Мазмунга өтүү

Нарын облусу

Нарын облусу
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

 Кыргызстан

Статусу

Облус

Административдик борбор

Нарын

Ири шаары

Нарын

Негизделген күнү

21-ноябрь 1939-жыл

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Эргешов Алтынбек Калдарович

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы (6)

312,100 (6-орунда)

Жыштыгы

6,8 адам/км² (7-орунда)

Аянты

45 200 км² (1- орунда)

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • Орточо бийиктиги
 • Эң төмөнкү чекити



 5 100 м
 2 600 м
 1 500 м

Тууралыгы

232 км

Узундук

260 км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+06:00

Коду ISO 3166-2

KG-N

Почта индекси

722500-722900

Интернет-домени

.kg

Автоунаа номурунун коду

H, N, 05

Расмий сайты
Нарын облусу Уикиказынада


Нарын облусуКыргызстандын эң чоң облусу. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдагы 21-ноябрындагы буйругу менен Тянь-Шань облусу катары негизделген[1]. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын 14-декабрында кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.

Борбору — Нарын шаары.

Калкынын саны — 312,100 адам (2024-жыл)[2].

СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгынын негизинде 1939-жылдын 21-ноябрындагы, борбору Нарын шаары болгон Тянь-Шань облусу катары түзүлгөн. Алгач курамына 6 районду (Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын жана Тогуз-Торо) жана облустун карамагындагы бир шаарды камтыган[1]. 1944-жылы Куланак жана Чолпон райондору түзүлгөн (кийинчерээк, 1958-жылы Куланак району жана 1956-жылы Чолпон району жоюлган)[3].

1962-жылы 30-декабрда Тянь-Шань облусу жана анын курамына кирген Жумгал жана Тогуз-Торо райондору жоюлган. Облусту түзгөн калган райондор Кыргыз ССРине түздөн-түз баш ийүүсүнө өткөн[3].

1970-жылы 11-декабрда Нарын шаарын жана Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Тогуз-Торо жана Тянь-Шань райондорунун курамына камтып, Нарын аталышында облус катары кайрадан түзүлгөн[3].

1988-жылы 5-октябрда Кыргыз ССРинин аймактык бөлүнүшүн ирилештирүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ысык-Көл облусу менен бириктирилген. Ошол эле иш-чаралардын негизинде Тогуз-Торо району Ош облусунун курамына өткөрүлүп берилген.

1990-жылы 14-декабрда Кыргыз ССРинин «Кыргыз ССРинин облустук бөлүнүшүн өркүндөтүү жана жаңы облустарды түзүү жөнүндө» мыйзамына ылайык кайрадан өзүнчө Нарын облусу катары бөлүнгөн[4].

1992-жылы 6-мартта Жумгал районунун Суусамыр айылдык кеңешин өз алдынча Суусамыр району болуп түзүлгөн (борбору Суусамыр айылы деп кабыл алынган). 1994-жылы 28-майда Суусамыр району Чүй облусунун курамына өткөрүлүп берилген[5].

2004-жылы 24-июнда Тянь-Шань району Нарын району деп аталып, облустун борбору Нарын шаары Нарын районунун курамынан облустук баш ийүүсүнө чыгарылган[6].

Облус Кыргызстандын түштүк-чыгышында жана борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жалпы аянты 45,200 км² түзүп, Кыргызстандын аймагынын 1/4 бөлүгүн ээлейт.

Нарын облусу чыгышына Ысык-Көл, түндүгүнөн Чүй, түндүк-батышынан Жалал-Абад, түштүк-батышынан Ош облустары менен, түштүгүнөн Кытай Эл Республикасы менен чектешет.

Нарын облусунун басымдуу аймагындагы пейзаж

Облус тоолуу аймакта жайгашканына байланыштуу, рельефи татаал келип, аймагынын 95% деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан жана аймагынын 70% тоо кыркалары ээлейт. Алардын эң ирилери: Какшаал (узундугу 582 км созулган эң ири тоо кыркасы, Кытай жана Кыргызстанды бөлүп турат), Ат-Башы, Нарын, Жетим, Молдо-Тоо, Суусамыр[7].

Облустагы тоо системасы өзүнө бийик (Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Кара-Коюн, Чатыр-Көл, Соң-Көл) жана орто тоолуу (Жумгал, Кочкор, Миң-Куш, Орто Нарын) субкеңдиктүү созулган тоо ойдуңдарынын кезектешүүсүн, ошондой эле, аны курчаган, Молдо-Тоо, Жумгал-Тоо, Ат-Башы, Жаман-Тоо, Нарын, Соң-Көл, Торугарт, Какшаал тоо кыркаларынан турган тоо системасын камтыйт[7].

Ойдуңдардын түбүнүн абсолюттук бийиктиги ар кандай: бийик тоолуу өрөөндөрдө деңиз деңгээлинен 3000 метрден 3800 метрге чейин, орто тоолуу аймактарда — 1500 метрден 2600 метрге чейин. Кыркалардын орточо бийиктиги 3600 метрден 4500 метрге чейин вариацияланат. Өзүнчө жайгашкан тоо чокулардын бийик чекиттери 5100 метрден жогору. Эң бийик жери — Данкова чокусу (5982 метр). Тоо кыркалары көптөгөн өрөөндөр менен бөлүнүп турат[7].

