Мазмунга өтүү

Суусамыр

Википедия дан

Суусамыр өрөөнүИчки Теңир-Тоодо, Кыргыз, Талас Ала-Тоолору менен Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун аралыгында деңиз деңгээлинен 2000–3200м бийикте жайгашкан. Тегерегиндеги тоо кыркалар өрөөндүн таманынан 1000— 2000 мге чейин көтөрүлөт. Батыштан (Ала-Белден 3184м бийиктикте) чыгышка (Кара-Кол ашуусуна чейин 3452м) 150кмге созулуп жатат. Аянты 4,3 миң км2. Өтмөк, Суусамыр сууларынын чатынан Жоо-Жүрөк өрөөнүнүн оозуна (же Батыш Кара-Колго Сокулук суусу куйган жерге) чейинки бөлүгү кенен, жайык келип, 80–85 кмге созулат. Туурасы эң жазы жеринде — Төө-Ашуу менен Суусамыр кырка тоосунун эң бийик чокусу (4048 м) тушта (Үч-Эмчектин башы) 45 км. Өрөөн улам батышка барган сайын куушурулуп, таманы бийиктейт. Суусамыр өрөөнү рельефи боюнча (1199) үч бөлүккө ажырайт: 1) батыш бөлүгү — Дубан-Кечүү өрөөнү, 2) Борбордук бөлүгү Суусамыр өрөөнү, 3) Батышы Кара-Кол өрөөнү. Дубан-Кечүү өрөөнү Суусамырдын баш жагын ээлеп, Корумду менен Айгыр-Жал тоолорунун бири-бирине жакындап, өрөөндүн кууш тарткан жерине чейин созулат. Таманы түз, бир аз жантайыңкы; 2300–3000 м бийикте жатат. Капталдары тик айрыкча Талас Ала-Тоосунун күнгөй беттери. Борбордук Суусамыр өрөөнү жайык, сырткы көрүнүшү жагынан үч бурчтукту элестетет. Үч бурчтуктун чыгыш капталы гана Жумгал тоосунун батыш урчугу — Киндик тоосу менен ичин карай ийилген. Суусамыр кырка тоосунун тескейи бул тушта өтө жантайыңкы. Борбордук. бөлүктүн таманы майда адырлуу, дөңсөөлүү түздүк. Суу боюнда тектирлер да бар. Суусамыр өрөөнүнүнн бул бөлүгүнүн рельефи, топурагы, климаттык шарттары дыйканчылыкка ыңгайлуу. Батыш Кара-Кол өрөөнү Суусамырдын чыгышында Кыргыз Ала-Тоосу менен Кара-Мойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Башка бөлүктөрүнө караганда кууш келип, капталдары тик, таманы 2100–3000 м бийикте жатат. Чыгыш тарабында өрөөн өтө куушурулуп, өрөөндөр, ойдуңдар,түздүктөр, жайгашкан. Киндик-Тоосунун түштүк.- чыгышында 2000— 3000 м бийикте Жоо-Жүрөк өрөөнү түндүк.-чыгыштан түштүк.-батышка созулуп жатат. Суусамыр өрөөнүндө кайназой заманында пайда болгон кумдук, конгломерат, кызыл түстүү чопо бар. Өрөөндүн таманында жана тоо этектериндеги эңкейиш түздүктөрдө төртүнчүлүк мезгилдин кум- шагылы менен чополору кеңири таралган.

Суусамыр өрөөнүнүн климаты континенттик. Жайында абанын температурасы кээде 30°Сге чейин жетсе, кышында —40°С, —45°Сге чейин төмөндөйт. Январдын орточо. темпемпературасы –20–21°С, июлдуку 13–14°С. Жайында түнкүсүн көбүнчө шүүдүрүм түшөт, үшүк чалган учурлар да болот. Жылдык жаан- чачыны 350–370 мм (кургакчыл жылдар- да 255 мм, жаанчыл мезгилден 500 ммге жетет). Жылдык жаан-чачындын 63%и март — июлга туура келет. Кышы узак (5–6 ай), кар калың түшөт (1 мге чейин). Негизинен батыш, түндүк.-батыш тараптан соккон шамал үстөмдүк кылат.

