кырка тоосунда (Кожобакырган суусунун башатында) 5580 м, Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында — Тилбеде) 5880 м. Дубандын аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргзжердин эң жапыз жери жайгашкан; ал деңиз деңгээлинен 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү бойунча дубандын аймагы төмөнкү геоморпологиалык зоналарга бөлүнөт: тоо этектериндеги түздүктөр зонасы, тоо арасындагы ойдуңдар зонасы, орто бийиктиктеги тоолор зонасы, бийик тоо зонасы. Тоо этектериндеги бир аз жантайыңкы түздүктөр дубандын эң жапыз жайгашкан бөлүгү. Баргана өрөөнүнүн четжакасын (өндүрүн) түзөт. Түздүктөр негизинен антропогендик чөкмө тектерден (шагыл таштардан) түзүлүп, үстүн түрдүү калыңдыктагы лөс сымал кумай топурактар жаап жатат. Бул зонага Кастакөз-Кулунду, Төө Мойун, Кызыл Жар ж. б. түздүктөр кирет. Андан жогору адырлар зонасы жатат. Адырлар Баргана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолүттук бийиктиги 1000—1300 мге жетет. Адырлар бийик тоолордун кырынын жана капталдарынын жайпагыраак түзүлүштөгү релеби менен айырмаланат. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде — Шаймерден-Cох суу бөлгүчтүрүндө, Кожобакырган-Ак суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак Суунун алабында зор айанттарды ээлейт. Адырлардын эң бийиги жана өзгөчөсү Белисынык жалдары болуп саналат. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Кастакөз өрөөнүн карай жантайып түшөт; түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш Рабат ойдуңуна тик түшөт. Белисынык жана Чимион адырлуу жалдары жайпак-ийилген, кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген чөлдүү жалдар болуп саналат; алар шагыл-таш басымдуулук кылган борпоң чөкмө тектерден турат. Чимион жалы жаңы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Бул аймактын адыларынын төмөнкү бөлүктөрүн палеоген-неогенде пайда болгон конгломерат, жогорку бөлүктөрүн дислокасиага дуушарланган байыркы антропогендик конгломерат тектери түзөт. Неоген конгломераттуу катмарларынын айрым жерлерин андан мурдараак пайда болгон түрдүү түстөгү мергел, кумдук жана чопо тектери жиреп чыгып, ал аймактарда өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди — чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Тоо арасындагы ойдуңдар адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарынан орун алган. Алар релептин төмөн ийилген пормасын пайда кылып, кеңдик бойунча созулган эки тилкени түзүп жатат. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриалык деңгээли төмөн (900—1000 м абсолүттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожобакырган суусунун алабындагы Таш Рабат ойдуңу). Ички ойдуңдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессианы пайда кылат, абсолүттук бийиктиги 1500—1800 мге жетет. Бул тилкеге Испана, Чарку-Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуңдар кирет. Ички ойдуңдардын релепин бир аз жантайыңкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Ойдуңдар негизинен антропогендик конгломерат, шагыл таш ж. б. тектерден түзүлүп, үстүн топурак каптап жатат. Тоо аралык ойдуңдардан жогору орто бийиктиктеги тоолор зонасы жатат. Ал бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыңкы жалдарын камтыйыт. Бийиктиги 2000—2500 м жана 3000 мге чейин. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун курамына кирген бийик этек тоолор өтө жана терең тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Бул токол тоолор менен адырларды кеңдик багытта узатасынан (40°- параллел бойунча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуңдар бөлүп турат. Бийик тоолуу зонага ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. Түркстан кырка тоосу айрым кырка тоолордон жана жалдардан турат. Алар негизинен кеңдик багытта жайгашып түндүктү (Баргана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантайат. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнгөн, ал эми өрөөндөр – туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Дубандын аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 м бийиктикке чейин жетет. Мөңгүлөр, көп жылдык карлар бар. Кар чеги негизинен 4000—4500 м бийиктиктен өтөт. Кыры аска-зоокалуу. Бийик тоолуу бөлүгү өтө тилмеленгендиги, капталдары тик, терең жана кууш өрөөндөрдүн жыштыгы, аскалардын, корум таштардын, куюлма шагылдардын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын Алай кырка тоосу түзөт. Ал узатасынан созулган жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн, туурасынан кеткен терең капчыгайлар менен тилмеленген кырка тоолуу аймакты түзөт. Кырка тоонун көп бөлүгүнүн башкы кар сызыгын жана негизги багытын так аныктоо өтө кыйын. Алай кырка тоосунун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз Ата) тоо массиби бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү дубандын аймагында. Кичи Алай кырка тоосунун абсолүттук бийиктиги Алай кырка тоосунукуна тең чамалашат. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриалык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80—100 кмге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында азыркы мөңгүлөр жана байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган. Мөңгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасында эрозианын аракетинен терең жана татаал тилмеленген релеп түзүлгөн. Сай өрөөндөрүнүн — капчыгайлардын төр тарабында байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен тепши сымал релептин формалары пайда болгон. Тепши сымал өрөөндөрдү курчап турган тоолордун чокуларынын бийиктиги ал өрөөндөрдүн таманынан 1000 мге чейин гана көтөрүлүп, өрөөндөрдөн төмөн капчыгайлар кууштап, тепши сымал өрөөндөрдүн, капчыгайлардын капталдарында корум шагыл-таштардын зор айанттары кездешет. Геоструктуралык жактан дубандын аймагы герсин бүктөлүү структурасына байланыштуу Түштүк Теңир тоо тектоникалык аймагына кирет.