Тоо арасындагы өрөөндөр өз ара каньон сымал терең капчыгайлар менен кошулган (диагоналдуу кошулмалар менен бөлүнгөн) аймактарды элестетет. Чыгыштан батышты карай рельефтин бөлүк-бөлүк болуусу күчөйт. Облустун чыгыш бөлүгү жантайма-дөңсөөлүү мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрү менен мүнөздөлөт. Рельефтин бийиктиктик алкатуулугу бир нече табигый алкактарды калыптандырат: чөл жана жарым чөлдөн тарта альпы алкактарына чейин[7].

Өрөөндөрдүн ириси — Нарын өрөөнү. Ак-Шыйрак тоо кыркасы Нарын өрөөнүн экиге бөлүп турат: Алабуга жана Тогуз-Торо болуп. Ат-Башы тоо кыркасынын түштүгүндө Аксай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү, батышында Арпа өрөөнү жайгашкан. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шыйрак, Ала-Мышык тоолоруна чукул жантаймалар, кыска капчыгайлар мүнөздүү. Облустун түндүгүндө Кара-Жорго, Соң-Көл, Кабак, Жумгал тоо кыркалары жана тоо аралык Жумгал, Кочкор өрөөндөрү орун алган[7].

Облустун климаты континенталдуу, кышы суук жана узак[8]. Сутка ичинде температуранын чукул өзгөрүүлөрү мүнөздүү, жайкысын да үшүк жүрүшү мүмкүн. Орточо жылдык жаан-чачындар түздүктөрдө 200-300мм түзүп, тоолордо кичине көбүрөөк. Жаан көп жааган мезгил жаздын экинчи, жана жайдын биринчи жарымына туура келет. Бул учурда жылдык жаан-чачындын 30-60% түшөт. Өрөөндөрдө жаандын көлөмү батыштан, чыгышты карай көбөйөт. Кардын жалпы орточо калыңдыгы Нарын жана Жумгал өрөөндөрүндө 15-20см түзөт, ал эми Арпа өрөөнүндө 60см чейин жетет. Албетте тоолордо 2-3метр калыңдыктагы карлар түшөт бирок мындай кар бардык жакка тегиз түшпөйт. Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын айынан кар азыраак[9].

Климаттык аймакташтыруу боюнча Нарын облусу Ички Тянь-Шанда орун алган. Ички Тянь-Шанды шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүүгө болот: түндүк, борбордук жана түштүк-чыгыш:

