Мазмунга өтүү

Соң-Көл

Википедия — ачык энциклопедия
Соң-Көл
кырг. Соң-Көл

Соң-Көл
Координаттар: 41°50′ с. ш. 75°07′ в. д.HGЯO
Морфометриясы
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

3016 м

Аянты

270 км²

Көлөмү

2.64 км³

Жээгинин узундугу

96.5 км

Эң терең жери

14 м

Орточо тереңдиги

9.2 м

Узундугу

29 м

Туурасы

18 м

Гидрологиясы
Минералдашуунун түрү

Тузсуз

Туздуулугу

0.1 ‰

Тунуктугу

11 м

Суу топтоо бассейни
Суу топтоо аянты

740 км²

Куйган дарыялар

Көк-Булак, Куртка, Таш-Дөбө, Кум-Бел

Агып чыккан дарыялар

Соң-Көл (Нарын дарыясынын куймасы)

Кошумча маалыматтар
Орточо максималдуу температурасы

12 °С

Орточо минималдуу температурасы

-2 °С

Көлдүн тоңушу

ноябрь — май айларында тоңот

Аралдары

жок

Өлкө

 Кыргызстан

Аймак

Нарын облусу

Район

Кочкор району, Ак-Талаа району, Нарын району

Соң-Көл (Кыргызстан)
Соң-Көл
Соң-Көл Викиказынада

Соң-Көл - Ички Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң он алты (3016) метр бийиктикте жайгашылган, жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт, Соң-Көлгө артарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп анын деңгээлин төмөндөтпөйт.

Гидрографиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы аянты — 278 км², таза суунун көлөмү — 2,4 км³, узуну — 28 км, туурасы — 18 км. Орточо тайыздыгы — 8,6 м, максималдуу — 14 м. Көлдүн жайгашкан жери тектоникалыктан пайда болгон. Көлдүн жээги — ылдый, көлдүн жээгинин сызыгы өтө байкалбайт.

Ал эми Ак-Таш, Таш-Дөбө, Кара-Кеченин тынымсыз куйган шар суулары кышкысын да көп тоңо бербейт.

Сөң-Көлдүн узундугу -29, туурасы -17 километрге созулуп, 292 чарчы км. болгон көлдүн аймагын түзөт.
Көлдүн тереңдиги ар түрдүүчө, чыгыш тарабы 10-15 метр болсо, батыш тарабындагы тереңдиктери 22 метрге чейин жетет.

Көгөргөн көлдүн айланасына ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып эң эле кооз, кээ бир жээктен эшилген майда кызыл кумдуу пляждарды учуратууга болот. Ошондой эле жээктердеги тоо боорлору бетегелүү тоо чөптөрү жамынып төрө түлүк малдын берекелүү мекени.

Сөң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашагандыгы далилденди. Алардын 29 түрү көл жээктериндеги өрөөндөрдө уялашып, балапандарын чыгара тургандыгы, ал эми 37 түрү болсо күзгү жана жазгы келгин канаттуулар экендиги байкалды. Сөң-Көлдүн үстүндө өрдөк, чүрөк, каздар, ак-чардактар сүзүшсө анын астында ар түрдүү чабак урушат. Сөң-Көлдөгү канаттууларды ар түрдүү жоготуулардан коргоп, көбөйүшүнө толук шарттарды түзүү үчүн мамлекет тарабынан корукка алынган.