Мазмунга өтүү

Бишкек

Бишкек шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Борбор шаар
Бишкек
Бишкекте жайгашкан Жогорку Кеңештин ак үйү.
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө [[ Кыргызстан]]
Статус Мамлекеттик деңгээлдеги шаар
Облус [[ Чүй облусу]]
Координаттар 42°52′ с. ш. 74°34′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү Биринчи-Май, Ленин, Октябр, Свердлов
Мэр Айбек Жунушалиев Жанышбекович
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1825
Биринчи белгиленген 1864
Мурунку аталышы Пишпек (1926 чейин)
Фрунзе (1926-1991)
Аянты 169,9 км²
Борборунун бийиктиги 750—900 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы [[UTCUTC+06:00]]
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 1 270 910[1] адам (2024)
Жыштыгы 6.226 адам/км²
Улуттук курамы кыргыздар — 66.2 %
орустар — 23,0 %
уйгурлар — 1,6 %
татарлар — 1,5 %
корейлер — 1,4%
өзбектер — 1,4%
казактар — 1,1 %
украиндер — 1,0%
дунгандар — 0,5%
Диний курамы мусулман, христиан
Этнохороним Бишкектик
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 312
Почта индекси 720000
Автоунаа коду 01, BB, E
Расмий сайты https://bishkek.gov.kg/ky  (кырг.)

БишкекКыргызстандын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору; транспорттук башкы түйүн. Бишкек шаарында 4 администрациалык-аймактык бирдик — Биринчи Май, Ленин, Тогуздун айы (орус. Октябр), Свердлов райондору кирет.

Айрым маалыматтарда Бишкек шаары Саруу уруусунан чыккан Эркөбөк уулу Бута (Бишкек) баатырдын ысымын алып жүрөт деген маалыматтар бар. Бишкек 2023 жылдан баштап өнүгүүсү жакшы боло баштаган

Шаар Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңгээлинен 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Лөс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түндүк жагына карай четтеп, шаардан 20 кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек шаарынын туштагы жазылыгы 60 кмдей.

Чүй өрөөнүнүн Бишкек шаарында жайгашкан борбор бөлүгү геологиалык структурасы боюнча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриалык мегасинклинал. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түштүк бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер менен толгон. Алар палеозой пундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000 мден ашык тереңдикте (геопизикалык маалыматтар боюнча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланес жана акиташ тегинен, ошондой эле эпузиа тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген-неоген тоо тек  катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,0 км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң тоо тектердин калың кабаты жаап жатат. Алар кой таштардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын жана кумдуу чопонун кабатчалары менен топторунан түзүлгөн аллүбий-пролүбий чөкмө тоо тектерден турат.

Сейсмдик аймакташтуруунун маалыматы боюнча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000 м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы клорид-натрий калцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот.

Бишкек шаары мелүүн алкактагы континенттик  климаттуу  аймактын түштүк чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп менен 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай Теке (332 саат), эң аз тийгени Бештин айы (126 саат). Абанын жылдык орточо температурасы 10,2°С, Үчтүн айыныкы – 4,6°С, Текеники – 24,5°С. 1930 жылы  Бештин айында эң төмөнкү температура (–38°С),  1983-жылы Текеде эң жогорку температура (43°С) катталган. Шаардын түштүк бөлүгү түндүк бөлүгүнөн 1—2°Ска жылуураак. Үшүк жүрүү жазында Чын Курандын ортосунда токтоп, күзүндө Тогуздун айынын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаар нымдын негизги булагы – деңиз менен океандан алыс жайгашкандыктан жаан-чачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү 409 мм. Көбү Жалган Куран-Теке, жылдын кургакчыл мезгили (11%) ТекеАйак Оона айларына туура келет. Кар Бештин айынын ортосунан Бирдин айынын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орточо калыңдыгы 13 см, аз түшкөндөгү орточо калыңдыгы 3–7 см. Бишкектин климатына тоо-өрөөн желаргысы  мүнөздүү. Анын  ылдамдыгы  2–3 м/секден  ашпайт.  Ылдамдыгы 15 м/секге жеткен шамал негизинен батыштан согот жана жылына орто эсеп менен  30дай  жолу болот. Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп менен 30–40 күн шаарды жөө туман жана мунарык басып турат.

