Семетей

Википедия дан

Эпикалык салт боюнча Манас менен Каныкей көпкө балалуу болбой, алп Кошойдун батасынан кийин гана Семетей бойго бүтөт. Эпикалык сюжеттин өнүгүш салттарына ылайык Семетейдин укмуштуу төрөлүшү, келечектеги баатырдык иштери да символдоштурулуп берилет:

«

Таманы менен тик тууган,
Оң колуна кара кан
Кармай түштү деп угам.
Кара кан кармай түшкөнү,
Катылышкан душманды,
Каарданып урушса
Канын төгөм дегени,
Сол колуна сары заар
Уучтай түшкөн себеби,
Сары заардай саргартып
Дүмүрүн казам дегени.

»

Эпикалык салт боюнча Семетейге ылайыктуу ысым берүү да кыйынчылыкка турат.

Балага ат коюуга эч ким даабай турганда ак боз атчан, ак сакал адам келип Семетей деп коёт (Радлов жазып алган вариант). Семетейдин балалыгы Манастын өлүмүнө байланыштуу оор учурга туура келет.

Атасынын көзү өткөндө Семетей алты айлык (Г. Алмаши, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) же үч жарым жашта болот да (Сагымбай Орозбаковдун варианты),Манас өлгөндөн кийин анын ордосун талаган бир туугандары Абыке-Көбөштөн качкан энеси Каныкей, Семетейди өз атасы Темирканга Букарга алып кетет. Семетейди иниси Ысмайылга бала кылып берет.

Алмабек Тойчубек уулу м-н Актан Тыныбек уулунун варианттарында Семетей бала күнүнөн Манас сыяктуу Кожо-молдого кас чыгат.

«

Базарда байды сабады,
Соодалап алган оокатын
Кедей менен кембагал
Ошолорго алперет.
Кожонун тапкан тыйынын
Койчуларга таратат,
Эшендин тапкан эмгегин,
Элден кайыр сураган
Эшекчиге таратат.
Байлардын тапкан тыйынын
Баарын тартып бул алат.
Жарым тыйын өзү албай
Жардыларга таратат

»

(АТВ, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 1993-инв., № 1 дептер, 125-б.). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Семетейде» баатырдын балалыгы, башкача айтканда биринчи эрдигине чейинки өткөн аралык жомоктук мотивге караганда турмушка көбүрөөк окшошуп, эпостогу сүрөттөлгөн доор биздин күндөргө жакын. Семетей он экиге чыкканда Каныкей төлгө кылып Тайторуну ат чабышка салат. Ысмайыл Каныкейдин бул кылганына ачууланып Семетейди аттарды тоскону жиберет. Бирок, Семетей өз билгенин иштеп, жанындагы чоролорун көндүрүп Каныйкедин аты Тайторуну сүрөп баш байгени алат. Ошону менен Каныкейдин төлгөсү оңунан чыгат.
Мындан кийин Семетей Сарытазга жоолугуп андан өзүнү кыргыз экендигин билет Сарытаз ага кырк кыздан баштап, андан Мансур — Түмөнкан — Санчыкан — Акжолтой — Санколдой — Эгизей — Жээрен — Бөйөнкан — Чаянкан — Балакан — Каракан — Жакып Манас деп билгизет.. Тай атасы менен таякесине таарынып жатып Сарытаздан сөздөрүнүн чындык экендигин айтырып алат. Мындан соң Каныйкеге келип Манастын жомогун угуп Таласка аттанып чыгат. Таласка келип Манастын тайганы Кумайыкты, атаны Желмаянды, Акшумкарды жоолуктурат. Тууган жердин алгачкы таасири, табиятынын сулуулугу каармандын көтөрүңкү көңүлүнө, максатына шайкеш. Ал эми жолуккан Бакайдын, Манастын жандыктарынын арып-азган кебетелери — Семетейдин намысына тие турган зарыл компоненттер, Семетейдин келиши менен Манастын иши, өмүр бою аркалаган максаты жанданат. Жаш баатырдын атасынын ордуна келүүсү эпосто атанын ишин улоо, андан калган мурасты биротоло ээлөө деп түшүнүлөт. С.— кан аталганы менен атасындай эле эң алды менен элди-жерди коргогон элдик баатыр, элдин таламын көздөгөн адам.

