Ала-Бел ашуусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ала-Бел ашуусуТалас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө деӊиз деӊгээлинен 3184 м бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийиктиги Талас Ала-Тоосунда 3730 мге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 мге жетет Ордовик мезгилинин башталышында пай¬да болгон метаморфизмделген кумдук конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, аки таш теги жана үстүнкү протерозойдун сериӊит- тешкен кварӊтуу сланеӊтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоӊ чөгүндүлөрү түзөт Ашуу төртүнчүлүк доордун орто бөлүгүндөгү өрөөн мөӊгүсүнүн аракетинен пайда болгон. Ала-Бел а. асимметриялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы батышы (Чычкан тарабы) тик жана кыска. Суусамыр тоосунун түндүк капталындагы азыркы мөӊгүлөр ашууга жакын жатат. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыӊдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун ай¬рым бөлүгүн бөгөп калат да жол катнашын кыйындатат. Январдын орточо температурасы — 18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 мм. Ашуунун түштүк-ба¬тыш тарабынан Чычкан, түндүк-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак жана кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу жана кар-көчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу БишкекОш авто жолу өтөт; Талас жана Токтогул районунун малы Ала-Бел ашуусу аркылуу Суусамыр жайлоосуна ашырылат.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]