Чубак
Чубак — "Манас" эпосунун башкы каармандарынын бири.
Нойгут урусунун баш баатыры. Манастын жакын чоросу.
Акбалтанын карганда көргөн жалгыз баласы. Акбалта көпкө чейин бала көрбөй зарлап жүрүп талаадан таап алат. Бул учур кийин Алмамбет менен Чубактын чатагына себепкер болгондор тарабынан эскерилет.
С. Орозбак уулунун айтуусунда Чубак Манасты Кыз Сайкалдан ажыратып алгандыгы айтылат.
С. Каралаевдин айтуусунда Чубак Букарга кол салып Каныкейден коркуп качып келе жатып Манаска жоолугат.
Чубак дагы чоң казатта Шыпшайдардын огунан каза болот.
Чубактын уулу Канчоронун чоросу болот.
Манастын чоросу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чубак (өз аты Болот) — негизги оң каармандардан. Белгилүү баатыр, кырк чоронун бири. Нойгут уруусунун башчысы, 12 жашында Манаска келип кошулган күнүнөн тартып, «Чоң казатта» Кожожаштын (Шыпшайдар) огуна учканга чейин эпостогу жоокердик иштеринин баарына катышып, анын оң колу болуп кызмат кылат. «Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн» Чубак жеке кармашта эч бир жоого алдырбайт. Негизги варианттардын бардыгында Чубак кеңири баяндалат. Саякбай Карала уулунун Чубактын төрөлүшүнөн Манаска келип кошулушуна чейинки тарыхы өзүнчө эпизод катары айтылат. Анын жарык дүйнөгө келиши, балалык чагы жана Манаска кандайча жолугуп, чоро болгону толук баяндалат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпикалык салтка ылайык Чубак баласыз зарлап жүргөн Акбалтанын кайыптан бүткөн баласы. Кайыптан бүткөн Чубактын талаадан табылышы башка варианттарда учурабайт. Бирок бул вариантта да Чубактын кереметтүү бойго бүтүшү, укмуштуу төрөлүү шарты айтылбаганы менен табияттан сырткары күчтүн таасиринде анын дүйнөгө келиши башкы эпикалык баатырдын төрөлүү салтын түздөн-түз болбосо да кайталайт. Чубакка да түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин фольклорунда кездешүүчү салттык мотив боюнча ат коюлат. Балалуу болгон Акбалта чоң той берип, балама ат коюп бергиле деп элге кайрылат. Чогулган эл балага ат таппай турганда ак селдечен думана (кыдыр алей салам) келип, «Чубак» деп ат коюп көздөн кайым болот. Дүйнөлүк эпостордун салтында элдик баатыр эрдик иштерге алгач киришерде кандайдыр бир укмуш колдоочуга кезигип, кеп-кеңешин угуп, өзүнүн келечек баатырдык иштерине керектүү жарак-жабдык, тулпар ат жана башкалар буюмдарды алгандыгы айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында эр жеткен Чубак өзүнө ылайык ат таппай, Манасты издеп чыгат. Булак боюндагы жалгыз мазарга түнөп калган Чубакты Олуя чал ойготуп, ага атайы арналган Көгала тулпарды берип кетет. Ошондон тартып Чубактын эрдик иштери баяндалат. Эрдигине чыдабай Кашкар менен Коконду камап, өзүнө каратып, Букардын каны Караканга келип, аны камайт. Жекеде Каракандын кызы Каныкейден жеңилеринде Чубак качат. Ууда жүргөн Манаска келип качкандыгынын жайын айтат. Чубак баатырдык сапаты жагынан Манас менен Алмамбеттен кем калышпаган каармандын бири. Ал өзүнө ылайык жүзү бар баатыр. Анын элеси эпосто мындайча сүрөттөлөт:
- Туурасы жоон, бою пас,
- Тулку бою кара таш.
- Билеги жоон, таш жүрөк,
- Пил мүчөлүү бадирек,
- Алышса адамдын алы жетпеген,
- Арстандын тиши өтпөгөн,
- Акбалтанын Чубагы
- Ай-ааламды буй кылган
- Арстандын бири бу дагы.
Чубактын образы өзүнө таандык сапаттары, мүнөзү менен башка баатырлардан айырмаланып турат. Манасчылар Чубактын мүнөзүн психологиялык сүрөттөөлөрдө ачык беришет. Ал чапчаң, курч жана алабарман. Бирөөнүн тилине бат кирген ишенчээктиги бардык варианттарда айтылуучу Ч-тын Алмамбеттен чалгындын жолун талашканынан көрүнөт. Өзүнүн алп күчүнө ишенген, жоого биринчи ат коюп көнгөн Чубакты Кыргылчалдын куйту сөзү көкүтүп, чалгынга Алмамбет менен бирге барбай калышы ага катуу тийип, шагын сындырат. «Манас» эпосунда анын чатагы психологиялык жактан негизделген жорук катары бааланат. Кой-айга болбой күүлөнүп алган Чубак «Элге кызмат кылдың деп эрегишиң кай үчүн» деген Алмамбеттин жүйөлүү сөзүнө жыгылып, каталыгын мойнуна алат. Анын бул сапатына башкалар эмес, Алмамбет өзү да ыраазы болот.
Чубактагы негизги сапат — жалтанбас эрдик, түгөнгүс күч. Жалгыз көздүү Макел дөө алыстан көргөн Алмамбетке түз жерден тоо пайда болгондой көрүнөт. Макел дөөнүн сүрүнөн, чоңдугунан чочуп, шашып калган Алмамбет Чубакка, Манаска кабар салалы, эмне болсо да Манас өзү беттешип көрсүн дегенде:
- Катыгүн Алмам не дейсиң?
- Качуунун камын не жейсиң?
- Атасынын көрү капырды,
- Токтолуп уруш салалы,
- Тобокел кылып алалы!
- Качпай өлгөн эрлер деп,
- Жакшы аттысы саа болсун.
- Жолдошу Чубак экен деп,
- Сооп чети маа болсун, — деп эпосто ажыдаардан көз ирмеп жалтанбаган Алмамбет алдастап калганда Чубакка кайрат айттыруу аркылуу ага таандык баатырдык деңгээли, күчү, тобокелчил эрдиги, коркунуч деген эмне экенин билбегендиги көрсөтүлөт.
Чоң казатта кытай, калмактардын Нескара баш болгон алтымыш дөөсүн жеке байлап келет, атынан ажырап калганда сандаган душмандын курчоосунда калып, тогуз күн жөө согушат. Душмандын чоң мергени Кожожаш келип, ал чоролордун көбүн атып өлтүрөт да, Чубак да окко учат. Кыскасы, «Манас» варианттарында «Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн», «Көк ырапыс тон кийген, Көгала сындуу ат минген», «Кан Балтанын Чубагы — арстандын бири бу дагы» өзүнүн артык сапаттары аркылуу Манас баатырдын образын толуктап, аны тереңдетип турат.
Чубак катышкан окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чубактын чыры. "Жол Талаш" - ушул окуя тууралуу чертилеген комуз күүсү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
- Сагымбай Орозбак уулу. "Манас" эпосу. 1 т. 1978.(жеткиликсиз шилтеме)
- С. Каралаев. "Манас" эпосу. 1982 ж. 1 т.(жеткиликсиз шилтеме)