Негизги суулары — Суусамыр менен Батыш Кара-Кол (к. Кара-Кол) кошулуп, Көкө-Меренди түзөт. Чоң-Корумду, Балыкты, Токойлуу, Чыгыш Арам-Суу, Үч-Эмчек, Шили-Суу жана башка өрөөндөрдүн баш жактарында майда көлдөр бар. Рельефке, бийиктикке жана климаттык шарттарга жараша Суусамыр өрөөнүнө төмөнкү ландшафт алкактары мүнөздүү: 1) Бетеге-шыбактуу кургак талаа (2000–2200 м бийиктикте) Суусамыр суусунун өйүз-бөйүзүндөгү түз жерлерди, тоо этектерин ээлейт.<br. Бозомтук күрөң жана күрөң топурактуу. Топурак бетинин 50–70%ин өсүмдүктөр каптап, калганы ачык — такыр. 2) Бетеге-аккыл- кандуу талаа жана түркүн чөп (шимүүр, каз таман, жөргөмүш)-кылкандуу (бетеге ж.б.) шалбаалуу талаа (2200–2600 м). Топурагы күңүрт күрөң же коңур түстө, чымдуу. 3) Кылкандуу (атконок, түлкү куйрук, тоо сулусу ж. б.) түркүн чөп басымдуулук кылган субальп шалбаасы (3000–3100 мге че- йин). Топурагы шалбаалуу кара жана каралжын түстө. 4) Бетеге-тулаңдуу өлөң жана түркүн чөптүү альп шалбаасы (3500– 3700 мге чейин). Тоо шалбаа жана шалбаа- талаа, таштак, чириндиге бай топурактуу. 5) Гляциалдык-нивалдык алкак (3500– 3700 мден жогору) — таш шагылдуу беттер, аскалуу жондор, корум таштар, мөңгүлөр, эрибей жаткан көп жылдык карлар, аркайган бийик чокулар. Өрөөндүн таманында, айрыкча Суусамыр, Батыш Кара-Колдун төмөнкү агымдарын бойлой бадалдуу токой (тал, терек, кайың) өсөт.
Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт катарында пайдаланылат. Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндөгү чарбалардын малы жайылат. Кышында Жумгал, Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук райондорунун малы кыштайт. Малга тоют даярдоо үчүн Суусамыр машина мал чарба станциясы уюшулган. Эгин (арпа, сулу) жана тоют өсүмдүктөрүн айдайт. Суусамыр өрөөнү аркылуу Бишкек — Ош, Кара-Балта — Миң-Куш автомобиль жолдору өтөт. Өрөөндө Кожомкул, Тунук, Кайсар, Биринчи-Май, Суусамыр, Кызыл-Ой айылдары, Каракол, Токойлуу участоктору жайгашкан.

Суусамыр өрөөнү ― өзүнчө физико-географиялык аймак. Өрөөн Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында, деңиз– деңгээлинен 2000—3200 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 150 кмге жакын, туурасы кеңири жеринде 45 км. Батышы Өтмөктүн Суусамыр суусуна куйган жеринен чыгыштагы Сокулук суусунун чатына чейин кенен жайык келет. Сырткы көрүнүшү үч бурчтук сымал, майда адырлуу, дөңсөлүү түздүк. Чыгыштагы Батыш Каракол өрөөнү улам кууштап, абсолюттук бийиктиги да жогорулайт. Суусамыр суусу, Батыш Каракол суусу менен кошулуп Көкөмерен суусун түзөт. Топурагы жана өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемдүүлүккө баш ийип тараган. Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт. Чуй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн келген мал жайлайт. Борбордук бөлүгүндө тоют өсүмдүктөрү айдалат.

