Коргон (Лейлек району)
Көрүнүш
(«Коргон, Лейлек району» барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Коргон
|
Коргон — Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Лейлек айыл аймагына кирет.
Козу-Баглан суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ― Исфана шаарынан 40 км чыгыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 100 км. Калкы 2554 (2007); негизинен мал менен алектенип, тамеки өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9