Жусуп Мамай

Википедия дан
Жусуп Мамай
Жалпы маалымат
Туулган убагы: расмий документте 1918-жыл, жаңы иликтөөгө караганда 1916-1917-жыл
Өлгөн убакыты: 2014-жыл, кулжа (июнь) айынын 1и
Туулган жери: Меркеч айылы, Ак-Чий ооданы, азыркы ШУАР, КЭР
Өлгөн жери: Ак-Чий кыштагы, Ак-Чий ооданы, ШУАР, КЭР
Өлкө: КЭР
Ишмердүүлүгү: манасчы
Жанры: эпос
Сыйлыктары. Наамдары: Кыргыз Республикасынын Баатыры (2014), "Тоо Гүлү" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Манас" орденинин ээси, "Ак шумкар" орденинин ээси

Жусуп Мамай (Жүсүп Мамай; Jusup Mamay), Жусуп Мамай уулу (1916 же 1918 - 01.06.2014) - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын Баатыры (2014).

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган. Жаңы маалыматтарга караганда, Жусуп Мамай 1916-жылы жарык дүйнөгө келгендиги такталууда (Булак: Адыл Жуматурду менен Токтобүбү Ысак кызынын 2014-жылы Бишкекте жарык көргөн китеби).

Жети жашынан кат тааныган.

Анын агасы Балбай Мамай уулу "Манас" эпосуна кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн.

Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында, бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

"Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой", "Ажыбек Баатыр" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.

Кыргызстанга бир нече ирет келген.

1989-жылы кулжа (июнь) айынын 3үндө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.

1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.

Өмүр таржымакалы тууралуу толугураак маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда (башка жаңы маалымат боюнча 1916-жылы) туулган. Ал Какшаалдагы чериктердин Кызыл тукум уруусунан.

Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаты тың адамдардын бири болгон. Мамай аксакал Мекеге барып, Ажы да болуп келген.

Жусуп Мамай кичинекейинен эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында эле айылдагы Ыстам Кожо аттуу молдонун колуна кат үйрөтүүгө берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.

Анын агасы Балбай Мамай уулу ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосун жыйноо, дастандын ар кандай варианттарын топтоо иштери менен алектенген саналуу гана манас таануучулардын бири болгон.

Жусуп Мамай эпосту Балбай Мамайдын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн:

- Балбай агам экөөбүз бир ата, бир энеденбиз. Мен ал 21ге чыкканда туулган экенмин. Балбай агам 6-7 жашында молдого окуп, кат тааныган. Ал «Манасты» андан- мындан сурап, дастанды үйрөнүп, жазып, топтоп жүргөн. 1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн, - деп Жусуп Мамай тарыхчы Азиза Турдуевага айтканы бар.

Ал куйма кулак, зээндүү, тунук көкүрөк болуп чоңоёт.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун да белгилейт.

Жусуп Мамайдын айтымында, эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.

Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.

Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» - дейт.

Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.

Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.

Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:

«Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар - Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».

Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.

Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.

Ошондо атасы уулуна:

«Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа», - деп акыл-насаатын айтат.

Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле.

Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, «Манастын» өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.

1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.

Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, «манасчы» деген атка конот.

1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.

Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.

Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.

1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.

Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.

Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матили, Мамбетасан Эрги, Оркалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.

1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.

Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

2014-жылдын май айында ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык ыйгарылды. Бирок наамдын ээси бул кабар тууралуу укканы менен, жогорку сыйлыкты кабыл алууга жетишкен жок.

2014-жылдын кулжа (июнь) айынын 1инде таңга маал Жусуп Мамай Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы ооруканада оорунун айынан кайтыш болду.

Анын сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилди.

Устаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай: Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз.

Ал тууралуу жыйындар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги №95 «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду тарабынан Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында 2013-2017-жылдары илимий-практикалык жыйындар уюштурулду.

