Манас эпосу

Википедия дан
Манас баатыр. Т.Герцендин "Манас" эпосуна тарткан иллюстрацияларынан‎

Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет — 10 ыр сабынан турат.

Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралып саналат:

"Манас" — 84 830 сап; "Семетей" — 397 775 сап; "Сейтек" — 17 948.[1]

"Манас" эпосунун өзүн гана алганда, эң чоң көлөмдөр бул манасчыларга таандык:

  1. С. Орозбак уулу (Орозбаков) - 180 378 сап[2];
  2. С. Каралаевден — 84 830 сап [3] ;
  3. М. Чокморов — 103 090;[4]
  4. Жусуп Мамайдан - 53 280 сап.[5]

"Манас" эпосу — кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы — Манас баатыр — "тарыхый киши болгонбу, болсо ал качан жашап өткөн, кандай иштерди кылган" - сыяктуу суроолорго азырынча бир жактуу, так жооптор бериле элек.

Мындай суроолорго толук жооп берүү үчүн эпостогу тарыхый окуяларды, мифологиялык түшүнүктөрдү, эпостун тилин, диний ишенимдери, эпостун айтымдарынын арасындагы айырмачылыктарды, каармандардын сүрөттөлүшүн, сюжетин изилдеп аларды тарыхый окуялар, каармандар, булактар менен байланышытырып изилдеп чыгуу керек жана келечекте көптөгөн изилдөөлөрдү талап кылат. бирок Манас эпосун миф деп эсептеген адамдар да арбын

Манастын жаралуу доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манастын" жаралуу доору боюнча азырынча негизги үч божомол (гипотеза) бар:

  1. Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам),
  2. Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев),
  3. Жунгар доорунда (XVI- XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).[6]


Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. Айрым манасчылар аны сегиз урпагына (Кенен, Алымсырак, Кунансырак ж.б.) чейин айтышат. «Манас» дастанында кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. «Манас» дастанын айрым эпизоддору 16 кылымында жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасында айтылат.

«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.

Манас эпосунун каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Maнac, Aлмaмбeт, Бaкaй, Kaныкeй, Cыpгaк, Чyбaк, Ceмeтeй, Ceйтeк, Kүлчopo – өз элине чексиз берилген, чыдамкай, тапкыч, мекени үчүн жанын берүүгө даяр чыныгы баатырлар. Алар бул сапаттарын эпостун жүрүшүндө иш жүзүндө көп жолу далилдешет.

Эпостогу окуялар жок жерден ойлоп табылбай, чыныгы турмуштан алынып, кыргыз элинин басып өткөн жолун, ар кандай уруулардан куралышын баяндайт. Ага эпостогу төмөндөгү саптар далил:

Aк мapaл бaгып yй кылдым

Kypaмa жыйнaп эл кылдым

Эпостун сюжети кыргыз элинин турмушунда маанилүү роль ойногон окуяларды чагылдырат. Эпостогу адамдардын табышмактуу ысымдары, шаарлардын, өлкөлөрдүн, элдердин (уруулардын) аталыштары да бекеринен эмес.

Мисалы, ”Чоң казаттагы” Бээжинге болгон жүрүш - бул IX – кылымдагы кыргыздардын уйгурларды жеңгенин эске салат.

Эгер оозеки элдик чыгармачылыкка тиешелүү окуяларда жана аталыштарда апыртмалардын болушун табигый нерсе катары кабыл алсак, анда эпостогу кээде кытайлар, кээде калмактар деп аталып, кыргыздардын негизги душмандары болгон Aлooкe, Жoлoй, Эceнxaндар тарыхый булактарда калган чыныгы инсандардын прототиптери болушу мүмкүн. Мисалы:

  1. Эceнxан (кaлмакча өз аты Эceн-тaйджи) - чынында эле XV-кылымда жунгар (калмак) кошундарын башкарган;
  2. Алооке (калмакча өз аты – Аляку) болсо - XVII кылымда жунгарларды жетектеген;
  3. Жолой (өз аты Елюй, бирок көпчүлүк түрк тилдеринде кыргыздын ”дж” тыбыштарына ”е” тыбышы туура келгендигин эске алсак "Елюй" - Жолой болуп окулат) X-кылымдын аягында Түндүк Кытайдан келип, кыргыздарды басып алган монгол уруулары кыдандардын (кара-кытайлардын) жетекчиси болгон.

