Жол Талаш

Википедия дан
"Жол Талаш"‎»‎ барагынан багытталды)

"Жол Талаш" - " Алмамбет менен Чубак" — Алмамбет менен Чубактын чатагына байланыштуу элдик күү. Күүнүн чыгышына эпостогу төмөнкү окуя себепчи болгон. Чоң казатка баратканда Алмамбет жанына Сыргакты алып, чалгынга жөнөйт. Бир кытайдан кем болдуң деген көкүткөн сөздөрдөн улам ачууланып, куру намыска алдырган Чубак Алмамбеттин аркасынан жөнөйт. Эрегиште бири-бирин мерт кылып койбосун деп артынан барган Манас тирешип калган экөөнү ажыратат. Алмамбет менен Чубак элдешип, төртөө андан нары жүрүп, Тал-Чокуну таянышат. Бул күүнү Ыбырай Туман уулу "Ж. т.", Асанаалы Кыштообай уулу " Алмамбет менен Чубак" деген ат менен кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жаздырышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4