Аба ырайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Дубандын климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деңиздик климатка окшош. Жайкы нымы жетишсиз, мелүүн жылуу, кышы мелүүн-суук. Дубандын 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында Үчтүн айынын көп жылдык орточо температурасы –3,3°Cдан –6,9°C, Текеники 25,3 – 15°C. Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген стансиасында Үчтүн айынын орточо температурасы –8,9°C (абсолүттук минимуму –30°C), Текеники 10°C (абсолүттук максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орограпиалык ыктоодо» жайгашкан түндүк капталында Баргана тоо тизмегинин түштүк- батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталына 1200—1500 м бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Баргана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120—140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, Испара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200—600 ммден Кожобакырган жана Ак сууларынын алаптарында 300—800 ммге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында, орто бийик жана бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600— 800 ммге, чанда 900 ммге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде тоолор менен курчалган туйук чуңкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300—400 ммге чейин төмөндөйт. Алай кырка тоосунун эң батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 мден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жеринде гана жогорку зонада жаан-чачын жылына 1000—1200 ммге чейин жаайт.

Суулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Дубандын суулары Cырдарыйанын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталган ири сууларга — Испайрамсай, Шаймерден, Cох ж.б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга — Исфара, Исфана, Кожобакырган, Ак ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cырдарыйанын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында жана кургак сайларында жерге сиңип кетет. Бул суулар негизинен эриген кар жана мөңгү сууларынан куралат. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч (же Зоркөл), Кезарт, Түзашуу ж. б. (Испайрамсайдын алабында), Курманкөл (Көк суунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Каракөл-Катта (Испананын алабында) ж. б. Облустун аймагында жалпы аянты 720 км²ден ашкан 530дай мөңгү бар. Алардын бардыгы Алай (568,1 км² ) ж-а Түркстан (151 км² ) кырка тоолорунун түндү капталдарында.