Эпосто кыргыздар менен достук алакада болуп, душмандарга жана талап-тоноочуларга каршы чогуу чыгып жүргөн көптөгөн уруулар жана элдер да аталат. Алар кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон oйpoттор, нoгoйлор, нoйгyттар, кaтaгaндар, кыпчaктар, apгындар, жeдигерлер жана башкалар. Булардын баары кийин кaзaк, өзбек, монгол, тажиктер менен аралашып кетишкен.

Эпосто ар түрдүү фaнтacтикалык пepcoнaждар, мисалы, "тоо жылдырган" – Maдыкaн дөө; жалгыз көздүү Maлгyн; адамча сүйлөгөн канаттуу аттар; сыйкырдуу окуялар, мисалы, Айчүрөктүн аккууга айланышы, Алмамбеттин аба-ырайын өзгөртүшү; гиперболизмдер (күчөтүп айтуулар), мисалы, сан жеткис аскерлердин 40 күн бою эс албай тынбай жүрүшү , калыңга деп берилген жүз миңдеген малдын, ага кошуп эсеби жок жапайы айбандардын айдалып келиши, бир эле баатырдын душмандын жүз эле эмес миңдеген жоокерлерин жеңип коюшу ж.б. - көп колдонулат. Булардын баары элдин эгемендиги жана боштондугу үчүн жанын аябаган реалдуу адамдардын өлбөс- өчпөс көркөм образдарын түзүүнүн каражаты катары гана кызмат кылат.

Үчилтиктин биринчи бөлүгүндө Манас аркылуу аскерий демократия жана көчмөн феодалдык коом мезгилиндеги элдик кошундун кол башчысына тиешелүү бардык касиеттерге ээ болгон идеалдуу баатырдын образы берилет. Ушундай образды түзүүдө ар түрдүү композициялык элементтер жана эпитеттер колдонулат. Мисалы: apcтaн, кaблaн (лeoпapд), cыpттaн (гиeнa), көкжaл (карышкыр).

Кээ бир манасчылардын Манаска феодалдык башкаруучунун образын берүү аракеттерине карабастан, эпостун негизги тематикалык жана сюжеттик эпизоддорундо ал - мекендин душмандары менен болгон таймаштарда баатырдыгы үчүн атак-даңкка ээ болгон чыныгы элдик баатыр катары кала берет. Душмандын кошундары менен болгон бардык таймаштар катардагы баатыр-жоокердей салгылашкан Манастын жеке катышуусу менен гана жеңиштүү аяктайт. Манас бийликке өтө умтулбайт. Ошондуктан ал өзүнүн аскер башчылык бийлигин Бээжинде болгон чоң казатта адегенде акылман Бакайга, андан кийин өзүнүн эң жакын чоросу Алмамбет баатырга өткөрүп берет.

Эпостун калган каармандары Манастын образын күчөтүүгө чоң салым кошот. Манастын айкөлдүгүн далилдөө дө анын легендарлуу 40 чоросунун ролу зор. Алардын эң белгилүүлөрү: Кошой менен Бакай сыяктуу акылман аксакалдар жана Aлмaмбeт, Чyбaк, Cыpгaк сыяктуу жаштар. Алар укмуштай күчтүү лүгү жана таймаштагы баатырдыгы, чыңалган достугу жана чабыш маалында бир-бирине жардамга келүүлө рү менен айрымаланышат. Чоролору үчүн Манас - идеал, атак жана даңк, аскерий ураан. Алардын ар биринин алмаштыргыс сапаттары бар. Мисалы, Maнac – эч кимде жок алп күчтүн ээси жана улуу стратег; Бaкaй – өзгөчө баатыр, Манастын жакын жана акылман кеңешчиси; Aлмaмбeт – ата-теги кытай болгонуна карабастан кыргыз эли үчүн ак дилден чыныгы кызмат кылган, энepгиялуу, табияттын сырын билген адаттан тышкары баатыр; Cыpгaк – күч жагынан Aлмaмбeтке тең, чыдамкай жана эпчил баатыр. Ал эми кыpк чopo - сан жагынан көп болгон ар кандай душманды талкалоого алы жеткен кошун.

Эпостогу терс каармандар да башкы каармандын артыкчылыктарын белгилөөгө жардам берет. Манастын образына анын негизги душманы, күчтүү , айлакер, ич күйдүлү гү бар Коңурбайдын образы каршы турат. Жoлoй - айлакерлиги жок, түгөнгүс күчкө ээ, ачкөз адам. Аны Кошой гана жөө күрөштө жеңе алган.