  • Түндүк бөлүгү өзүнө бийиктиктерде жайгашкан жана өзүнө гана таандык климатке ээ болгон Кочкор жана Соң-Көл ойдуңдарын камтыйт. Кочкор ойдуңу кургакчыл климат менен айырмаланат, өзгөчө жылдын муздак мезгилинде, мында ага жылдык жаан-чачындын 10% гана туура келет. Жылдык жаан-чачындын саны — 200 мм. Жаан-чачындардын көпчүлүгү май айында, эң азы декабрь, январь, февраль айларында болот. Кышкы кар каптамынын орточо бийиктиги 10 см төмөн, ойдуңдун төмөнкү бөлүгүндө кыштын 50% учурлардында дээрлик кар жаабайт. Абанын орточо жылдык температурасы -4 °C. Кышы суук, узактыгы 120-130 күндү түзөт. Орточо минималдуу температура -19 °C, абсолюттук минимум -36 °C. Орточо суткалык температурасы +10 °C жогору болгон жылуу мезгилдин узактыгы 130-135 күн. Айрым жылдары июндун ортосунда жана августтун аягында үшүк жүрүүлөр байкалат. Июль айынын орточо температурасы +16 °C, орточо максималдуу температура +24 °C, абсолюттук максимум +35 °C. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан Соң-Көл ойдуңу муздак, мелүүн-нымдуу климат менен айырмаланат. Кышы суук, кардуу. Кар каптамы 180-200 күн жатат, айырым жерлерде анын калыңдыгы 1 метрге чейин жетет. Абанын орточо минималдуу температурасы -28...-30 °C. +10 °C жогору болгон абанын орточо туруктуу температуралык мезгили дээрлик жокко эсе.
  • Ички Тянь-Шандын борбордук бөлүгү өзүнө Нарын жана Ат-Башы ойдуңдарын камтыйт. Нарын ойдуңу — Ички Тянь-Шандын эң ириси. Түбүнүн деңиз деңгээлинен бийиктиги чыгышында — 2200 метр, батышында — 1500 метр. Жетишээрлик нымдуу климаты менен айырмаланат. Жаан-чачындардын жылдык саны 270-280 мм, алардын 75% жылуу мезгилде жаайт. Жаан-чачындардын максимуму май-июнь айларына туура келет, минимуму — январь-декабрь айларында. Кышы аз кардуу, кар каптамынын орточо калыңдыгы 24-27 см, кардын турушунун узактыгы 115-120 күн. Абанын орточо жылдык температурасы 2-3 °C жылуу. Кыш 140-150 күнгө созулат. Январдын орточо температурасы -17 °C, орточо минималдуу температура -22 °C, абсолюттук минимум 38 °C. Күнүмдүк орточо температурасы 10 °C болгон эң жылуу мезгилдин узактыгы 154-152 күн, төмөнкү аймактагы үшүксүз мезгилдин узактыгы 120-150 күн, бийиктиктерде 80-90 күн. Июлдун орточо температурасы +17 °C, орточо максималдуусу +24 °C, абсолюттук максимум +35 °C. Ат-башы ойдуңу деңиз деңгээлинен 2000-2400 метр бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарттар Нарын ойдуңуна окшошуп кетет бирок, төмөнүрөөк температуралары менен айырмаланат. Деңиз деңгээлинен 2000-2200 мерт бийиктикте жайгашкан ойдуңдун төмөнкү аймактарында жылына 280-350 мм жаан-чачын түшөт, 2500-3000 метр бийиктиктерде жылдык жаан-чачындардын саны 400-450 ммге чейин жогорулайт. Булардын 75% жылдын жылуу мезгилдеринде жаайт. Максимуму июнь айына туура келет, минимуму — декабрь, январь айларында. Кар каптамы 100-120 күндөй турат, орточо калыңдыгы 30-40 см. Абанын жылдык орточо температурасы +1°C. Кышы суук жана узак, орточо 145-150 күн. Январдын орточо температурасы -19...-20 °C, орточо минималдуу температура -25 °C, абсолюттук минимум -44 °C түзөт. Абанын орточо күнүмдүк температурасы +10 °C болгон эң жылуу мезгилдин узактыгы 130 күндүн айланасында созулат, үшүксүз күндөр 116нын айланасында. Июль аянын орточо температурасы +15...+16 °C, орточо максималдуу температура +24 °C, абсолюттук максимум +36 °C.
  • Ички Тянь-Шандын чыгыш бөлүгү Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүн бириктирет. Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрү бийик тоолуу сырт түздүктөрүн элестетет. Четки чекиттеринин абсолюттук бийиктиктери деңиз деңгээлинен 2750-3800 метр. Өрөөндөрдүн климаттык шарттарын муздак деп мүнөздөөгө болот бирок, Арпанын климаты салыштырмалуу жумшагыраак. Жаан-чачындын жылдык саны 170 ммден 400 ммге чейин. Деңиз деңгээлинен 3000-3135 метр бийиктикте жайгашкан Арпа, Ак-Сай метеостанцияларынын аймагында жаан-чачындардын саны 257-263 мм түзөт. Кышы мелүүн кардуу, кар каптамынын калыңдыгы 25-35 см, каптамдын туруу мезгилинин узактыгы 145-150 күн. Абанын орточо жылдык температурасы -5...-8 °C. Кышы катаал. Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандын «муздак уюлу» деп саналат. Суук мезгилдин узактыгы 198-200 күн. Январдын орточо температурасы -23...-29 °C, орточо минималдуу температура -32...-36 °C, абсолюттук минимум -52...-54 °C[10]. Арпа өрөөнүндөгү орточо күнүмдүк температурасы 10 °C жогору болгон жылуу мезгилдин узактыгы 20-23 күндү түзөт, Ак-Сайда дээрлик жокко эсе. Июлдун орточо температурасы +8...+10 °C, орточо максималдуу температура +16...+18 °C, абсолюттук максимум +28...+30 °C.
Көл-Суу
Соң-Көл
Чатыр-Көл
Нарын дарыясы

Нарын облусунун негизги дарыялары катары Сыр-Дарыя бассейнинин дарыялары саналат, алар Чоң Нарын жана Кичи Нарын дарыялары, алардын кошулуусунан пайда болгон Нарын дарыясы, ошондой эле, анын сол куймалары Ат-Башы, Терек, Жаман-Даван, Ала-Буга дарыялары, оң куймалары Он-Арча, Көкжерти, Көкөмерен жана анын кумасы Жумгал дарыясы. Чу дарыясынын бассейниндеги дарыялар: Кочкор, Кара-Кужур, Чыгыш Сөөк жана Каракол, Жоон-Арык. Кошумча Тарим бассейнинин дарыясы — Ак-Сай. Нарын облусунун аймагында эки ири көл бар: Соң-Көл жана Чатыр-Көл. Булар, тектоникалык чуңкурларда жайгашкан[11].

Айтылгандай эле суулары Сыр-Дарыя, Тарим, Чу бассейнинин дарыяларына жана Чатыр-Көл көлүнө куят. Эң ири Нарын дарыясы, облус аймагындагы узундугу 400 км ашык. Нарын дарыясынын негизги булактары Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабуга, Көк-Ирим, Көкөмерен суулары. Чу дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор дарыяларынын кошулуусунан пайда болот.

Нарын дарыясы Кыргызстан жана Өзбекстандын аймактары аркылуу өтөт. Кара-Дарыя менен кошулуп Сырдарыяны түзөт. Дарыянын узундугу 807 км (облус ичинде 400 км), бассейн аянты 59,9 миң чарчы км. Таш-Көмүр, Нарын, Үч коргон шаарлары аркылуу өтөт. Баш жагында аянты 91023,5 гектар болгон Нарын мамлекеттик коругу орун алган. Нарын дарыясынын болжолдуу 15% Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат, калганы Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт. Жалпы суу энергиясынын запасы боюнча Волга дарыясына жакын, Волга дарыясы 6,20 млн киловатт, Нарындыкы 5,94 млн киловатт[12].