Облустун аймагынын топурак өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы арид-дик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Орто бийиктиктеги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү күрөң, куба күрөң, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаа-луу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

1999 жылкы эл каттоо боюнча 382,4 миң киши же республиканын калкынын 7,9%ын түзгөн. Шаар калкы 100,2 миң киши (дубандын жалпы калкынын 26,2%ын түзөт), айыл калкы 282,2 миң (73,8%). Калктын жыштыгы 1 км² жерге 22,5 киши (респуюликада 24,1 киши). Шаарлары: Кызыл Кыйа (калкы 31,8 миң), Cүлүктү (13,6 миң), Испана (15,9 миң), Баткен (11,0 миң); шаарчалары: Айдаркен (9,1 миң), Кадамжай (8,9 миң), Чыгыш (6,9 миң), Чабай (1,6 миң), Кеңеш (1,3 миң); ири айылдары: Үч Коргон (12,9 миң), Орозбек (7,5 миң), Кулунду (7,2 миң), Бужум (6,7 миң), Кербен (6,0 миң), Кара Бак (6,0 миң), Cамаркандык (5,6 миң), Меркез (5,0 миң), Андарак (4,7 миң) ж. б.

Дубандын калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар (дубандын жалпы калкынын 74,3%), өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус (2,2%), түрк (0,3%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.

Дубандын калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2000 ж. республикада 19,7 ‰ болсо, дубанда 23,4‰ болгон), өлүм-житимдин коэпписиенти (респуюликада 7,0‰, дубанда 5,7‰) төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук (74,3%) кылышы менен түшүндүрүлөт. Дубандын калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000 ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 (республикада 12,8) адамды түзгөн.

Дубандын калкынын өзгөчөлүгү мында айалдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 айалга 1002 эркек (республика бойунча 975) туура келет. Дубандын эмгекке жарамдуу жалпы калкынын ичинен өспүрүмдөр (0—15 жаш) 43,3%ды (республикада 38,1%), ал эми эмгек курагынан өткөндөр 7,7%ды (республикада 9,2%) жана эмгекке жарамдуулар 50,0%ды (52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы республикадагы базар экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги сосиал-экономикалык репормага байланыштуу өндүрүштүн деңгээлинин төмөндөшү жана өнөр жай ишканаларынын иштебей калышы себеп болууда. Натыйжада шаарлар менен шаарчаларда иштебей калгандардын саны көбөйүп, миграсиа өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек шаарына жана Чүй дубанына келишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызыл Кыя шаарынын калкы 1989 ж. 36,8 миң болсо, 1999 ж. 31,8 миңге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миңден 13,6 миңге, Айдаркенде 11,1 миңден 9,1 миңге, Чабайда 2,1 миңден 1,6 миңге кыскарган.

1999 жана 2000 жылдардагы дубандын аймагына кирген душмандарга, эл аралык террористтерге каршы согуш аракеттери да калктын миграсиасынын күчөшүнө алып келди. Өлкөнүн башка аймактарына кеткен мигранттардын саны 2000 ж. 6 миңден ашуун болду.

Жумушсуздардын санынын жогорку деңгээлде болушу орчундуу көйгөй бойдон калууда. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 2001 жылдын Үчтүн айынын 1-не карата дубан байунча 8,2 миң киши болгон. Бир жумушчу ордуна мында 186 киши туура келүүдө. Мындан тышкары дубанда катталбаган «көмүскө» жумушсуздар да бар.