Эпосто аялдардын да эстен чыккыс образдары бар. Алардын ичинде башкы каармандын аялы, мээрман Каныкей айрымаланып турат. Ал - ак көнүл, чынчыл, мекенин чексиз сүйгөн уулду тарбиялаган эне эле эмес, өз эли үчүн ар кандай жоготууларга даяр, күжүрмөн, эмгекчил, колунан көөрү төгүлгөн уз аял. Мисалы, Каныкей баш болгон аялдар кыргыз жоокерлерине ок өтпөс кийимдерди өз колдору менен тигип беришет. Каныкей өтө катуу жаракат алган Манасты айыктырат жана ал саткын тарабынан жарадар болгон кезде өлүмдөн да сактап калат. Эң негизгиси, Каныкей - Манастын эң жакын кеңешчиси.

Семетейдин образы Манаска караганда анча күчтүү болбогону менен, ата-мекенге болгон сүйүүсү, мекенчилдиги жагынан кем калбайт. Мисалы, өз мекенинен четте жүргөнүнө күйүп- бышып, чет элдик баскынчылар менен күрөшөт жана өз мекенин саткан чыккынчылар менен катуу кармашат. "Ceмeтeйде" Манастын апасы, Семетейдин чоң энеси - Чыйырдынын, акылман Бакайдын образдары андан ары өнүгуп өрчүп улантылат жана жаңы каарман – мекенчилдиги жана романтикалуулугу менен айрымаланган Айчүрө ктүн – Семетейдин аялынын образы киргизилет. Айчүрө ктүн образына атак-даңкты жакшы көргөн, ар нерседен өз кызыкчылыгын гана издеген Чачыкейдин образы каршы турат. Күлчоронун образы - өз атасы Алмамбеттикине окшоп кетет. Күлчорого бат ачуусу келген, өзүн гана ойлогон чыккынчы жана саткынга айланган Канчоронун образы каршы турат.

Үчилтиктин акыркы бөлүгү "Ceйтeкте" башкы каарман Сейтек – баскынчылардан өз элин коргогон жана адилеттү үлүк үчүн күрөшкө н тайманбас баатыр катары берилсе, Күлчоро белгилүү акылман Бакайды эске салат, б.а. ал – тайманбас жана эр жүрөк баатыр, башкы каармандын акылман кенешчиси болуп калат. Сейтек кыргыз урууларынын биригишине жетишип, эл үчүн тынч, бакубат турмуш өкүм сүрө баштайт. Эпостун аягында үчилтиктин сүйүктү ү каармандары Бaкaй, Kaныкeй, Ceмeтeй, Aйчүpөк жана Kүлчopo эл менен кош айтышып, көздөн кайым болушат. Алар менен кошо Манастын сүйүктү ү Aк куласы, Kyмaйык ити, Семетейдин Taйбyypyл аты да көрүнбө й калышат. Ошондуктан болсо керек, эл арасында көздөн кайым болгон каармандар эмигече жашап, жер кыдырып жүрүшө т, кээ бир адамдарга көрүнү п - Манас менен Семетейдин эрдиктерин эске салышат деген сөз бар.

Манастын уулу Семетей[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Семетей

Семетей — «Семетей» эпосунун баш каарманы, Манастын баласы. Ысым моңголчо «сенге» («чэнггэ», «ценгэ», «ценг») — «кубаныч», «шаттык» дегенден же Орхон-Эне-Сай жазууларында кезиккен, ошол доордогу Борбор жана Орто Азиядагы аскердик жок. Башкаруучуну, аскер башчысын туюнткан сөздөн кыргыз тилине ылайыкташтырылган деген пикирлер бар. Ысымдын аягындагы «— тей» бөлүгү түрк-моңгол элдеринин антропонимдеринде кеңири кездешип, адамды эркелетүүнү туюнтат.

Эпикалык салт боюнча Манас менен Каныкей көпкө балалуу болбой, алп Кошойдун батасынан кийин гана Семетей бойго бүтөт. Эпикалык сюжеттин өнүгүш салттарына ылайык С-дин укмуштуу төрөлүшү, келечектеги баатыр дык иштери да символдоштурулуп берилет:

«

Таманы менен тик тууган,
Оң колуна кара кан
Кармай түштү деп угам.
Кара кан кармай түшкөнү,
Катылышкан душманды,
Каарданып урушса
Канын төгөм дегени,
Сол колуна сары заар
Уучтай түшкөн себеби,
Сары заардай саргартып
Дүмүрүн казам дегени.