Көөнө типтеги алгачкы баатырлык жомоктон жаралган баатырдык эпостордо башкы каарман чыныгы баатыр болуш үчүн мине турган тулпарга, жоо кийими менен курал-жаракка, түрдүү магиялык жандыктарга ээ болушу зарыл. Манас баатыр да магиялык касиеттеги Аккула, Акшумкар, Желмаян, Кумайык өңдүү жандыктарды күткөн. Бул сыяктуу көрүнүштөр негизинен эпикалык башкы баатырлардын ата журт үчүн кызмат кылуусунда маанилүү милдеттерди аткарышат. Манас өлгөн менен ордун жоктотпой турган баласы калды деген ишенимдеги элдик көз караш Семетейдин сырткы кебетеси, сыны эле турсун, фантастикалуу жандыктары менен мифтик колдоочуларынын, курал-жарагынын Манастан оошкондугун көрсөтүү аркылуу Семетейдин образын тереңдетет.

Фольклочу В. Я. Пропп эпостордогу укмуштуу төрөлүү мотивинин келип чыгышын тарыхый аспектиде терең талдап карап, укмуштуу төрөлүү мотивинин өсүп чыккан булактары, ээлеген орду өтө байыркы мезгилдерге, байыркы түшүнүктөргө байланыштуу экенин белгилеген.

Жаш баланын төрөлүшү — элдик оозеки чыгармаларда кеңири таралган мурунку көзү өткөн ата-бабанын кайтадан жаңыланып жарыкчылыкка келиши сыяктуу бааланган байыркы түшүнүк.

Ушул көз караштын өзү генеалогиялык принциптин пайда болушунун маанилүү бир элементи катары «Манас» эпосунда да орун алган. Анткени, Манаска тулкубоюнун окшоштугу, кийим-кечеси, курал-жарагы, ээрчиткен жандыктарынын, акыры колдоочу чилтен-пирлеринин бирдейлиги менен Семетей Манастын кайрадан тирилишиндей сезилет.

Ошондуктан Семетейдин портрети да эпосто:

«

Ат арытып, жер чалып,
Ит агытып, куш салып,
Колдогону кожосан,
Кол бергени кырк чилтен.
Кырк чилтендин бирөөсү —
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Миң кишидей түрү бар,
Минтип колдоп алыптыр.
Оң жагына караса,
Чолок көк жал арыстан
Жандай салып чамынып,
Минтип колдоп алыптыр.
Ажыдаар ак жылан
Оозун ачып ышкырып,
Илеп тартып жарчудай,
Миң сан колдой түрү бар,
Артынан сойлоп калыптыр.
Алп кара куш зымырык,
Азыр илип алчудай,
Бутун салып арбайып,
Үстүндө жүрүп калыптыр

»

(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фонду, 552-инв., 107-б.), — деп сүрөттөлөт.

Семетейде да Манастыкынан калышпаган зор касиет, эпикалык сүр бар.

Ачуусу келгенде Манаска окшоп «бетинен беш бейпактык жүн чыгып, жолборстой чамынып, каарына кара жер калыңынан араң туруштук берип көтөрүп тургандай» түргө келет. Алдын ала даярдалган каарман отко күйбөс, сууга чөкпөс өңдүү өзгөчө сапаттарга ээ. Семетей көпчүлүк учурда «Түгөнгөн сайын түтөгөн Түгөнгүрдүн тукуму, Өлгөн сайын өөрчүгөн Өрттөнгүрдүн өз уулу» — деп мүнөздөлөт. Анын кереметтүү касиеттери атасынан калган Аколпокту, туулганы кийип, магиялык куралжарактарга ээ болгондугуна байланыштырып, баатырлардын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивди өз дооруна ылайыкташтыргандыгы байкалат. «Манас» бөлүмүндөгүдөй «Семетейде» да баатыр жоо-жарагын алып, Тайбуурулга мингенде ок өтпөс, кылыч кеспес касиетке ээ болот.

Манастын жолдошу акылман Бакайга жоолугуп чоң атасы Жакып кандын кабарын алат. Жакып Семетейди ууландырып өлтүрүүгө аракет кылат, бирок, иши оңунан чыкпай калат. Семетей атасынын асыл мүлктөрүн алып биротоло көчүп келгени Букарга кайтат

Андан кийинки окуялар Семетейдин Таласка көчүп келишинен тартып өнүгөт. Семетей Абыке, Көбөш, Жакып кан мен согушуп, аларды жок кылат. Сары таз хан шайланат. Убагында Каныкейге ыдык көрсөткөндөрүн эске алышып Кыргыл чалдын көкүтү менен кытай көздөп качкан атасы Манастын кырк чоросун жайлоого аргасыз болот.
Кийинки окуялар Айчүрөк менен байланышат. Убагында Манас хан Оогандын ханы Акун хан менен бел куда түшкөн болот. Семетейге таарынган нойгуттардын Чынкожосу жедигердин Толтоюна барып аны Айчүрөктү алууга көндүрөт. Айчүрөк ак куу кебин кийип учуп, Таласка келип амал менен Акшумкарды алып кетет. Акшумкар издеген Семетей Күлчоро менен Канчорону ээрчитип Айчүрөктү көздөй жөнөйт.