Суусамыр суусу (суу жана түркчө самыр–кундуз, суу кундуз) – Ички Теңир-Тоодогу суу. Узундугу 90 км, алабынын аянты 2410 км2. Талас Ала тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулушундагы Ала-бел ашуусунан башталып, Суусамыр өрөөнү менен чыгышты карай агат. Жээктери жайык, саздуу, айрым жерлеринде салааларга бөлүнүп, жайылмасынын туурасы бир нече кмге жетет. Төмөнкү агымынын жээктери бадал-токойлуу. Батыш Каракол менен кошулуп, Көкөмерен суусун түзөт. Негизги куймалары: Өтмөк, Корумду, Чарыя (сол), Батыш жана Чыгыш Арамза, Чоң Үчемчек (оң). Кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 39,3 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Айрым куймалары сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кайсар, Суусамыр айылдары жайгашкан.

Суусамыр тоо кыркасыИчки Теңир-Тоодо. Суусамыр жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүн бөлүп турат. Ала-Бел ашуусунан (батышта) Көкө-Mерен капчыгайына чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү Сарыкамыш деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түштүк капталы жазы, чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнө түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка (бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289 м), Шибе-Бел (3140 м), Такталык (2324 м), Карагыш (1961 м) жана башка. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. Тоонун ортоңку бөлүгү карбон мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген акиташ, конгломерат, алевролит жана башка, түндүк тармагы андезит, базальт трахит-базальттуу порфирит жана башка, түштүк канаты девондун чөкмө жана интрузия тектеринен турат. Мөңгү жок. Жарым чөл (1400 м бийиктикке чейин), кургак талаа (1400–1700 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1700–2900 м), шалбаалуу талаа, субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаа (3200–3400 м) ландшафттары мүнөздүү.

Суусамыр району - Суусамыр өрөөнүндө жашаган элдин талабы эске алынып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 14-декабрындагы чечиминин негизинде уюшулган.

Нарын облусунун курамындагы администрациялык-аймактык бирдик болгон. Облустун борбору Нарын шаарынан 330 км түндүк-батышта жайгашкан. Калкы 6,1 миң (1992).

Борбору - Суусамыр айылы болгон. Бул райондун курамына Суусамыр (буга Суусамыр, Тунук жана Кайсар) жана Көкөмерен (Кызыл-Ой, Ко-жомкул жана 1-Май кыштактары караган) айыл кеңештери жана беш чарба («Кызы-Ой», «Каракол», «Үч-Эмчек», «Миң-Булак» жана «Суусамыр» совхоздору) кирген. Райондо бардык мекеме, уюмдар уюштурулган. Райондун айдоо аянты 25,0 миң ганы түзгөн.

Анын ичинен 11,0 миң гасын дан эгиндери, 9,5 миң гасын көп жылдык, 2,2 миң гасын бир жылдык чөп ээлеген. 1992-ж. 12,6 миң т дан эгин, 10,0 миң т тоют, 6,5 миң т саман өндүрүлгөн. Район трактор менен 62% ке, комбайн менен 19% ке гана камсыз болгон.

Мындай шарт калктын социалдык-экономикалык муктаждыгын толугу менен жетиштүү деңгээлде чече алган эмес. 1992-жылдагы катуу жер титирөө (зилзала) да өзүнүн тескери таасирин тийгизген. Жаңы райондун уюштурулушунда жана башкаруу системасында да бир топ кемчиликтер кетирилген. Натыйжада район 1994-ж. майда жоюлган.

Андан соң, Суусамыр районунун аймагы бүт Чүй облусунун Жайыл районуна карап калган. Райондун акими болуп С. Ж. Жумабаев, райондук кеңешитин төрагасы К. М. Наскеев иштеген.

Суусамыр жер титирөөсү 1992-жылы 10-августта, түнкү саат 1ден 4 минута өткөндө болгон.

Күчү борбор очогунда (Жалпак-Суу өзөнү) 9,5 баллга чейин жеткен.

