Эркин экономикалык аймактар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эркин экономикалык аймактар (ЭЭА) — Республиканын район, шаар, облустарында бир катар экономикалык женилдиктер берилип, атайын бөлүнгөн жерлер. ЭЭАны түзүүнүн негизги максаты: чет элдик инвестицияларды тартуу; сапаттуу жана экспорттук продукцияларды өндүрүү; жумушчу орундарын түзүү; жаңы технологияларды өздөштүрүү; прогресске жана пайда табууга багыт алуу; калктын турмуш деңгээлин жакшыртууга салым кошуу.

Кыргндагы экономиканын түзүмүн өзгөртүү шартында эркин экономикалык аймактарды түзүү жана өнүктүрүү чет элдик инвестицияларды тикелей тартуунун негизги багыттарынын бири. Учурда республиканын аймагында «Нарын» (Нарын облусу), «Каракол» (Ысык-Көл облусу), «Бишкек» (Бишкек шаары жана Чүй облусу), «Маймак» (Талас облусу), эркин экономикалык аймактары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]