Семетей таятасыныкынан Таласка көчөрдө Чачыкейге үйлөнсө да, сөзсүз түрдө атасы кудалап кеткен, маңдайына жазылган колуктусу Айчүрөккө үйлөнүүгө милдеттүү. Ошон үчүн:

«

Букардан катын алдым деп,
Ойлоп жүргөн экенмин.
Катын албай капырай,
Бойдок жүргөн экенмин

»

— деп, Айчүрөктү алгач көргөндө эле баалап, буйруктуу колуктусун жетимдиктин айынан эмдигиче ала албай жүргөнүнө өкүнөт.

«Манас» эпосундагы салтка айланган бир көрүнүш — негизги баатырлардын кимисинин болбосун өздөрүнө ылайык мыкты аялдары айрыкча даңазаланат. Манас Каныкейдин, Семетей Айчүрөктүн эмгегине жараша ыраазычылыгын билдирип, артынан токол албаска ант беришет. Бирок согуш ишинде же бир кысталыш учурунда алардын өкүмдүгү, курчтугу жеңет. Айчүрөктүн жамандыкты алдын ала сезип кой, барба — дегенине болбой, Семетей атасынын күмбөзүнө келип, ич ара чыккынчылыктын курманы болот. Өзүн топурак басып келатканын сезген баатыр элин, энесин, аялы менен төрөлө элек баласын ишеничтүү чоросу Күлчорого табыштайт. Элинин тагдыры үчүн санаасы санга бөлүнүп, мал-жандыкты жарды-жалчыга таратып бер, эл баягы мен бардагыдай жайбаракат жатпай бирге конуп, сакчыны тыңдап койсун деген осуят калтырат. Саякбай Каралаевдин вариантында Семетейди Манастын өчүн ала турган уулу, ишин улантуучу мыйзамдуу мурасчы катары таанытууда аңын атасынан калышпаган алптыгына, ашкан эрдигине өзгөчө басым жасалат. Эпостун акырында Семетей өзүнүн алдына коюлган милдеттерин аткарып бүткөн каарман эсебинде ордун уулу Сейтекке берип, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, Күлчорого кошулуп кайып болуп кетет. Мунун негизинде жашоо түгөнбөйт, күрөш эстафетасы муундан-муунга, атадан балага өтөт деген элдик көз караш, турмуштук философия жатат. Кийинки согуш тышкы душман Коңурбай менен болот. Семетейге ок жаңылып, Айчүрөк ок аттап түшүрөт. Бул согушта да Семетей жеңишке жетишет.

Чубактын уулу Канчоро Семетейге таарынып чыкккынчылыка барат. Ал амал кылып Семетейди Манастын күмбөзүнө тайынабыз деп жараксыз алып чыгат. Сүйлөшүп койгон Толтойдун Кыязы колу менен келип курчап калат.

Тайбуурулдан айрылган Семетей Канчоронун колунан каза болуп кайып болуп кетет. Күлчоро колго түшүп Кыяздын кулуна айланат.

Семетей кайып болгондо ордуна Сейтектин калышы жалпы элдик кыялга, үмүт-тилекке шайкеш. Дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларындагы оптимисттик дух каармандын ордуна жаңысын жаратуу менен гана чектелбестен, Семетей сыяктанып өлбөс каарманга кошот, же дагы бир түбөлүктүү нерсеге айланып кетти деген ишеним билдиришет. Маселен, орус элинин Дунай жөнүндөгү былинасынын эпилогунда Дунайдын өлгөн жеринен агып чыккан Дунай дарыясы менен анын аялынын өлгөн жеринен агып чыккан Настасья жөнүндө айтылат. Бул эки дарыя соолбой, түбөлүккө ага берет. Анын себеби да «Семетейдегидей» эле сүйүктүү каармандарды өлүмгө кыйбоо мотивинин бир көрүнүшү болуп эсептелет. Кыскасы, элдик учкул кыял башкы каармандардын элесин кандай да болбосун сактап калуунун түрдүү жолдорун издейт жана табат. Семетей кийин Сейтек эпосунда элге кайтып келет.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]