Бишкек шаарынын негизги суу артериалары мурда Ала-Арча жана Аламүдүн суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түштүк тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат.

Бишкектин  ирригация  системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түштүк Чоң Чүй  каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. Кара жыгач багында жана Бишкек Эркин Экономикалык Аймагында (ЭЭА) көлмөлөр бар.

Шаардын түштүк бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түндүк (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түндүк бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түштүк жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эпемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.

Шаар калкынын саны 2009 ж. Жалган Курандагы эл каттоо боюнча 835,743 миң адам болуп, республикадагы калктын 15,6 %ын түзгөн.

Шаарда 1940 ж. 104,5 миң калк жашаса, 1950 ж. 218,0 миң, 1979 ж. 535,5 миң, 1989 ж. 619,9 миң, 1999 ж. 762,3 миң калк болгон.

2019 ж. 1 027,245 миң калк жашап, анын 1 022,721 миңи (99,6%) шаарда, 2,39 миңи (0,4%) шаардын чет-жакасындагы Орто-Сай айылында жашайт.

Эркектер жалпы калктын 46,3%ын, аялдар 53,7%ын түзөт. 2019 ж. үйлөнгөндөрдүн саны 6695 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 7,7, ажырашкандар 1870 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн.

2019 ж. Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 28,8, өлгөндөрдүн саны 4,7, табигый өсүш 22,912 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 21,7 өлүмгө дуушар болгон.

2019 ж. жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек шаары боюнча 7017 адамды түзгөн. 2009 ж. шаар боюнча жалпы калктын 24,4% эмгекке жарамдуудан жаш, 65,8% эмгекке жарамдуу, 9,8% улуу муундагы адамдар болгон.

Улуттук курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаарда Кыргыздар (66,2%), Орустар (23,0%), Уйгурлар (1,6%), Татарлар (1,5%), Корейлер (1,4%), Өзбектер (1,4%), Казактар (1,1%), Украиндер (0,9%), Дуңгандар (0,5%) ж. б. жашайт

Бишкек шаарынын калкынын 2002 жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азайуу 6913 адамды түзгөн.

Кыргыз ССРинин Борбордук банкы, 1927

Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4 миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Темир доорунун башталышы менен Кыргызстандын аймагында сак (б. з. ч. 7–3 кылымдары) жана усун (б. з. ч. 3-кылым – б. з. 5-кылым) уруу бирликтери түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот.

Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган түрк уруулары мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаар чалдыбары (7–12 кылымдары) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13 кылымдары), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан.

Бишкек шаарынын нөлдүк километри

Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби Бишкек чебинин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-кылымындан 15-кылымдын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайра жанданып, тиричилик 18-кылымга чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-кылымында солто уруусунан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-кылымдын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган.

Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борбор бөлүгүндө курулган чеп — Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар Пишпек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6га жерди ээлеген. Борбор Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-жылы 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-жылы сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-жылы анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-жылы ат-почта бекети курулган. 1868—70 жылдары шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар акимий жактан Ала-Тоо округунун (борбору — Верный шаары) начальнигине баш ийген, 1865–67 жылдары Түркстан дубанына, кийин Токмок уездинин курамында Жетисуу облусуна кирген. 1878-жылы 29-апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-жылы 18468 жеткен. Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а.и. тегирмендер 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. 1883-жыды булгаары заводу, 1885-жылы сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда ө.ж-га караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-жылы алгачкы чакан оорукана менен дарыкана ачылган. 1879-жылы приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-жылы жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган. Орусияда февраль буржуазия-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1917-жылы мартта Бишкек солдат жана жумушчу депутаттар кеңеши уюшулуп, анда чечүүчү позициянын Убактылуу өкмөттү колдогон меньшевиктер менен эсерлер ээлеп алышкан. 1918-жылы 7-январда Бишкектеги жана уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн. 1924-жылы 14-октябрдан Бишкек — Кара Кыргыз АОсунун (1925-жылы 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-жылы 1-февралдан Кыргыз АКСРинин борбору, 1926-жылы 12-майдан Фрунзе деп аталган. 1936-жылы 5-декабрдан Фрунзе — Кыргыз КСРинин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Республиканын борбору), 1938-жылы Бишкекте 3 акимий район Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов райондору түзүлгөн. 1961-жылы шаарга Кызыласкер, Привокзальный (Попеновка), Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көк-Жар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоңарык, Ортосай айылдары кошулган. 1974-жылы жаңы акимий район Октябрь район түзүлгөн. Кеңеш доорунда Бишкек шаарынын саясий-коомдук, социалдык-экономиалык жана маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду. 1924-жылы алгачкы кыргыз газети «Эркинтоо» чыккан. 1926-жылы мамлекеттик басмакана менен музей түзүлгөн. 1932-жылы педагогика, 1938-жылы зооветеринария, 1939-жылы медицина институттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири өнөр жай ишканалары курулган. Бишкекке Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Украинадан, Орусиядан бир катар ө. ж. ишканалары көчүрүлүп келинген. Азыркы учурда базар экономикасына багыт алуунун натыйжасында шаардагы өнөр жай ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамл-тин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кыргызстандын дүйнө элдери менен байланышы кеңейүүдө.

VII-кылымындан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылында Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаасы эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошоо курулган. Орус аскерлери калааны 2 жолу (Аяк оона айынын (сентябрь) 4, 1860 жана тогуздун айынын (октябрь) 24, 1862) басып алышкан. 1862-жылдын Жетинин айында (ноябрь) калаа талкаланган. Эки жыл өткөндөн соң, анын ордуна *казак пикети орнотулуп, кийинчирээк базар чогула башталды. 1868-жылы Пишпек аттуу конуш курулган. Чын куран айынын (апрель) 29, 1878-жылы уезддын (Жети-Суу дубаны) борбору Пишпеке которулган. Ошол учурдан бери Пишпек (Бишкек) шаар наамдын ээси.

Тогуздун айынындан (октябрь), 1924-жылындан, Кара-Кыргыз Өзэрктин (автономия) акимий борбору. Бугу айынан (май), 1925-жылдан - Кыргыз Өзэрктин (автономия) борбору. 1926-жылы кеңештик (советтик) аскербашынын, Михаил Фрунзенин, аты коюлуп Фрунзеге өзгөрүлгөн. 1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылы, эгемендүү Кыргыз Республикасында, шаардын аты кайрадан Бишкекке өзгөрүлгөн. Бир уламыш боюнча шаардын жаңы аты, XVII-кылымында бул жерде жашаган Бишкек-Баатырдын атынан чыккан. Башкасы боюнча - Пишпектен (биринчи аты) жана Бишкек (маанилештери:жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк).

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири

Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык жактан башка дубандарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Республикасынын борбору катары өзгөчөлөнгөн аймак. Шаарда өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактар өнүккөн.

Кийинки жылдары, Кыргызстанда жана анын аймактарында өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экономикалык реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү. 2003-жылдын 1-январына карата, статистикалык бирдиктин мамлекеттик регистрине киргизилген ээлик кылуучу (юридикалык жактар) ишкана, уюм жана мекемелердин катталган саны 23531 (а.и. иштегендери 19902) болгон. Алардын ичинен менчиктин формалары боюнча 1240 (842) мамлекеттик, 399 (240) коммуналдык, 21956 (8820) жеке менчикке таандык. Ал эми жалпы 23531 субъектилердин түрлөрү боюнча: 21813 (8527) чакан ишканалар, 1049 (771) орто жана 669 (604) ири ишканалар.

"Жаннат" мейманканасы

Рыноктук шартка ылайыкташкан ушул ишканалар – өнөр жай, курулуш, транспорт, соода же тейлөөнүн башка тармактарына таандык. Өндүрүштү базар экономикасынын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында шаардын өнөр жайында дагы эң ири структуралык өзгөрүүлөр болду.