»

Эпикалык салт боюнча Семетейге ылайыктуу ысым берүү да кыйынчылыкка турат.

Балага ат коюуга эч ким даабай турганда ак боз атчан, ак сакал адам келип Семетей деп коёт (Радлов жазып алган вариант). Семетейдин балалыгы Манастын өлүмүнө байланыштуу оор учурга туура келет.

Атасынын көзү өткөндө Семетей алты айлык (Г. Алмаши, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) же үч жарым жашта болот да (Сагымбай Орозбаковдун варианты),Манас өлгөндөн кийин анын ордосун талаган бир туугандары Абыке-Көбөштөн качкан энеси Каныкей, Семетейди өз атасы Темирканга Букарга алып кетет. Семетейди иниси Ысмайлыга бала кылып берет.

Алмабек Тойчубек уулу м-Н Актан Тыныбек уулунун варианттарында Семетей бала күнүнөн Манас сыяктуу кожо-молдого кас чыгат.

«

Базарда байды сабады,
Соодалап алган оокатын
Кедей менен кембагал
Ошолорго алперет.
Кожонун тапкан тыйынын
Койчуларга таратат,
Эшендин тапкан эмгегин,
Элден кайыр сураган
Эшекчиге таратат.
Байлардын тапкан тыйынын
Баарын тартып бул алат.
Жарым тыйын өзү албай
Жардыларга таратат

»

(АТВ, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 1993-инв., № 1 дептер, 125-б.).

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Семетейде» баатырдын балалыгы, башкача айтканда биринчи эрдигине чейинки өткөн аралык жомоктук мотивге караганда турмушка көбүрөөк окшошуп, эпостогу сүрөттөлгөн доор биздин күндөргө жакын. Семетей он экиге чыкканда Каныкей төлгө кылып Тайторуну ат чабышка салат. Ысмайыл Каныйкедин бул кылганына ачууланып Семетейди аттарды тоскону жиберет. Бирок, Семетей өз билгенин иштеп, жанындагы чоролорун көндүрүп Каныйкедин аты Тайторуну сүрөп баш байгени алат. Ошону менен Каныкейдин төлгөсү оңунан чыгат.

Мындан кийин Семетей Сарытазга жоолугуп андан өзүнү кыргыз экендигин билет Сарытаз ага кырк кыздан баштап, андан Мансур — Түмөнкан — Санчыкан — Акжолтой — Санколдой — Эгизей — Жээрен — Бөйөнкан — Чаянкан — Балакан — Каракан — Жакып — Манас деп билгизет.. Тай атасы менен таякесине таарынып жатып Сарытаздан сөздөрүнүн чындык экендигин айтырып алат. Мындан соң Каныйкеге келип Манастын жомогун угуп Таласка аттанып чыгат. Таласка келип Манастын тайганы Кумайыкты, атаны Желмаянды, Акшумкарды жоолуктурат. Тууган жердин алгачкы таасири, табиятынын сулуулугу каармандын көтөрүңкү көңүлүнө, максатына шайкеш. Ал эми жолуккан Бакайдын, Манастын жандыктарынын арып-азган кебетелери — Семетейдин намысына тие турган зарыл компоненттер, Семетейдин келиши менен Манастын иши, өмүр бою аркалаган максаты жанданат. Жаш баатырдын атасынын ордуна келүүсү эпосто атанын ишин улоо, андан калган мурасты биротоло ээлөө деп түшүнүлөт. С.— кан аталганы менен атасы сыяктуу эле эң алды менен элди-жерди коргогон элдик баатыр, элдин таламын көздөгөн адам.