Улуттук курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт.Облустагы калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.Өнөр жайы облустун экономикасында гана эмес, респ-да да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын , сымаптын бүт көлөмү, көмүрдүн 20,4% , ферменттелген тамекинин 19,6%и , улуттук килем буюмда-рынын 35,5%и өндүрүлөт.
Cурьма ж-а сымап өндүрүү б-ча Кырг-н дүйнөлүк өндүрүүчөлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурь ма м-н 20,0%, сымап м-н 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк ры-нокто эталон катары бааланып көп өлкөлөргө экспорттолот. Натыйжада облус товар-ларды жогорку экспорттоочу болуп калат. Экспорттук продукциянын суммасы 2001-ж. 17,7 млн долларды түзүп, импорттон бир кыйла же 6,3 эсе ашкан.Облустун ө. ж. тармактык структурасында түстүү
металлургия, тамак-аш, ун тартуу-акшак ж-а аралаш тоют, курулуш материалдар ө. ж. тармактары жалпы облустун ө. ж. продукция-сынын 95,0%ин өндүрөт. Облустун башка ө. ж. тармагы отун ө. ж. анча чоң эмес үлүштүээлейт. Ага карабастан ал өнөр жайдын район аралык мааниси бар. Үч ишканасы: «Кызылкыя көмүр» акционердик коому (АК), «Кызылкыя шахта курулуш» ж-а «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому иштейт. Мында 2001-ж. респ-да казып алынган көмүрдүн 20,4%ы же 97,0 миң ткөмүр өндүрүлгөн. Облустун отун ө. ж-да акыркы жылдарда мунайзат ж-а газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келет, жаңыдан облуска өткөн Арка ж-а Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт.
Облустун ири өнөржай ишканалары: «Кызылкыя тамекиси» акционердик коому, «Айдаркен сымап комбинат» мамл. акционердик коому, «Кадамжай сурьма комбинаты» акционердик коому, «Нур» акционердик коому, «Кызылкыя шахта курулуш», «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому, «Кызылкыя көмүр» акционердик коому, «Кызылкыя дан азыктары»акционердик коому, «Кызылкыя машза-вод»ж. б.

Транспорту[оңдоо | булагын оңдоо]

Облустун азыркы транспорт тармагы: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур (трубопровод) транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош—Кызылкыя—Пүлгөн—Ай-даркен—Баткен—Исфана—Cүлүктү; Кызылкыя—Дарооткоргон; Кызылкыя—Кувасай (Өзбекстан); Баткен—Исфара (Тажикстан); Кызылкыя—Маркамат (Өзбекстан)—Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы б-ча нормалдуу, эркин жүрүшүнө тоскоол-дук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгаш-кан калктуу пункттарын райондун борбору, о. эле Ош шаары м-н транспорттук-экон. жактан байланыштырып турат.
Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миң км, анын 414 кми асфальт-танган, 466 кмташ төшөлгөн жол. Бул жолдордун басымдуу бөлүгү айылдык жерлерде жайгашкан. Каржылоо каражатынын жетишсиздигинен жолдорду реконструкциялоо ж-а капиталдык ремонт жүргүзүү кыйынга турууда. Буга байланыштуу коңшулаш мамле-кеттердин «анклавдарынан» айланып өтүүчү жолдорду куруу облустун гана эмес респ-нын да маанилүү экон. ж-а саясий проблемасы болуп калууда.
Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт. 2001-ж. 1,8 миң т жүк , 13,8 миң жүргүнчү ташылган. Алар-дын ичинен 383,5 миң т же 16,4% жүк, 433,3 миң же 31,4% жүргүнчү ж-а менчик авто-транспорттор м-н ташылган.
Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчи 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында рекон-струкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызылкыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана—Кувасай (Өзбекстан)—Кызылкыя темир жол тармагы. Уз. 42 км.Бул темир жолдор неги зинен көмүр ташуу үчүн курулган. Алар тоолуу жерлер м-н өтөт, айрыкча Драгомиров—Cүлүктү кууш темир жолун эки капта-лынан тоонун тик капталдары тосот. Анын уз. облустун аймгында 30 километрдей. Ушуга карабастан бул жолдордун облустун аймагында чоң жүктөрдү ташууда айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэро-порттор Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызылкыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп жатат. «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош шаарына күнүгө, Бишкек ш-на 2—3 авиарейстери болуп турат. Жайында Чолпоната шаарына (Ысыккөл) каттайт.

Маданият[оңдоо | булагын оңдоо]

Маданият тармагында 2000-ж. 1 млн нуска китеби болгон китепканалар, облус-тук драма театры, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүүлөр кыргыз, орус, тилиндеринде жүргүзүлөт. Облустук "Баткен таңы" гезити ж-а 3 райондук (Кызыл Туу, Эл жарчысы, Ата-журт) гезиттери чыгарылат.