Соң-Көл Ысык-Көлдөн кийинки Кыргызстандын ири көлдөрүнүн экинчиси, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 29 км, туурасы 18 км түзөт. Максималдуу тереңдиги 13,2 метр. Суунун орточо температурасы -3,5 градус, жайкысын 11 градуска чейин жылып, кышкысын -20 чейин муздайт. Көлдө сентябрь айынан июньга чейин муз тоңуп турат. 1959-жылга чейин көлдө бир дагы балык жок эле, андан кийин биологдор атайын балыктын чабактарын көлгө коё беришкен.

Кыргызстандын бардык суу запастарынын ири бөлүгү Нарын облусунда чогулган. Чатыр-Көл дагы Кыргызстандын ири көлдөрүнүн катарына кирип, Ак-Сай өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Кытай чек арасынын жанында орун алган. Тереңдиги 16,5 метр, ал эми суунун температурасы июль-август айларында 6-16 °C айланасында. Торугартка бараткан туристтер көлдүн жээгине көп токтошот. Көлдүн айланасындагы жер кыртышы саздак келет.

Нарын облусунун түштүк-чыгыш жагында теги муз-мөңгүлүү, бийик тоолуу Көл-Суу көлү орун алган. Көлдүн өңү ачык көк, жашыл сыяктуу болуп, айланасындагы тоолор менен мыкты түстүү айкалышта. Көл уранды түрдө болуп, тоо жарларынын ортосунда пайда болгон. Тоолор тосуп турганына байланыштуу, көлдүн аркы жээги көрүнбөйт, ал үчүн кайык же кеме менен сүзүп өтүш керек. Көлдүн узундугу 9 км, туурасы 500метрден 2 км чейин. Көл-Суу кээде жоголуп, кээде пайда болуп калат, ушуга байланыштуу муну жергиликтүү тургундар сырдуу көл деп дагы айтышат.

Мөңгүлөр 4000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты болжол менен 500 км². Мөңгүлөрдүн көбү Какшаал кырка тоосунда жайгашкан. Эң ирилери болуп Ак-Сай, Ай-Талаа, Орто-Таш мөңгүлөрү.

Пайдалуу кендер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Облус аймагы кен байлыктарга бай келип, Жетим темир кени Орто Азияда жападан жалгыз кен. Ошондой эле, нефелиндик сиенит, коргошун, цинк жана алтын кендери бар. Кочкор өрөөнүндө ири туз таштарынын кени жайгашкан. Түрдүү курулуш кендери дагы аз эмес, алар: чопо, кум, шагыл, гравий, мрамор. Термалдык жана минералдык булактар бар. Мындан тышкары Кыргызстандагы ири Каракече[13][14], Миң-Куш көмүр кендери орун алган.

Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында жайгашкан Солтон-Сары алтын кени дагы азыркы учурда иш алып барууда[15][16].

Нарын өзүнүн түрдүү фаунасы менен да айырмаланат. Облуста сейрек канаттуулар жана жаныбарлар да мекендешет алар: кара кунас, ителги, бүркүт, көк жору, тоо казы, талаа бүркүтү, суу бүркүтү, аркар, кызыл карышкыр, жейрен, аюу, сүлөөсүн, ак илбирс ж. б. Булардын айрымдары кызыл китепке киргизилген, мисалы, илбирс (Panthera uncia), тоо казы (Anser indicus).

Нарын облусунун өсүмдүктөр дүйнөсү ар түрдүү. Тоо боорлорунда тик ландшафт алкактары байкалат. Тоо чөлдөрүнүн жана жарым чөлдөрүнүн алкактары өрөөндөрдүн түп жагында, тоо этектеринде, дарыялардын жээк аймактарын, Чатыр-Көл көлүнүн төмөнкү бөлүктөрүн ээлейт. Облуста энедемиктүү сейрек Тянь-Шань көк карагайы жана Туркестан арчасы өсөт. Чычырканак, эфедра, чөп чай, тегерек баш чөп, валериана өсүмдүктөрү да бар. Өсүмдүктөрдүн арасынан шыбак, эрмендер басымдуулук кылып, кез-кез бетеге, амаранта, эфемерлер, бадалдардын токойлору бар. Соң-Көл ойдуңу жана кээ бир бийик тоолуу өрөөндөр тоо-талаа алкагына таандык. Бул жерде тоо чөлдөрү, талаалары жайылып, мында бетеге, тарак баш, кобрезия, шыбак жана эфемерлер басымдуу кылат. Тоо боорлору, айланасындагы өрөөндөр субальпы алкагына тиешелүү. Тоо шалбаа жер кыртышында субальпы шалбалуу өсүмдүктөр бар. Токойлор жана бадалдар өскөн аймактар облустун 3% ээлейт.

Административдик-аймактык бөлүнүш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусунда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар.

