Мазмунга өтүү

Эргешов Алтынбек Калдарович

Википедия дан
Эргешов Алтынбек Калдарович
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
 04.06.2022
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 29 -март 1972(1972-03-29) (52 жаш)
Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн шаары
Билими: Жогорку
Кесиби: Экономист, аудитор, мамлекеттик башкаруу адиси
 
Сыйлыктары:

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Эргешов Алтынбек Калдарович (29-март 1972, Ош облусу, Өзгөн шаары) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү[1].

Эргешов Алтынбек Калдарович 1972-жылдын 29-мартында Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.

  • 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган.
  • 2009-жылы Башкаруу академиясын мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.
  • 1990-1991 – Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда комсомол комитетинин катчысы;
  • 1996-2004­ - М.К.Ататюрк атындагы паркында директордун орун басары, директор;
  • 2005- КР Президентинин Иш башкармалыгынын Өндүрүш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары;
  • 2005-2007 - КР Президентинин Иш башкармалынында Өндүрүштү жана курулушту уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2007-2009 - КР Президентинин Иш башкармалыгында Мамлекеттик сатып алуулар жана маркетинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2009- КР Президентинин аппаратында КР Президентинин жардамчысы;
  • 2009-2010 - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында директордун орун басары;
  • 2012 - КР Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүндө инспектор;
  • 2012-2016 - КР Өкмөтүнүн аппаратында аппарат жетекчинин орун басары -  Уюштуруу-инспектордук иштер жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 - Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2020-2021 - “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” Ачык акционердик коомунда директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2021-2022 - КР Президентинин администрациясында Президенттин жана КР Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 2022-жылдын 4-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү[2].

Үй-бүлөлүү.

  • Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]