Достук (Баткен району)
| Айыл
Достук
| |||||||||||||||||||||||||||||||
Достук — Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районундагы айыл. Кара-Бак айыл аймагынын курамына кирет.
ААББТ коду — 41705214823030[2].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл — облустун борбордук бөлүгүндө, Тажикстан менен мамлекеттик чек арага жакын, Исфара дарыясынын оң жээгинде, облустун жана райондун административдик борбору Баткен шаарынан батыш тарапка болжол менен 16 чакырым (түз сызык боюнча) аралыкта жайгашкан. Тажикстандын Чарбак (таж. Чорбоғ) айылы менен чектеш[3]. Абсолюттук бийиктиги — деңиз деңгээлинен 948 метр[4].
Тарыхы жана инфратүзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан жана бул жерде Кыргызстандын чек ара базасы бар[3]. “Достук” айылы бир нече жолу эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чатактарынын очогуна айланган. Тактап айтканда, конуш 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрда аткылоодон жапа чеккен[5][6].Акыры чек-арадагы жаңжалда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстандын аскерлери чек араны бузуп кирип Достук айылындагы мектепти басып алганын кабарлаган[7].
Согуштук аракеттер аяктагандан кийин айылдын башкы планы иштелип чыгып, бир катар турак жайларда оңдоо иштери жүргүзүлгөн[8].Жаңжал учурунда жергиликтүү мектептин имараты күйүп кетип, 2023-окуу жылы мектеп директорунун үйүндө башталган. Жаңжалга чейин мектепте 42 бала окуса, жаңжалдан кийин 21 гана окуучу калган[9].
Ошондой эле айылда 2020-жылы капиталдык оңдоодон кийин бала бакча пайдаланууга берилген. Ишти кореялык уюм каржылап 24 миң доллар, жергиликтүү бюджеттен 276 миң сом, ошондой эле жергиликтүү тургундар тарабынан 26 миң сом чогултулган[10].
2025-жылы 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек араны демаркациялоо келишимине кол коюлуп, ага ылайык Достук айылы Тажикстанга өткөрүлүп берилген[11]. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрөгасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө, Достук айылы эң алыскы айыл болгондуктан Кыргызстан үчүн эч кандай стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон эмес[12].
Достук айылын өткөрүп берип, ордуна Кыргызстан айылдын өзүнүн аянтына туура келген 91 га жерди, ошондой эле учурдагы инфратүзүм үчүн компенсация катары кошумча 30 га жер алган[13]Кыргыз бийлиги айыл тургундарынын макулдугун алып, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан жана Баткен шаарына жакын Чет-Булак конушуна, Достук айылынын калкын көчүрүү чечимин кабыл алган. Келишимдин негизинде кыргыз бийлиги ар бир үй ээсине беш сотыхтан 71 үй курууну милдеттенген[14]. 2025-жылдын октябрь айында Достук айылынын тургундары Жаңы-Достук айылына көчүп өтүшкөн[15].
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2024-жылдын башына карата айылдын калкынын саны 389 адамды түзгөн.
| жылы | 2009 [16] | 2014[17] | 2015[18] | 2020[19] | 2021[1] | 2023[20] | 2024[21] |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| адам. | ↗ 328 | ↗ 391 | ↗ 398 | ↗ 431 | ↘ 406 | ↘ 385 | ↗ 389 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- 1 2 «Пошевелишься – стреляют»: Нарушения законов и обычаев войны в ходе пограничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном в сентябре 2022 года. — Human Rights Watch. — 2023-04-21.
- ↑ Dostuk. GeoNames.
- ↑ В селе Достук на участки некоторых жителей попали снаряды от минометов (орусча) (13 Апрель 2022).
- ↑ Киргизское село Достук подверглось минометному обстрелу с таджикской стороны (орусча) (17 сентября 2022).
- ↑ ГКНБ заявил о занятии таджикскими военнослужащими здания школы в селе Достук (орусча) (16 -сентябрь (аяк оона) 2022).
- ↑ Начинаем развитие с Баткена (орусча) (13 -декабрь (бештин айы) 2023). Текшерилген күнү 21 Апрель 2025. Түп булактан архивделген күнү 14 -февраль (бирдин айы) 2025.
- ↑ "11 учителей и двое первоклассников". Как учатся дети в приграничном селе Достук (орусча) (14 -ноябрь (жетинин айы) 2023).
- ↑ В приграничных селах Баткена построили спортзал для школы и столовую - для детсада (орусча) (08.01.2020).
- ↑ КрисРиклтон «Сделка века» между Кыргызстаном и Таджикистаном: президенты раньше не пожимали руки, а теперь обнимаются (орусча) (13 -март (жалган куран) 2025).
- ↑ Камчыбек Ташиев: Село Достук перешло Таджикистану. Взамен мы получили 91 га земли (орусча) (27 -февраль (бирдин айы) 2025).
- ↑ ВикторияПанфилова Бишкек и Душанбе определились с межгосударственной границей (орусча) (10.03.2025).
- ↑ Определен участок, куда переселят жителей села Достук Баткенского района (орусча) (6 -март (жалган куран) 2025).
- ↑ Жители начали заселяться в новый поселок Жаны Достук в Баткенской области (орусча) (22 -октябрь (тогуздун айы) 2025).
- ↑ Перепись населения Кыргызской Республики 2009 года. Баткенская область. Текшерилген күнү 21 Апрель 2025. Түп булактан архивделген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2015).
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2020).
- ↑ Калып:Cite Kyrgyzstan population 2023
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2024).
| Баткен районунун калктуу конуштары | ||
|---|---|---|
| Бобобору | Баткен | |
| Баткен шаарынын курамы | Баткен • Базар-Башы • Булак-Башы • Келечек • Кызыл-Дөң • Кызыл-Жол • Чет-Булак | |
| Алтын-Бешик айыл аймагы | Таян • Газ • Жаңырык • Кан • Кайыңды • Кыштут • Коргон-Таш • Сай • Сары-Талаа • Согмент • Табылгы • Тунук-Суу • Чарбак | |
| Ак-Сай айыл аймагы | Ак-Сай • Капчыгай • Көк-Таш • Миң-Булак • Миң-Өрүк | |
| Ак-Татыр айыл аймагы | Ак-Татыр • Орто-Боз • Рават • Таштумшук • Үч-Дөбө | |
| Самаркандек айыл аймагы | Самаркандек • Жаңы-Бак • Паскы-Арык | |
| Суу-Башы айыл аймагы | Боз-Адыр • Айгүл-Таш • Апкан • Бөжөй • Бужум • Жаңы-Достук • Кара-Булак • Кара-Токой | |
| Кара-Бак айыл аймагы |
Кара-Бак • Бай Кара-Бак • Дөбө • Зардалы • Кызыл-Бел • Момунов • Чет-Кызыл • | |
| Төрт-Гүл айыл аймагы | Ак-Өтөк • Ак-Турпак • Зар-Таш • Жаңы-Жер • Чоң-Талаа • Чоң-Гара • Чек | |