Карта Аталыш Туу, герб Турукттуу калк
2021, адам[17]
Баш ийген айыл аймактар (а. а.) жана шаарлар[18] Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Ак-Талаа району
33 007 Ак-Тал айыл аймагы Ак-Тал а.
Ак-Чий айыл аймагы Ак-Чий а., Жаңы-Тилек а.
Баетов айыл аймагы Баетов а., Кайыңды-Булак а.
Жаңы-Талап айыл аймагы Жаңы-Талап а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Чолок-Кайың а.
Кара-Бүргөн айыл аймагы Кара-Бүргөн а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а., Ак-Кыя а.
Коңорчок айыл аймагы Коңорчок а.
Кош-Дөбө айыл аймагы Кош-Дөбө а.
Кызыл-Белес айыл аймагы Кадыралы а.
Терек айыл аймагы Терек а., Орто-Сырт а.
Тоголок-Молдо айыл аймагы Кара-Ой а.
Үгүт айыл аймагы Үгүт а., Байгөнчөк а.
Ат-Башы району
55 771 Ак-Жар айыл аймагы Ак-Жар а.
Ак-Талаа айыл аймагы Калинин а., Терек-Суу а.
Ак-Моюн айыл аймагы Ак-Моюн а., Бирдик а.
Ак-Муз айыл аймагы Ак-Муз а.
Ат-Башы айыл аймагы Ат-Башы а.
Ача-Кайыңды айыл аймагы Ача-Кайыңды а.
Баш-Кайыңды айыл аймагы Баш-Кайыңды а., Большевик а.
Казыбек айыл аймагы Казыбек а., Жыңы-Күч а.
Кара-Коюн айыл аймагы Кызыл-Туу а., Кара-Булуң а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Дыйкан а.
Талды-Суу айыл аймагы Талды-Суу а., Биринчи Май а., Өзгөрүш а.
Жумгал району жок 44 866 Байзак айыл аймагы Байзак а.
Баш-Кууганды айыл аймагы Баш-Кууганды а.
Жумгал айыл аймагы Жумгал а., Лама а.
Кабак айыл аймагы Табылгыты а., Арал а., Булуң а., Кең-Суу а., Котур-Суу а., Кызыл-Коргон а., Сары-Булуң а., Табылгы а.
Көк-Ой айыл аймагы Көк-Ой а., Кичи-Арал а.
Куйручук айыл аймагы Куйручук а.
Кызыл-Жылдыз айыл аймагы Кызыл-Жылдыз а.
Миң-Куш айыл аймагы Миң-Куш а., Кызыл-Сөөк а.
Сүйүмбаев айыл аймагы Таш-Дөбө а.
Түгөл-Сай айыл аймагы Түгөл-Сай а., Эпкин а.
Чаек айыл аймагы Чаек а., Ак-Татыр а., Беш-Терек а., Чукур-Аксеки а., Шортон а.
Чоң-Дөбө айыл аймагы Чоң-Дөбө а.
Кочкор району жок 67 363 Ак-Кыя айыл аймагы Кара-Суу а., Жаңы-Жол а.
Кара-Суу айыл аймагы Мантыш а., Ак-Талаа а., Кара-Мойнок а., Кызыл-Дөбө а., Орток а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а.
Кочкор айыл аймагы Кочкор а., Большевик а., Теңдик а.
Кош-Дөбө айыл аймагы Кара-Саз а., Кара-Күңгөй а.
Кум-Дөбө айыл аймагы Кум-Дөбө а., Ак-Жар а., Бугучу а., Шамшы а.
Сары-Булак айыл аймагы Ак-Кыя а., Сары-Булак а.
Семиз-Бел айыл аймагы Кара-Тоо а., Арсы а., Семиз-Бел а., Чекилдек а.
Соң-Көл айыл аймагы Төлөк а.
Талаа-Булак айыл аймагы Дөң-Алыш а., Комсомол а.
Чолпон айыл аймагы Чолпон а., Ак-Чий а., Ара-Көл а., Оро-Башы а., Осовиахим а., Тармал-Саз а., Туз а., Узун-Булак а., Эпкин а.
Нарын району жок 49 955 Ак-Кудук айыл аймагы Сегизинчи Март а., Ак-Кудук а., Шоро а.
Достук айыл аймагы Достук а.
Дөбөлү айыл аймагы Дөбөлү а., Алыш а., Кеңеш а.
Жан-Булак айыл аймагы Жан-Булак а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Жалгыз-Терек а., Кызыл-Жылдыз а.
Казан-Куйган айыл аймагы Казан-Куйган а., Кара-Үңкүр а.
Кара-Кужур айыл аймагы Лакол а., Жер-Көчкү а.
Миң-Булак айыл аймагы Куйбышев а., Миң-Булак а., Орнок а.
Он-Арча айыл аймагы Эчки-Башы а., Оттук а.
Орток айыл аймагы Таш-Башат а., Кайыңды а., Өрүк-Там а., Тамды-Суу а., Эки-Нарын а.
Сары-Ой айыл аймагы Сары-Ой а., Жылан-Арык а.
Учкун айыл аймагы Куланак а., Учкун а.
Чет-Нура айыл аймагы Орто-Нура а., Ак-Булуң а., Ак-Кыя а., Ийри-Суу а., Орто-Саз а., Өрүк-Там а., Төш-Булак а., Чет-Нура а.
Эмгек-Талаа айыл аймагы Ак-Талаа а., Тегерек а., Эмгек-Талаа а.
Эмгекчил айыл аймагы Эмгекчил а.
Нарын шаары
41 178 жок жок