Көөнө типтеги алгачкы баатырлык жомоктон жаралган баатырдык эпостордо башкы каарман чыныгы баатыр болуш үчүн мине турган тулпарга, жоо кийими менен курал-жаракка, түрдүү магиялык жандыктарга ээ болушу зарыл. Манас баатыр да магиялык касиеттеги Аккула, Акшумкар, Желмаян, Кумайык өңдүү жандыктарды күткөн. Бул сыяктуу көрүнүштөр негизинен эпикалык башкы баатырлардын ата журт үчүн кызмат кылуусунда маанилүү милдеттерди аткарышат. Манас өлгөн менен ордун жоктотпой турган баласы калды деген ишенимдеги элдик көз караш Семетейдин сырткы кебетеси, сыны эле турсун, фантастикалуу жандыктары менен мифтик колдоочуларынын, курал-жарагынын Манастан оошкондугун көрсөтүү аркылуу Семетейдин образын тереңдетет. Фольклочу В. Я. Пропп эпостордогу укмуштуу төрөлүү мотивинин келип чыгышын тарыхый аспектиде терең талдап карап, укмуштуу төрөлүү мотивинин өсүп чыккан булактары, ээлеген орду өтө байыркы мезгилдерге, байыркы түшүнүктөргө байланыштуу экенин белгилеген. Жаш баланын төрөлүшү — элдик оозеки чыгармаларда кеңири таралган мурунку көзү өткөн ата-бабанын кайтадан жаңыланып жарыкчылыкка келиши сыяктуу бааланган байыркы түшүнүк. Ушул көз караштын өзү генеалогиялык принциптин пайда болушунун маанилүү бир элементи катары «Манас» эпосунда да орун алган. Анткени, Манаска тулкубоюнун окшоштугу, кийим-кечеси, курал-жарагы, ээрчиткен жандыктарынын, акыры колдоочу чилтен-пирлеринин бирдейлиги менен Семетей Манастын кайрадан тирилишиндей сезилет. Ошондуктан Семетейдин портрети да эпосто:

«

Ат арытып, жер чалып,
Ит агытып, куш салып,
Колдогону кожосан,
Кол бергени кырк чилтен.
Кырк чилтендин бирөөсү —
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Миң кишидей түрү бар,
Минтип колдоп алыптыр.
Оң жагына караса,
Чолок көк жал арыстан
Жандай салып чамынып,
Минтип колдоп алыптыр.
Ажыдаар ак жылан
Оозун ачып ышкырып,
Илеп тартып жарчудай,
Миң сан колдой түрү бар,
Артынан сойлоп калыптыр.
Алп кара куш зымырык,
Азыр илип алчудай,
Бутун салып арбайып,
Үстүндө жүрүп калыптыр

»

(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 107-б.), — деп сүрөттөлөт.

Семетейде да Манастыкынан калышпаган зор касиет, эпикалык сүр бар. Ачуусу келгенде Манаска окшоп «бетинен беш бейпактык жүн чыгып, жолборстой чамынып, каарына кара жер калыңынан араң туруштук берип көтөрүп тургандай» түргө келет. Алдын ала даярдалган каарман отко күйбөс, сууга чөкпөс өңдүү өзгөчө сапаттарга ээ. Семетей көпчүлүк учурда «Түгөнгөн сайын түтөгөн Түгөнгүрдүн тукуму, Өлгөн сайын өөрчүгөн Өрттөнгүрдүн өз уулу» — деп мүнөздөлөт. Анын кереметтүү касиеттери атасынан калган Аколпокту, туулганы кийип, магиялык куралжарактарга ээ болгондугуна байланыштырып, баатырлардын өлбөстүгү жөнүндөгү мотивди өз дооруна ылайыкташтыргандыгы байкалат. «Манас» бөлүмүндөгүдөй эле «Семетейде» да баатыр жоо-жарагын алып, Тайбуурулга мингенде ок өтпөс, кылыч кеспес касиетке ээ болот. Манастын жолдошу акылман Бакайга жоолугуп чоң атасы Жакып кандын кабарын алат. Жакып Семетейди ууландырып өлтүрүүгө аракет кылат, бирок, иши оңунан чыкпай калат. Семетей атасынын асыл мүлктөрүн алып биротоло көчүп келгени Букарга кайтат.

Андан кийинки окуялар Семетейдин Таласка көчүп келишинен тартып өнүгөт. Семетей Абыке, Көбөш, Жакып кан мен согушуп аларды жок кылат. Сары таз хан шайланат. Убагында Каныкейге ыдык көрсөткөндөрүн эске алышып Кыргыл чалдын көкүтү менен кытай көздөп качкан атасы Манастын кырк чоросун жайлоого аргасыз болот.

Кийинки окуялар Айчүрөк менен байланышат. Убагында Манас хан Оогандын ханы Акун хан менен бел куда түшкөн болот. Семетейге таарынган нойгуттардын Чынкожосу жедигердин Толтоюна барып аны Айчүрөктү алууга көндүрөт. Айчүрөк ак куу кебин кийип учуп, Таласка келип амал менен Акшумкарды алып кетет. Акшумкар издеген Семетей Күлчоро менен Канчорону ээрчитип Айчүрөктү көздөй жөнөйт.