Өндүргөн продукциялары рыногун жоготуп, сатылбай калган өнөр жай ишканалары, айрыкча Бишкектеги машина куруу тармагынын ири ишканаларынын өндүрүшү токтотулду же аларды башка өтүмдүү буюмдарды жасоого толук кайра курууга туура келди. Кээ бир ишканалар жарым жартылай иштеп калышты. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын өнөр жай өндүрүшү 1991—95 жылдары 4 эсеге төмөндөгөн.

Шаарда 1991-жылы чөп таңгактоочу машина жасоо 20 миң даанага жетсе, 1996-жылы анын 200 араң чыгарылган. Электр машиналар 1125тен, 64кө, металлды кесүүчү станоктор 1146дан 27ге, токулган кийимдер 16 млн даанадан 1,4 млн даанага, бут кийимдер 3,5 млн жуптан 380 миң жупка чейин кыскарган. Ошондуктан, өнөр жай өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Бишкектин республикадагы үлүшү 1991-жылы 31,0%тен, 1996-жылы 20,7%ке чейин азайган. Ал эми, 1996-жылы шаардын өнөр жай өндүрүшүндөгү төмөндөө токтолуп, кайра жогорулоого багыт алды.

1995-жылга салыштырганда бир жылдык өсүш продукциянын көлөмү боюнча 3,0%ти түзгөн. Жогоруда белгиленген өзгөрүүлөргө карабастан, Бишкек шаары дагы эле Республиканын эң ири өнөр жай түйүнү катары белгилүү. 2002-жылы шаарында 125 ишкана иштеп, Кыргызстандын өнөр жайынын 20,0%ин же 8903,0 млн сомдук продукциясын өндүргөн. Анын ичинен кеңири керектелүүчү товарлардын үлүшү шаардын өнөр жай өндүргөн продукциянын 63,5%ин түзгөн.

Шаарда өнөр жай өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Алардын ичинен негизгилери машина куруу жана металл иштетүү (2000-жылы 445,9 млн сомдук продукция чыгарган), жеңил (576,6 млн), тамак-аш (1877,3 млн) өнөр жайлары жана электрэнергетика (996,6 млн сом) негизги орунду ээлеп, алар 2000-ж. жалпы өнөр жайдын 60%тен көбүрөөк продукциясын өндүргөн. Ушул тармактардын республикадагы үлүшү дагы жогору. 2000-жылы шаардын машина куруу өнөр жай Республиканын ушул тармагы өндүргөн продукциянын 26,2%ин, тамак-аш 29,0%ин жана жеңил өнөр жай 23,5%ин чыгарган.

Түштүк дарбазадагы сейил-бак (Южные ворота)

Бишкектин ири өнөр жай ишканалары:

  • Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ, 2000-жылы 454,3 млн сомдук продукция өндүргөн),
  • «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (386,6 млн),
  • «Дастан» корпорациясы (302,1 млн), камволдук-нооту (174,3 млн),
  • «Кока-Кола – Бишкек – Ботлерс» ишканасы (162,0 миң),
  • «Бишкек дан-азык» (52,5 млн);
  • Бишкек машина куруу заводу (110,4 млн),
  • «Бишкексүт» (114,6 млн),
  • «Таттуу» (29,0 млн),
  • «Кыргызшампаны» (46,9 млн),
  • «Кыргызавтомаш» (55,6 млн),
  • «Жылдыз» (10,1 млн),
  • «Байпак» (9,0 млн),
  • «Бишкек темир-бетон заводу» (37,8 млн сом),
  • «Булгаары» биргелешкен ишканасы (14,3 млн) акционердик коомдору ж.б.

Өнөр жайдын негизги продукциялары:

  • электроэнергия (2002-жылы 1060 млн кВт/с),
  • касса аппараттары (72 даана),
  • автомобиль радиаторлору (178,2 даана),
  • мебелдер (172,0 млн сом),
  • бетондон жасалган курама курулуш конструкциялары (59,4 миң т),
  • кыш жана плита материалдары (16,3 млн даана),
  • токулган кийим (15,6 миң даана),
  • жүн кездемелери (374 миң м3),
  • байпактар (3793,6 миң жуп),
  • бут кийимдер (37,9 миң жуп),
  • эт (6,3т), сүт (17,4 миң т),
  • пиво (4722 миң дикалитр),
  • шампан (260 миң дикалитр),
  • коньяк (27,5 миң дикалитр),
  • сигарет жана папиростор (3168,6 даана),
  • ун (27,2 миң т), нан азыктары (41,3 миң т),
  • чай (2,7 миң т) ж. б.