2002-жылы облустун аймагында республиканын калкынын 5,2% и (257,9 миң) жашаган. Алардын 98,8% кыргыздар, калгандары орус (0,2%), өзбек (0,3%) ж. б. улуттар. Республикада калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,8 адам туура келет . Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак отурукташкан. Негизинен автомобиль жолдорду жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 18,1%ин түзөт (46,8 миң адам), алар Нарын ш-нда (41,4 миң), Достук (0,8 миң), Миңкуш (4,6 миң) шаарчаларында жашайт. Облустун ири кыштактары – Атбашы (11,9 миң), Кочкор (8,5 миң), Баетов (9,4 миң), Чаек (12,6 миң), Байзак (4,9 миң), Карасуу (4,1 миң), Кошдөбө (3,3 миң адам) ж.б. Облустун калкынын 42,7%ин эмгек курагына жете элек жаштар, 50,5%ин эмгек курагындагы адамдар, 8,8%ин улуу муундагы карылар түзөт. 2002-ж. атайын катталган жумушсуздардын саны 8,4 миң адамды түзгөн. Калктын миграциясы: облуска келгендер 2001-ж. 1388 адам, кеткендер 2575, миграциялык азаюу 1187 адамды түздү.

Облустун улуттук курамы:[19]
Саны
1989 жылы
% Саны
1999 жылы
% Саны
2009 жылы
% Саны
2016 жылы
%
баары 247 931 100,00 % 249 115 100,00 % 257 768 100,00 % 277 655 100,00 %
Кыргыздар 240 726 97,09 % 245 924 98,72 % 255 799 99,24 % 275 539 99,24 %
Өзбектер 1 345 0,54 % 863 0,35 % 568 0,22 % 589 0,21 %
Дунгандар 492 0,20 % 399 0,16 % 429 0,17 % 445 0,16 %
Уйгурлар 609 0,25 % 527 0,21 % 339 0,13 % 342 0,12 %
Казактар 470 0,19 % 294 0,12 % 215 0,08 % 207 0,07 %
Орустар 2 919 1,18 % 647 0,26 % 157 0,06 % 102 0,03 %
Татарлар 406 0,16 % 252 0,10 % 153 0,06 % 148 0,05 %
Украиндер 362 0,15 % 63 0,03 % 23 0,01 % 18 0,00 %
Түрктөр 2 0,00 % 30 0,01 % 15 0,01 % 16 0,00 %
Түркмөндөр 31 0,01 % 16 0,01 % 12 0,00 % 14 0,00 %
Башкырлар 34 0,01 % 14 0,01 % 8 0,00 % - 0,00 %
Немистер 68 0,03 % 19 0,01 % 2 0,00 % 3 0,00 %
башкалар 467 0,19 % 67 0,03 % 48 0,02 % 232 0,08 %

Белгилүү инсандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Нарын шаарындагы троллейбус

Экономиканын агро өнөр-жай сектору облустун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, калкты иш менен камсыз кылууда жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүдө негизги тармак болуп саналат[20].

Айыл чарбасы Нарын облусунун экономикасынын негизги тармагы болуп, бардык региондук дүң продукциянын үчтөн биринен көбүн камсыз кылат. Республиканын айыл чарба дүң продукциясынын 6,6%ын Нарын облусу берет[20].

Нарын облусунда мал чарбасы өзүнүн тарыхый багытын (кой чарбасы, бодо мал жана жылкы чарбасы) сактап, айыл чарбасынын 2/3 бөлүгүн ээлейт. Жаратылыш-климаттык ынгайлуу шарттар, кɵп сандаган жайыттар районду уяң жүн жана койдун этин өндүрүүгө адистештирүүгө мүмкүндүк берди. 2023-жылдын 1-январына карата бодо малдын саны 207 043 баш, кой-эчкилер 1 127 887 баш, жылкылар 142 493 баш болду. Малдын санынын динамикасын талдоо көрсөткөндөй, акыркы жылдары малдын саны өсүүдө: 2022-жылы бодо малдын, кой, эчки жана жылкынын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,7%га өскөн[20].

Айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жакырчылыкты кыскартуу маселесин чечүүдө эбегейсиз зор потенциалга ээ, ошондуктан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттары болуп саналат[20].

Нарын облусуна Кыргыз Республикасынын жайыттарынын үчтөн бир бөлүгү туура келет. Айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 2 780 453 га. Анын ичинен: 121 миң гектар айдоо, 120 миң 100 гектар сугат жер, 200 гектар көп жылдык плантация, 9400 гектар кайрак, 12500 миң гектар чабынды, 2638 миң гектар жайыт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана көп жылдык көчөттөрдүн айдоо аянты 111 миң 428 гектарды түзөт. Алар: дан эгиндери – 25060 га, буудай – 6000 га, арпа – 19000 га[20].

Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн түзүмү: өсүмдүк өстүрүү 25,5%, мал чарбасы -72,5%. 2022-жылы жеке ишканалар менен бирге 43 277 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган. Жылдан-жылга малдын, айрыкча кой, жылкы, бодо малдын саны өсүүдө[20].

2022-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 24683,6 млн сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,3%ды түздү. Нарын облусу мал чарбачылыгына адистешкен[20].

Аянты 747,4 миң гектарды түзгөн бийик толуу жайыттары топозду багуу үчүн абдан натыйжалуу. Жайыттардын тоюттук сыйымдуулугу, баалуу жана ар түрдүү продуктыларды: эт, сүт, тери, жүн, эт жана сөөк унун, ошондой эле медициналык максатта баалуу эндокриндик органдарды камсыз кылган 25 миңге жакын баш топозду кармоого мүмкүндүк берет[20].