Семетей таятасыныкынан Таласка көчөрдө Чачыкейге үйлөнсө да, сөзсүз түрдө атасы кудалап кеткен, маңдайына жазылган колуктусу Айчүрөккө үйлөнүүгө милдеттүү. Ошон үчүн:

«

Букардан катын алдым деп,
Ойлоп жүргөн экенмин.
Катын албай капырай,

»

Бойдок жүргөн экенмин — деп, Айчүрөктү алгач көргөндө эле баалап, буйруктуу колуктусун жетимдиктин айынан эмдигиче ала албай жүргөнүнө өкүнөт.

«Манас» эпосундагы салтка айланган бир көрүнүш — негизги баатырлардын кимисинин болбосун өздөрүнө ылайык мыкты аялдары айрыкча даңазаланат. Манас Каныкейдин, Семетей Айчүрөктүн эмгегине жараша ыраазычылыгын билдирип, артынан токол албаска, атаң-анаң деп сөкпөскө ант беришет. Бирок согуш ишинде же бир кысталыш учурунда алардын өкүмдүгү, курчтугу жеңет. Айчүрөктүн жамандыкты алдын ала сезип кой, барба — дегенине болбой, Семетей атасынын күмбөзүнө келип, ич ара чыккынчылыктын курманы болот. Өзүн топурак басып келатканын сезген баатыр элин, энесин, аялы менен төрөлө элек баласын ишеничтүү чоросу Күлчорого табыштайт. Элинин тагдыры үчүн санаасы санга бөлүнүп, мал-жандыкты жарды-жалчыга таратып бер, эл баягы мен бардагыдай жайбаракат жатпай бирге конуп, сакчыны тыңдап койсун деген осуят калтырат. Саякбай Каралаевдин вариантында Семетейди Манастын өчүн ала турган уулу, ишин улантуучу мыйзамдуу мурасчы катары таанытууда аңын атасынан калышпаган алптыгына, ашкан эрдигине өзгөчө басым жасалат. Эпостун акырында Семетей өзүнүн алдына коюлган милдеттерин аткарып бүткөн каарман эсебинде ордун уулу Сейтекке берип, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, Күлчорого кошулуп кайып болуп кетет. Мунун негизинде жашоо түгөнбөйт, күрөш эстафетасы муундан-муунга, атадан балага өтөт деген элдик көз караш, турмуштук философия жатат. Кийинки согуш тышкы душман Коңурбай менен болот. Семетейге ок жаңылып, Айчүрөк ок аттап түшүрөт. Бул согушта да Семетей жеңишке жетишет.

Чубактын уулу Канчоро Семетейге таарынып чыкккынчылыка барат. Ал амал кылып Семетейди Манастын күмбөзүнө тайынабыз деп жараксыз алып чыгат. Сүйлөшүп койгон Толтойдун Кыязы колу менен келип курчап калат.

Тайбуурулдан айрылган Семетей Канчоронун колунан каза болуп кайып болуп кетет. Күлчоро колго түшүп Кыяздын кулуна айланат.

Семетей кайып болгондо ордуна Сейтектин калышы жалпы элдик кыялга, үмүт-тилекке шайкеш. Дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларындагы оптимисттик дух каармандын ордуна жаңысын жаратуу менен гана чектелбестен, Семетей сыяктанып өлбөс каарманга кошот, же дагы бир түбөлүктүү нерсеге айланып кетти деген ишеним билдиришет. Маселен, орус элинин Дунай жөнүндөгү былинасынын эпилогунда Дунайдын өлгөн жеринен агып чыккан Дунай дарыясы менен анын аялынын өлгөн жеринен агып чыккан Настасья жөнүндө айтылат. Бул эки дарыя соолбой, түбөлүккө ага берет. Анын себеби да «Семетейдегидей» эле сүйүктүү каармандарды өлүмгө кыйбоо мотивинин бир көрүнүшү болуп эсептелет. Кыскасы, элдик учкул кыял башкы каармандардын элесин кандай да болбосун сактап калуунун түрдүү жолдорун издейт жана табат. Семетей кийин Сейтек эпосунда элге кайтып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. С. Каралев. "Манас" эпосу, 2010 ж.
  2. Абдылдажан Акматалиев "Азаттык" радиосуна
  3. С. Каралев. "Манас" эпосу, 2010 ж.
  4. Ж. Мамай. "Манас" эпосу, — Б., 2004
  5. Ошондо эле
  6. Б. Юнусалиев. "Манас" эпосу 1т. Кириш сөз, 6б. -Ф., 1958 ж,