Көпчүлүгү, айрыкча машина куруу жана жеңил өнөр жай тармактарынын продукциялары чет өлкөлөргө сатылып, алар менен экономикалык байланыш түзүүдө жана Республиканын өнүгүшүндө Бишкек шаарынын мааниси зор. Экспортко сатылган продукциялардын көлөмү 2002-жылы 312,9 млн АКШнын долларын (Республиканын экспортунун 64,4%) түзүп, региондордун ичинен биринчи орунда болгон. Ошол эле мезгилде башка өлкөлөрдөн сатып алынган калк кеңири керектөөчү продукциялардын, башкача айтканда импорттук көлөмү 363,9 млн долларга жетип, импорттун 62,0%ин түзгөн. Натыйжада, Бишкек шаарынын өзүнүн бюджетин өзү толук каражаттоо менен Республиканын бюджетин толуктоодо зор салымы бар.

Башка аймактардан айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат.

Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орто көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-жылы шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орто көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй дубанынын Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-жылы 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.

Маданий турмушу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Улуттук китепкана
Опера жана балет театры

Бишкек шаары Республиканын илим, билим, саламаттыкты сактоо, көркөм өнөр жана маданият мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул республикада эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-жылы 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орто көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү ж. б. жайгашкан.

Космопарк

Алар: «Достук», «Аккеме», «Саякат», «Ысык-Көл», «Семетей», «Бишкек», «Ала-Тоо», «Хаятт», «Эльдорадо» ж.б. мейманкалар, «Ош», «Аламүдүн», «Баткен», «Ортосай», «Аларча-2», «Дордой», «Кудайберген» ж.б. базарлар, «Айгүл», «Айчүрөк», «Береке», «Берекет», «Бешсары», «Диньчинь», «Жаңылык», «Миңтүркүн», «Сейтек» ж.б. соода дүкөндөрү жана комплекстери д. у. с. Бишкек шаарында 22 ири китепкана иштеп, аларда 7208 миң нуска китеп болгон. Шаарда 7 театр, анын бири опера жана балет театры, экөө мамл. драма театры, 1 филармония, 3 клуб жана маданият мекемелери, 10 кинотеатр жана 11 музей иштеген. Ошондой эле шаарда мамлекеттик эмес бир нече театрлар ж.б. маданияттык мекемелер ачылган. Бишкек Кыргыз Республиканын саясий борбору болгондуктан өлкөнүн башкаруу бийликтери — Президенттин администрациясы, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Республикалык сот жана прокуратура, ошондой эле төртүнчү бийлик деп саналган басма каражаттары – гезит, журналдар, радио жана телекөрсөтүүчү мекемелер шаарда жайгашкан. Ошондой эле Бишкекте ондон ашык чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү иштейт. Алар: АКШ, Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия ж.б.

Бишкек-2

Темир жол каттамдары үч темир жол станциялары аркылуу жургүзүлөт: Пишпек, Бишкек жана Аламедин. Жүргүнчүлөрдүн жана жуктөрдүн негизги агымы Орусиянын шаарларына бет алышат, Казакстандын аймагы менен. Жергиликтүү шаар аралык жана жакынкы аймактарга да каттамдар бар.

Шаардык транспорттун дагы бир түрү болуп, троллейбустук система болуп эсептелинет. Тарыхка кайрылсак, 1951-жылдын 13-январында ачылган. 8 маршрут боюнча азыркы күндө 167 троллейбус иш алып барат (161 даанасы жүргүнчү ташуу үчүн, 6 даанасы үйрөтүүчү жана атайын кызмат көрсөтүүчү). Баасы 11 сом (2023 жыл)

Шаарда жеңил метро жана электропоезд түзүлөөрү күтүлүүдө.