Түндүк тарапта казактын талаасында, түштүктө Памирде, батышта Ташкенде, чыгышта Алматыга чейинки кең аймакта сезилген. Катуу жер титирөө Суусамыр кырка тоосунун түштүк жана түндүк капталын, Суусамыр Арам-Суу, Токтогул жана Талас өрөөндөрүн камтыган. Бул жерлерде жер бетинде бузулуулар, жаракалар пайда болуп, көптөгөн айылдарда үйлөрдүн талкаланышы жүргөн. Мындай доо кеткен жер узундугу 40-50 км, туурасы 20-22 км келген аймакты ээлеген.

Жер титирөө болор алдында жер астынан күүлдөгөн катуу добуш угулуп, анын катуулугунан үй ичиндеги кулап жаткан буюмдардын, түтүн морлорунун, мештердин, үйдүн үстүнүн жана дубалдардын кулагандан чыккан үндөрү угулбай калган. Жерде отурган адам бир аз көтөрүлүп ордунан жылган, ал эми туруп турган адам жыгылып кеткен. Эпицентр (очогу) зонасында жер жарылып, тоолордон күргүштөп таш кулап, жер көчкү жүргөн, жарлар пайда болгон. Айрым жерден суу атылып чыгып, анын бийиктиги 15 мте жеткен. Суу тунук эмес, өңү бозомтук түстө болгон.

Эң катуу жер титиреген 9 баллдык аймактын формасы созулган эллипс түрүндө болуп, анын аянты 140 км2те жеткен (жакшы жери бул аймакта айыл болгон эмес). Суусамыр суусунун жээгине жакын асфальт жолдун бир аз бөлүгү 8 м төмөн чөгүп кеткен, башка бир жеринде жол өңгүл-дөңгүл болуп калган. Суусамыр суусунун батышындагы айрым жерлеринде суу толкуп, бөлүнүп агып калган. Суусамыр суусунун оң өйүзүндө жаракалардын, туурасы 300 м, узундугу 3 кмден ашык зонасы пайда болгон. Зонада бийиктиги 10-30 см келген эки, кээ бир жерде төрт тик жаракалар пайда болгон. Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталындагы Боор-Теке суусунун жогору жагында гранит массиви кулап, чоң (бийиктиги 200 м, узундугу 500 м) жер көчкү пайда болгон.

Жер титиреген 8 баллдык аймак да чыгыштан батышка карай созулган эллипс формасында болгон. Бул зонада: Толук, Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Совет айылдарында жана Ала-Бел ашуусунда көптөгөн, курулуштар толук талкаланып, бузулбай калгандарында чоң жаракалар пайда болгон.

Жер бетинин көпчүлүк ири аянттарынын бузулушу жүргөн. Суусамыр тоосунун түштүк этегиндеги Бел-Алды айылынын жанында жана Токтогул - Толук жолун бойлой кумдак топурак кыртышынын (узундугу ондогон метр, туурасы 80-100 м, тереңдиги 10-15 м) тоо капталы менен 100-150 м төмөн жылмышуусу болгон. Суусамыр жер титирөөсүнүн айрым жерлерде болгон күчү, балл менен: ЭУ-9, Бишкектен 162 км -9,5 Суусамыр суусу -9 Арамза-Суу суусу -9 Суусамыр ашуусу -8,5 Ала-Бел ашуусу -8 Тунук айылы -7,5 Суусамыр (МЭКС) -7,5 1-Май айылы -7,5 Кожомкул айылы -7 Кызыл-Ой айылы -7 Талас шаары -6,5 Ош шаары -6 Кара-Балта шаары -5,5 Бишкек -5,5 Ташкент -5,5 Алматы -5,5 Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жер титирөөнүн жер астындагы очогу (гипоцентри) 25 км тереңдикте жайгашкан.

Жер титирөө Каракол жана Арамза-Суу тектоникалык терең жаракалардын кошулган жериндеги зоналар боюнча ири блоктун кыймылга келишинин натыйжасында болгон.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.
  • Суусамыр энциклопедиясы