Кадамжай
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Кадамжай
|
Кадамжай — Кыргызстандагы райондук маанидеги шаар. Баткен облусунун Кадамжай районунун административдик борбору. Шаймерден суусунун боюнда жайгашат.
Пүлгөн кыштагынан 2 км түштүк тарапта. Фергана темир жол бекетинен (Өзбекстан) 31 км. Калкы 6,7 миң (2009); негизинен кыргыздар, ошондой эле өзбек, орус, татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Ал аркылуу Исфана — Ош — Бишкек автомобиль жолу өтөт. Кадамжай сурьма комбинаты, тигүү фабрикасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, медициналык-санитардык мекемелер, кафе-барлар, тамактануу жана соода жайлары иштейт. Шаарда 3 орто жана балдардын музыкалык мектеби, китепканалар, маданият үйү, 3 бала бакча, райондук борбордук оорукана, дарыканалар жана башкалар бар.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы - 6 732 киши.[2]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs named2017 census
- ↑ 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.