Автомобилдик (Автоунаа)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын коомдук транспортунун негизги түрлөрү болуп: автобустар, маршруттук таксилер, таксилер эсептелинет.

Маршруттук таксилер жургүнчулөрдүн көпчулүк бөлүгүн тейлейт, бир нече ишкана иштейт.

Жеңил машиналардын саны 2000-жылдан 2011-жылга чейин 3 эсе, автобустар 2 эсе өскөн.

Шаардын көчөлөрү оңдолуп, жаңы жолдор да салынууда.

Шаар аралык байланыш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көлгө Бишкектен, жайында өзгөчө, автобустардын жана миниавтобус, таксилердин агымы көбөйөт. Көлгө чейин поезд менен да барса болот, Балыкчы шаарына чейин.

Жаңы салынган "Манас-2" аэропорт терминалы

Бишкектен Кыргызстандын башка шаарларына чейин көптөгөн маршрут менен автобустар каттайт. Аларды шаардагы эки автобекет тейлейт: Батыш (жаңы) жана Чыгыш (эски) автобекет болуп.

Аэропорт (Абабекет)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкек шаарынын административдик аймагында жайгашкан эл аралык «Манас» аэропорту шаардан 23 км алыстыкта жайгашкан. Аэропортту кыргыз элинин улуу эпосунун башкы каарманы — Айкөл Манастын атынан коюлган. Бул аэропорт шаарды, ошондой эле Чүй дубанынын чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-жылы Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. ЭГАУнун (ИКАО) классификациясына ылайык, аэропорт 4Е классында. Учуп-конуу тилкеси 4,2 км. Ал кандай самолет болбосун, кабыл ала алат дегендик, аба ырайынын эң татаал мезгилинде дагы. Перрондун (башка самолеттор токтоо үчүн жай) жалпы аянты — 242 миң м². Жаңы терминал курулган.

Бишкек тогуз жолдун тоомунда жайгашып, өлкөдөгү эң ири транспорт түйүнү болуп да саналат. Эң ири автомагистралдары:

  • Бишкек–Ош-Исфана,
  • Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт–Кашкар (Кытай),
  • Бишкек–Балыкчы–Каракол,
  • Бишкек–Алматы (Казакстан),
  • Бишкек–Карабалта–Тараз (Казакстан)–Ташкен (Өзбекстан) автоунаа жолдору ж. б.

Архитектурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кечки Бишкек, Ала-Тоо аянты

Бишкектин архитектурасы 1878-жылдан башталат, себеби Верный шаарында (Алматы) генерал Г.А.Колпаковский Бишкектин генералдык планына кол койгон.

1925-жылы ал кездеги Пишпек калаасына чехословакияк комунисстерден түзүлгөн "Интергельпо" кооперативи шаардын архитектурасынын өнүгүшүнө зор салымдарын кошушкан. Биринчилерден болуп кооперативдик ишканаларды куруп, "Жумушчулар Шаарчасын" кура башташкан (бул шаарчанын планировкасы шакекчелик система болгон, ошону менен шаардын башка райондорунан өзгөчөлөнүп турган.Согуштан кийинки жылдары курулуш иштери мурункудай бойдон улана берген, бирок жаңы, кооз үйлөр салынып, шаар көркүнө келе баштаган. Уникалдуу имараттар пайда болгон, биз аларды "Сталиндик стиль" деп атап калганбыз.

1950-жылдары шаардын аймагына аз кабаттуу үйлөрдү салууга тыюу салынгандан баштап, көп кабаттуу үйлөр салынып, индустриалдык методдор менен шаар салууга чоң түрткү болгон.

Бишкектеги жаңы курулуп жаткан имараттардын бири

1960-жылдары элде айтылып калгандай "хрущевкалар" 4-5 кабаттуу чоң панелдик үйлөр курула баштаган. Ушул жылдары эң эле оптималдуу вариант болуп, көп кабаттуу кичирайондорду куруу болгон. Анткени жылдан-жылга шаар тургундарынын саны өсүп турган. Кийинки жылдары кичирайондордун аймагына жеке турак жайлар курула баштаган. Башаламандык куруулар балдар бакчасынын, мектептердин, сейил-бактардын территориясына салынып, көп кичирайондордун көрүнүшүн бузушкан.

