Манас (чоку)

Википедия дан
Манас чокусу‎»‎ барагынан багытталды)
Манас чокусу.

Манас чокусуТалас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө тик, кар- мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түш.-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-ж. москвалык альпинист Э. С. Левин чыккан.

Манас чоку[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Топоним, Иле Ала-Тоосунун ортолук бөлүгүндөгү Талгар тоосунан башка өзүнчө турган тоо, чоку. Казакстандын Алматы обласынын аймагында. 1855-жылы топограф капитан Е.П. Ворониндин өлчөөсү боюнча Манас Чокусунун бийиктиги 10667 фут (3251,2 м). Кийинки маалыматтар белгисиз.
  2. Топоним, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы, Кыргыз Ала-Тоосунун күн батыш жак кырындагы тоо. Нылды (Талас суусунун оң куймасы) суусунун башында. Бийиктиги 3820 м. Талас шаарынан 25 км түндүктө. Манас, Семетей жердеген Кеңкол өрөөнүнүн башы ушул Манас Чоку тоосуна барып такалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]