Тайлак баатыр

Википедия дан
Тайлак баатыр
Тайлак Рыскул уулу
Ишмердүүлүк тармагы:

баатыр, саясатчы

Туулган датасы:

1796 жыл(1796)

Туулган жери:

Каргалык

Өлгөн датасы:

1838 жыл(1838)

Өлгөн жери:

Куртка

Атасы:

Жанболот уулу Ырыскул

Балдары:

Осмон датка

Тайлак баатыр Ырыскул уулу - болжол менен 1796-жылы Нарын дарыясынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чеги - 1838-жыл, Куртка) — XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү жана айтылуу Жанболот баатырдын небереси.

Жаштык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырыскул уулу Тайлак 18-кылымдын аягында Нарын аймагында төрөлгөн. Бир тууган Атантай менен Тайлак өз атасындай калыс бий жана чоң атасы Жанболот баатырдай, таятасы Пишбек баатырдай баатыр болуу үчүн кичинесинен өздөрүн ар тараптан өнүктүрүшкөн. Эр жеткенде Тайлак Суусамырдагы салгылашта Эдиге менен эрөөлгө чыгып, баатыр атала баштаган. Ошол эле убакта кокондуктардын кысымынан улам сүрүлүп, Илеге качкан Канай бийге, таякелери болгон солто уруусуна Тайлак баатыр жардамга баргандыгы да айтылат.

Болжол менен 19-кылымдын 10-20-жылдарында Кокон хандыгына каратылган Олуя-Атанын тегерегиндеги казактар кыргыз жерлерин талаша башташкан. Алардын бири болгон Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Башка вариант боюнча, бул жүрүштү чекирсаяк уруусунан Качыке уулу Эраалы баатыр уюштурган жана ага Тайлак баатыр жардам берген. Бул урушта Эдиге төрөгө каршы Тайлак баатыр жекеге чыгып, урушту салт боюнча бүтүрүшкөн. Эрөөлдө Эдиге эрежени бузганы үчүн аны Эраалы баатыр атып салгандыктан, ошол тарыхый жер "Эраалынын аткан жер, Эдигенин жаткан жер" деп аталган дешет.

Кожону колдогон он жыл (1820-1830)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рыскул бийден кийин чоро уруусундагы бийликке келген Байбагыш бий 1820-жылы цин-манжуларга каршы Жахангир кожону колдоп, олуттуу саясий чечим кабыл алган. Анын кооптуу саясатынан көбү коркушса да, жигит курактагы Тайлак баатыр ага эң ишенимдүү жардамчы болгондугу үчүн кол башчылыкка дайындалган.

Биринчи жүрүш (1820-жыл)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. 1820-жылы Кашкардан кыргыздар менен уйгурлар көтөрүлүш кылышып, ал эми сырттан Жахангир кожону колдогон кыргыз уруулары цин аскерлерине кол салышкан. Бул жортуул ийгиликсиз аяктап, кыргыздардан Мандалак баатыр, Суранчы бий ж.б. шейит кеткен.

Экинчи жүрүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жааңгир кожонун 1821-22-жылдардагы экинчи жүрүшүнө нарындык кыргыздар катышкан эмес. Бул жүрүшкө ичкилик кыргыздары катышып, Алай тоолорунан Кашкарга чабуул коюшкан, бирок ийгилкисиз кайтышкан. Тарыхчы Ж.Алымбаевдин изилдөөсүнө караганда, ушул убакта кытайларга колго түшүп калган кожону Кокон хандыгынын аскерлеринен кыргыз Нүсүп паңсат (айтылуу Нүзүп бий) куткарып чыккан.

"Кытай кырылган" салгылашы (1825)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1825-жылы кыргыздар кашкарлык качкындарга жана Жахангир кожого арнап, Нарын дарыясынын жээгинде Куртка чебинин курулушуна уруксат беришкен. Ошол эле жылы күзүндө Баян-Бату баштаган 200дөй же 500дөй цин аскерлери түндө Нарын аймагына кирип келип, Тайлак баатыр жашаган айылга кол салышкан. Кырдаалды дароо көзөмөлгө алган Тайлак баштаган кыргыз жоокерлери жылкыларды айылга айдап келип аралатып, башаламандыкта кытай жоокерлерин сүрүп чыгарууга жетишишкен. Качып жөнөгөн цин аскерлеринин артынан Нарын өрөөнүндөгү Тайлак, Чыбылдый баатырлар баштаган кыргыз жоокерлери жана Жахангир кожонун адамдары жетип барышып, душмандарды 3 күн курчоого алып, акырында кырып салышкан. Бул салгылашта Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган.