2017-жылы мамлекеттик статуска ээ болгон асыл тукум чарбалардын саны 20 болсо, 4 жылдын ичинде, башкача айтканда, 2022-жылы асыл тукум чарбалардын саны 33кө жеткен. Бул малдын санына эмес, сапатына жылдан-жылга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын айгинелейт, башкача айтканда сандан сапатка өтүү принциби акыркы мезгилде райондун дыйкандары тарабынан активдүү колдоого алынууда. Бул чарбаларда учурда 8431 баш кой, 513 баш жылкы, 975 баш уй, 400 баш топоз бар[20].

Региондо малдын санынын көбөйүшү менен айыл аймактарда ветеринардык пункттарды уюштурууга да жыл сайын өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу алардын саны 10 ветеринардык клиникага көбөйүп, 45ке жетти[20].

Келечекте Нарын облусуна 5 млрд 201,0 млн сомго 9 ирригациялык объектилерди куруу жана реабилитациялоо пландалууда.

Транспорт жана байланыш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусунун жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар агын суулары ошондой эле облус Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыгы менен туризмди эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий байлыгы менен чет элдик туристтерди, инвесторлорду кызыктырып келет. Нарын облусу Улуу Жибек-Жолунун боюнда жайгашып, чет элдик туристтердин келип-кетүүсү жылдан-жылга мындан дагы көп болушу күтүлүүдү. Облустун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында, жергиликтүү бийлик аракеттерди көрүп келет[21].

Нарын облусуна 2022-жылдын 9 айында 32813 мин турист келип,  киреше 9 млн  303 мин, 300 сом болгон, ал эми 2023-жылдын 9 айында 100630 миң турист келип, киреше  48 млн  593 мин, 400 сом болду. (салыштырмалуу 67817 туристке, киреше 39290,1 сомго көп болду). Облуста 284 (203-жеке жактар, 81-юридикалык жактар) туристтик субьектилер  каттоодон өтүп, 128 субьекти активдүү иш алып барууда[21].

Нарын облусунун аймагына 2023-жылдын 9 айында 21816 чет элден туристтер келген, туристтердин көбү  Франция-4766, Германия-2859, Швейцария-2202,  Россия-1801, АКШ-1528,Австралия-1075 Бельгия-1017, Польша-1402, Италия-1318, Израиль-991, Гидерланды-597, Испания-502, Корея-421, Великобритания-400, Кытай-199, Казакстан-166, Турция-110, Араб Эмираты-78, ж.б туристтер түзгөн[21].

Ажайып жерлери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусунда, Кыргыз Республикасынын башка облустарын сыяктуу эле жаратылышы абдан кооз жана акыркы жылдары башка мамлекеттердин туристтерин кызыктырып келет[22]. Акыркы учурларда туристер көп келген жерлердин кээ бирлеринин тизмеси[23]:

  • Өрөөндөр жана жайлоолор:
    • Эки-Нарын
    • Көк-Кыя
    • Кара-Кече
    • Арпа
    • Ак-Сай
    • Сарала-Жаз
  • Тарыхый:
    • Таш-Рабат
    • Шырдакбектин коргону
    • Кошой-Коргон
    • Чолок-Коргон


Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин имараты

2023-2024-окуу жылында Нарын облусу боюнча 143 мектеп, 145 бала бакча иш алып барат. 2023-2024-жылы  143 орто мектепте 61570 окуучу, 145 бала бакчага 13390 бала тартылды. Мугалимдердин саны 5707, анын ичинен пенсия жашындагылар 1438, жаш мугалимдер-347. Бала бакчада 879 тарбиячы эмгектенүүдө[24].

Жаңы 2024-2025 окуу жылына мектептер китеп менен 85,6% , компьютерлер менен 78,2% камсыз болгон[24].

Окуучулардын жалпы билим сапаты 2021-2022-окуу жылында 54,2% болсо, 2022-2023-окуу жылында 53,0%ды түзгөн[24].

Кесиптик жана жогорку окуу жайлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети[24]. Нарын мамлекеттик университетинде 9 кафедра 4 факультет, агрардык-техникалык, педагогикалык, экономика жана табигый-гуманитардык илимдер, филологиялык факультеттери, 3 колледж бар. Университетте 103 штаттык бирдикте профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Анын ичинен илимдин доктору-4, кандидаттар-45. 2022-2023 окуу жылында студенттердин саны 3524 болсо, 2023-2024-окуу жылына карата 3524 студент билим алууда. 2021-2022-окуу жылында 466 бүтүрүүчү окуусун аяктап, алардын 53% иш менен камсыз болсо, 2022-2023-окуу жылы жалпы  574  студент окуусун аяктап 48,3% иш менен камсыз болду .

Борбордук Азия Университети[24]. Борбордук Азия Университети Нарын облусунда 2016-жылы ачылып биринчи студенттерди кабыл алып баштаган, 2 багытта окутат. Коммуникация жана массалык маалымат каражаттары факультети жана компьютердик илим факультеты. Бүгүнкү күндө 30 мугалим 190 студентке билим тарбия беришүүдө. 2022-2023-окуу жылында 45 студент бүтүрсө, 2023-2024-окуу жылында 196 студент окуп жатышат, анын ичинен Кыргызстандан – 86, Орусиядан – 2, Казакстандан – 10, Пакистандан – 13, Ооганистандан – 9, Тажикистандан – 75, Сириядан – 1 студент.