Облустун аймагында көптөгөн тарыхый-маданий объектилер бар. Биздин замандын 1—6-к-дарына таандык Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Каракамар, Кожо-бакырган, Обишир тургун жайларынын калдыктары, 9—16-к-дардагы Булакбашы, Ис-фана, Карабулак шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары — Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечит бар. Рабат айы-лынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандык айылында тарыхый рудник, Канигут үңкүрү сакталган.

Билим берүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки, башталгыч, орто , атайын орто ж-а жогорку билим берүү. Облуста 18 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме (2001-ж. 2454 бала тарбияланып, 135 тарбиячы иште-ген) иштейт. 2001/02-окуу жылында 188 жалпы билим берүүчү мектеп (103,0 миң окуу-чу), а. и. 14 башталгыч мектеп (2,0 миң), 16 негизги мектеп (3,7 миң), 156 (95,6 миң) орто мектеп, 2 (232) акылы кем балдарды окутуучу мектеп иштеген. Мектептердин бардыгын мамлекет каржылайт. 101,3 миң окуучудан (акылы кем балдардан башкасы) 75,4 миңи (74,3%) кыргыз тилинде, 15,4 миңи өзбек, 7,3 (7,2%) миңи орус тилинде, 3,1 миңи (3,1%) тажик тилинде окушат. Мектептерде иштеген мугалимдердин саны 7474 болгон, а. и. 4687 (62,7%) жогорку билимдүү, 425 (5,8%) толук эмес жогорку, 1517 (20,3%) атайын орто ж-а 835 (11,2%) орто билимдүү. Бир мугалимге 13 окуучу (респ-ка б-ча 15) туура келет. Облуста 2001-ж. 10 кесиптик-тех. окуу жайы (2,5 миң окуучу), 3 атайын орто (1,3 миң студент) окуу жайы болуп, анда 114 окутуучу (а.и. 108 жогорку билимдүү) иштеген. 2001/02-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы болуп (13,3 миң студент), анын күндүзгү бөлүмүндө 2,5 миң, кечки бөлүмүндө 0,3 миң, сырттан окуу бөлүмүндө 6,0 миң студент окуган. Анда 286 профессор-окутуучулар (а. и. 10 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты) иштейт.

Саламаттыкты сактоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Облустун саламаттык сактоо тармагында 2001-ж. 810 койкалуу 3 борборлоштурулган оорукана, 66 койкалуу 2 шаардык оорукана, 963 койкалуу 19 участ-калык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 72 фельдшер акушердик пункт болгон. Алар-да 616 врач, 3003 медициналык кызматкер иштеген. Мындан тышкары 43 үй-бүлөлүк врачтар тобу (Кадамжай р-нунда - 21, Лейлекте -8, Кызылкыя ш-нда - 8, Баткенде - 3 ж-а Сүлүктүдө -3) уюштурулган.

Райондору[оңдоо | булагын оңдоо]

Баткен району 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош облусунун Чоң Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 36,2% түзөт). Кал-кы 64,6 миң (2002). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары. Ал эми Кадамжай району 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аян-ты 6,1 миң чарчы км. Калкы 151,0 миң (2002). Борбору – Пүлгөн кышталат. Лейлек району Баткен облусундагы адм. район. Район 1928-ж. уюшулган. Түн.-батышынан ж-а түштүгүнөн Тажик-стан, чыгышынан Баткен р-ну м-н чекте-шет. Аянты 4,7 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 27,4%и түзөт). Калкы 105,5 миң (2002). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), Восточный (Кошбулак) шаар-часы ж-а 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Исфана ш.

Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстан географиясы - энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 2004. 448-466 беттер. ISBN 9967-14-006 2


Кыргызстандын акимий бөлүнүүсү Кыргызстандын желеги
Облустар: Баткен облусу · Жалал-Абад облусу · Нарын облусу · Ош облусу · Талас облусу · Чүй облусу · Ысык-Көл облусу
Шаарлар: Бишкек · Ош