Жаш болсо да чоң эрдик көрсөткөн Тайлак баатырдын бул жеңиши орто-азиялыктарга зор дем-күч бергендиктен, ошондон баштап Кокон хандыгы да цин-манжулар менен ачык каршылашууга өткөн.

Үчүнчү жүрүш (1826-27-жж.)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийинки жылы Жахангир кожонун жортуулунда негизги күч катары роль ойногон Тайлак баатыр менен Иса бий баштаган кыргыздар Чыгыш Түркстандагы цин өкмөтүнүн бийлигин жоюп, кашкарлыктарга эгемендик алып беришкен. Бирок, Жахангир кожонун дөөлөтүнүн жашоосу кыска болуп, ал 2 жылдан кийин кытайларга туткунга түшкөн жана Бээжинден өлтүрүлгөн.

Юсуф кожонун жүрүшү (1830)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1830-жылы болсо, кыргыздар менен кокондуктар биргеликте Юсуф кожонун жортуулуна көмөк көрсөтүшөт. Бирок, мында да кожолор үчүн ийгилик болбогон соң, Тайлак баатыр кыргыз элинин мамлекетин негиздөөгө көңүл бура баштаган.

Кыргыз урууларынын конфедерациясын жетектөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1830-жылы Цин империясы Орто Азияга жортуул уюштура тургандыгы алдына ала билинип калгандыктан, Тайлак баатыр дээрлик бардык кыргыз башчыларын курултайга чакырып, "Эки тизгин, бир чылбыр" деп аталган жалпы элдик аскер башчылык укукту колго алган. Ошондон кийин цин императору Тайлак баатырга "Чегара чагылганы" деген баа берип, жортуулунан баш тарткан. Тайлак баатыр кыргыз урууларын бириктирип, күчтүү кыргыз мамлекетин түптөгүсү келген. Уруучулдуктан баш тартып, улутчулдукка багыт алуу үчүн Эр Тайлактын бийлигин тааныган уруу башчылардын алдыңкы катарында чекирсаяк уруусунан Нусуп бий, басыз уруусунан Чыбылдый бий, найман уруусунан Иса бий, каба уруусунан Бокбасар бий, адыгине уруусунан Асан бий ж.б. болушкан. Ал эми Тайлактын чоролорунун курамын түзгөн баатырларга Бөбөтөй, Акбалбан, Токочор, Дербиш, Кулчун, Чомой, Кемпир, Адыл, Бердибек, Теке, Коной, Ноорузбай, Алдаяр, Абаскан, Кербенбай, Байкалмак, Чомон, Жабыке, Шургуй ж.б. киришкен.

Кокон хандыгына каршы күрөш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1832-жылдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлери Кокон хандыгына кошулууга ыктай башташканда, Эр Тайлак биринчи жолтоо болуп, ортодо тең салмактуу келишим түзүлүшүн талап кылган. Келишим бузулган учурларда Тайлак кокондук чептерге кол салып, алардын тынчын алуудан жалтанган эмес. Ошондуктан, кокондуктар жазалоочу аскерлерди Арап баатырга жетектетип, Эр Тайлакка каршы жиберишкен. Оозеки тарыхый булактарга караганда, Мадали хан Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберген. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Бирок, алар тескерисинче, Тайлактын жоокерлери тарабынан жазалангандан кийин, кокондуктар башка айла-амал ойлоп табышкан.

Бир канча жылдардан кийин адамдарды дарылап, табыпчылык менен алектенген кокондук тыңчы Эр Тайлактын ишеничине кирип, акыры бир күнү аны ууландырып, өлтүрүп кеткен. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып ѳлтүргѳн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]