Кайыңды (байыркы кыргызча:𐰴𐰀𐰖𐰃𐰭𐰑𐰃) — Чүй облусунда жайгашкан шаар, Панфилов районунун борбору. 1917-жылы кыштак катары негизделип, 1934-жылдан баштап шаарча болгон. 2012-жылы Кайыңдыга шаар статусу берилген. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийиктикте, Бишкек шаарынан 88 км, облустун борбору Токмоктон 148 км, батыш тарапта жайгашкан. Шаардан Чалдыбар-Бишкек-Балыкчы темир жолу өтөт. Калкы 8,9 миңге чукул (2002). Төрт ири ишканасы иштейт: ”Кайыңды кабель заводу”, “Кайыңды кант”, “Кайыңды эт комбинаты” акционердик коомдору жана “Шоола” жоопкерчилиги чектелген ишканасы. Шаарда 3 мектеп, 5 китепкана, мончо, 2 сауна, 2 маданият үйү, райондук борбордук оорукана иштеп, калкты үй-бүлөлүк 3 дарыгерлер тобу тейлейт.