Талас Ала-Тоосу

Wikipedia дан

Талас Ала-ТоосуТүндүк Теңир-Тоодогу ири кырка тоо. Кыргыз Ала-Тоосунан Корумду суусу аркылуу бөлүнүп, кеңдик багытта батышты карай Каратоого (Чакпак ашуусуна) чейин созулуп жатат. Уз. 260 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3930 м, эң бийик жери – Манас чокусу (4482 м).

Суу бөлгүчү аскалуу, кыр чокулары пирамида сымал. Рельефтин альп, эрозия, эрозия-аккумуляция типтери калыптанган. Капталдары асимметриялык түзүлүштө. Тескей беттери (түн.) жазы, күнгөйү (түш.) тик, кыска. Түн. капталы Күркүрөө, Карабуура, Үрмарал, Бешташ, Калба, Үчкошой ж. б. Суулардын капчыгайлары ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Ашуулары: Өтмөк (3330 м бийикте), Бешташ, Карабуура. Түн.-батыш бөлүгүнөн түн., түн.-чыгышты карай Арчалуу (3377 м), Үчбулак (3469 м), Бакайырчоку (4451 м), Көккыя (3140 м) тоо тармактары таркалат. Түш.-чыгышта Италбарс (2293 м), Башка-суу (2565 м), Арпатектир (3206 м) ж. б. Тоо тармактары созулуп жатат. Т. А. негизинен кембрийге чейинки мезгилдин метаморфизмделген сланец, акиташ ж-а палеозой заманынын ар түрдүү чөкмө ж-а эффузив тектеринен турат. Түн.-батыш бөлүгүндө гранитоиддер кеңири тараган. Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу бойлогон өрөөндөрдү неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а төртүнчүлүк мезгилдин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат.

Тоону Талас-Фергана тектон. жаракасы Карабуура ашуусу аркылуу экиге бөлөт. Түн.-чыгыш бөлүгү Түн. Теңир-Тоонун Каратоо–Талас, батышы Ортоңку Теңир-Тоонун Чаткал–Нарын структуралык-фациялык тилкесинен орун алган. Коргошун, цинк, жез, калай кендери белгилүү. Климаты кургак, мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы этегинде –7°... –8°С, июлдуку 20–22°С; жаан-чачыны 200–300 мм. 1300–2500 м бийикте жылдык орт. Темп-ра 6– 7°С, жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ал эми 2500–3200 мде жылдык жаан-чачыны 400–700 мм ж-а гляциалдык-нивалдык алкакта 800 ммге чейин. Т. А-нун түн. капталында жалпы аянты 120,7 км2 болгон 202 мөңгү бар. Ирилери: Манас (6,4 км2), «Вокруг Света» (6,8 км2) ж. б. Т. А-на кадимки боз топурактуу, шыбак эфемердүү жарым чөл (900–1000 м бийикте; дан өсүмдүктөрү эгилип, жемиш бактары өстүрүлөт); ачык коңур топурактуу талаа (1100–1900–2200 м, аккылкан, бетеге, төөкуйрук, карындыз, чий ж. б.), тоолуу кара топурактуу шалбаалуу талаа (2200–2600 м; бетеге, ар түркүн чөп ж. б. кылканактуу), тоолуу каралжын топурактуу субальп шалбаасы (2700–3200 м; казтаман, майда дүңгөлүү кылкандуу өсүмдүктөр, жапалак арча, шимүүр, көбүргөн, байчечекей ж. б.), тоо шалбаа топурактуу альп шалбаалуу талаасы (3200–3800 м; доңуз сырты, өлөң чөп, кымыздык, тулаң, бетеге, сары байчечекей ж. б.) ж-а гляциалдык-нивалдык (3800 мден жогору) ландшафт зоналары мүнөздүү. Үрмарал (2000–2900 м), Бешташ (1950–2900 м) сууларынын алаптарында көк карагай, карагай, арча ж-а сейрек токой өсөт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2