Нарын медициналык колледжи[24]. Медколледжде 5 багытта (медайым иши, акушердик иш, дарылоо иши, фармация, лабораториялык диагностика) окуу жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 40 мугалим эмгектенип, 579 студент окуп келсе, 2023-2024-окуу жылында 40 мугалим эмгектенип, студенттердин саны 568, анын ичинен 275 студент бюджеттик, 293 контракттык негизде окуп жатышат. Контракт өлчөмү 23 000 сомдон 28 000 сомго чейин. 2021-2022-окуу жылында колледжди 131 студент бүтүрүп, анын бүгүнкү күнгө 53% иш менен камсыз болсо, 2022-2023-окуу жылы 157 бала окуусун аяктап  иш менен камсыз болгондор 40,5% түздү.

Кесиптик лицейлер[24]. Кадрларды даярдоодо башталгыч кесиптик билим берүү тармагында 7 кесиптик лицей иштеп, электрогазширетүүчү, жыгач уста, тигүүчү, автослесарь, ашпозчу, тигүүчү, компьютердик графика, программалык камсыздоо ж.б. кесиптин 16 түрүнөн башталгыч кесиптик билим берүү ишмердуулугун жүргүзөт. Аларда жалпы 1455 окуучу окуп, 90 мугалим, 111 мастер эмгектенет., 2021-2022-окуу жылы 1075 окуучу бүтүрүп, алардын 81,7% иш менен камсыз болду. 2022-2023-окуу жылы 1081 окуучу аяктап,  63,2% иш менен камсыз болду.

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусунун саламаттыкты сактоо системасына Нарын райондук ЖДПБнын 4 ооруканасы, 1 Нарын облустук бириктирилген ооруканасы, 4 жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ), 1 райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, 2 Санэпид борбору, кургак учук жана СПИДке каршы күрөшүү борборлору, кан борбору, соттук-медициналык экспертиза бюросу, 48 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ), 80 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) кирет. Бул медициналык мекемелерде 345 врач жана 1453 орто медициналык кызматкер иштейт[25].

«Манас таалими» жана «Ден-соолук» саламаттыкты сактоо системасын реформалоо программаларынын алкагында акыркы жылдары облуста баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жана үй-бүлөлүк медицина институтун калыптандырууга багытталган түзүмдүк өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 158 дарыгер жетишсиз[25].

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • История Нарынской области. С. Иманалиев, Бийиктик басмаканасы, 2010. 69-бет, ISBN 978-9967-13-408-9
  1. 1.0 1.1 Об образовании Фрунзенской, Иссык-Кульской, Тянь-Шаньской, Джалал-Абадской и Ошской областей в составе Киргизской ССР (Указ от 21 ноября 1939 г.) // Ведомости Верховного Совета СССР, 1939 г., № З8
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Туруктуу калктын саны жылдын башына карата
  3. 3.0 3.1 3.2 История Нарынской области. С. Иманалиев, Бийиктик басмаканасы, 2010. 69-бет, ISBN 978-9967-13-408-9
  4. Закон Киргизской ССР. О совершенствовании областного деления Киргизской ССР и образовании новых областей. гор.Фрунзе, 14 декабря 1990 года, № 263-XII
  5. Постановление Жогорку Кенеша КР от 28 мая 1994 года N 1560-XII «О передаче Суусамырского района Нарынской области в состав Чуйской области»
  6. Закон Кыргызской Республики №79 от 25 июня 2004 года. О переименовании Тяньшаньского района Нарынской области Кыргызской Республики в Нарынский район и о выводе города Нарын из состава Нарынского района Нарынской области Кыргызской Республики и придании ему статуса города областного значения.
  7. 7.0 7.1 7.2 7.3 7.4 Бийик тоолордун, тоолор аралык өрөөндөрдүн жана ойдуңдардын өлкөсү болгон Кыргызстандын рельефи
  8. Кыргызстандын климаты
  9. Кыргызстандын климаты жана аба ырайы
  10. Климат Кыргызстана. Полюс холода Кыргызстана
  11. Кыргызстандын дарыялары жана көлдөрү
  12. Нарын дарыясы — жаратылыштын күчү
  13. Кара-Кече кенинде жыл башынан бери 1 миллиондон ашык көмүр казылды
  14. Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
  15. Рудник «Солтон-Сары»
  16. Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди
  17. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
  18. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 31—38
  19. Перепись населения Киргизии 2009. Нарынская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  20. 20.00 20.01 20.02 20.03 20.04 20.05 20.06 20.07 20.08 20.09 Нарын облусунун айыл чарбасы тууралуу маалымат
  21. 21.0 21.1 21.2 Туризм тармагы боюнча маалымат
  22. Спутник Кыргызстан. Достопримечательности Нарынской области
  23. Достопримечательности в Нарынской области
  24. 24.0 24.1 24.2 24.3 24.4 24.5 24.6 Нарын облусунун билим берүү тармагы боюнча маалымат
  25. 25.0 25.1 Нарын облусунун саламаттыкты сактоо тармагы боюнча маалымат

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]