Эң акыркы кичирайон болуп, 12-кичирайон курулган. Бишкектин аймагына 50гө жакын кичирайон каралган, бирок 90-жылдары ал аймактарда массалык жерлерди тартып алуулардан кийин салынбай калган.

2000-жылдан баштап, шаардын ичинде көп кабаттуу үйлөр салынып, бирок шаар куруунун эрежелери сакталган эмес.

Административдик-аймактык бөлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча 4 районго бөлүнгөн. Калкынын саны – 2009 жылкы эл каттоо жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн.

Ленин районуна Чоӊ-Арык айыл кеӊеши карайт. Чоӊ-Арык айыл кеӊешине шаар тибиндеги Чоӊ-Арык айылы, Орто-Сай айылы жана аэропортко жакын жайгашкан Манас айылынын жарымы карайт.

Район башчылары акимдер болуп эсептелет. Акимди мэрия жана шаар кеӊеши дайындайт. Акимиат — район администрацисы болуп эсептелет.

Шаардын аянты - 160 чарчы чакырым.

Район Калктын саны (миң) Аянты (га)
Ленин 187,4 4373
Октябрь 219,2 3200
Биринчи Май 158,3 4715
Свердлов 207,1 2920

Акимдик бөлүнүшү - 4 район.

Ленин районунун курамына Чоң-Арыктын айыл кеңеши кирет. Чоң-Арыктын ичине ШТА (ПГТ) Чоң-Арык жана Орто-Сай айылы киришет.

Массалык маалымат каражаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарнама гезиттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Что? Где? Почем?», «Витрина», «Купи-Продай»

  • Премиум-класстагы эркектердин интелектуалдуу журналы #ONE MAGAZINE Archived 2022-01-27 at the Wayback Machine
  • Акылдуулар жана ийгиликтүүлөр үчүн жылмалуу журнал "for Woman"
  • Англис жана орус тилдериндеги «Blife» журналы
  • Ата-энелер үчүн журнал «Маленькая радость» Archived 2017-11-09 at the Wayback Machine
  • Журнал «Праздничный Коктейль»
  • Орус жана кыргыз тилдериндеги жылмалуу айымдар журналы «Бишкекчанка» Archived 2017-02-19 at the Wayback Machine
  • Орус тилиндеги «БиСтар» — жылмалуу журналы

Маалымат агенттиктери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку Окуу Жайлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Бишкек шаарындагы соода борборлорунун бири

Шаардын символдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын герби 1908-жылы 19-мартта бекитилген. Ал кезде бүткүл Кыргызстан Орус империясынын курамында болчу, Пишпек шаары Жети-Суу областында эле.

Фрунзе шаарынын герби 1978-жылы шаардык Эл кеңешинин депутаттары бекитишкен. «Фрунзегорпроекттин» ишкерлери Г. Мулявин жана А. Согонов тарткан сүрөт шаардык 100-жылдыгына карата өткөрүлгөн ачык конкурста жеңип чыккан. Ал гербдин өңдөрү ак, кызыл,ультрамарин, жашыл, коло түстө болгон.1978-жылдан 1991-жылга чейин эч өзгөрүүсүз турган гербдин ылдый жагында турган Фрунзе деген жазууну "Бишкек" деген жазууга алмаштырышкан.

Бишкектин жаңы гербин 1994-жылы график М. Асаналиев жана философия илимдеринин кандидаты С. Иптаров тарабынан сунушталган герб жактырылган. Ал кездеги шаар мэри Ф. Кулов жаңы герб тууралуу демилгени көтөрүп чыккан.

Боордош шаарлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкектин боордош шаарлары болуп төмөнкүлөр саналат:

Пайдаланылган адабияттар:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул көчөсүндө заманбап имарат
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977—1980. Т.1-6.
  1. https://kaktus.media/doc/493330_naskolko_vyrastet_naselenie_bishkeka_posle_yvelicheniia_ego_territorii_dannye.html