2013-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Мамайдын 95 жылдыгына арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

ТаласМУдагы эл аралык жыйын[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын бугу (май) айынын 24үндө, ишемби күнү Талас мамлекеттик университетинин (ТаласМУ) Башкы жыйын залында “Жусуп Мамай - заманыбыздын залкар манасчысы” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды ТаласМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А. И. Жылкичиев расмий ачты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Гимни ойнотулуп, Жусуп Мамай тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Куттуктоо сөздөрү менен төмөнкүлөр чыгып сүйлөдү:

  • Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин атынан куттуктоо сөз (Т.Чоротегин окуду)
  • КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү К. А. Курманалиева
  • КЭРдин Шинжаң педагогикалык университетинин Адабият институтунун директору, профессор Чжоу Шан (Zhou Shan) айым
  • КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын Эл курултайынын мурдагы төрага орун басары, Кызыл-Суу Адабият, көркөм өнөрчүлөр биримдигинин төрагасы Жумак Кадыр
  • КЭРдеги “Тил жана котормо” журналынын жооптуу редактору, ф. и. д., профессор Макелек Өмүрбай
  • “Диалог Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурлан Кудайбердиев
  • И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу институтунун директору, флс. и. к., профессор Топчубек Тургуналиев, ж.б.

ТаласМУдагы Пленардык ачылыш отурумда төмөнкүдөй илимий баяндамалар окулду:

  • Адыл Жуматурду – ф. и. д., профессор (Бээжин, Кытай Эл Республикасы) - Жүсүп Мамайдын өмүр жылнаамасы жана “Манас” эпосунун Жуңгодогу тагдыры.
  • Мамбеттурду Мамбетакун – Шинжаң педагогикалык университетинин профессору (Үрүмчү, Кытай Эл Республикасы) - Жүсүп Мамайдын 1961-1964-жылдар аралыгындагы манасчылыгы.
  • Амантур Абдырасул – Кызыл-Суу Кыргыз Автоном аймагы бейзаттык маданий мурастарды сактоо жана «Манас» изилдөө борборунун мүдүрү, адис редактор, изилдөөчү (Кытай Эл Республикасы) – “Манастын” Жүсүп Мамай вариантындагы “Кыргыз” этноними.
  • Абакиров Курманбек – ф. и. к., Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти (Бишкек, Кыргызстан) - Манасчылык: илимий жана илимден тышкаркы көз караштар.
  • Кененсариев Ташмамбет – т. и. д., профессор (Бишкек, Кыргызстан) – Улуу манасчылар С. Орозбаковдун, С. Каралаевдин жана Ж. Мамайдын варианттарына тарыхый-салыштырмалуу аңдоо.
  • Мукасов Муратбек – ф. и. к., КР УИА Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту (Бишкек, Кыргызстан) - Манасчы Жусуп Мамайдын вариантындагы айрым өзгөчөлүктөр (Манастын төрөлүшү боюнча)
  • Субакожоева Чолпон – тарыхчы, изилдөөчү (Бишкек, Кыргызстан) – Жусуп Мамайдын өмүр жолунан жана манасчылык өнөрүнөн баян.

Жалпы жонунан алганда илимий жыйында 45 илимий баян окулду.
Секциялык отурумдар аягына чыккандан кийин, илимий жыйындын жыйынтыктоочу бөлүмү өткөрүлүп, секциялардын жетекчилери иш жыйынтыгы тууралуу баяндашты. Ж.Мамайдын чыгармачылыгын андан ары тереңдеп изилдөө зарылдыгы, жалпы манасчылык өнөрү, басма иш, мындан ары мындай жыйындарды өткөрүү ж.б. көйгөйлүү маселелер жөнүндө кеп козголду.

2014-жылдын бугу (май) айынын 25инде, жекшемби күнү, ТаласМУдагы эл аралык илимий жыйындын катышуучулары Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине зыярат кылышты. Комплекстеги “Манастын күмбөзүндө” ата-бабаларга багышталып куран окулуп, андан соң коноктор жалпы комплекс менен таанышып чыгышты. “Манас Ордо” комплексине китеп тапшыруу аземи да болуп өттү.

Манасчылардын концерттери жана башка маданий чаралары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда жана Кытайда Жусуп Мамайдын залкар салымын даңазалаган ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Маселен, Бишкек шаарында Жусуп Мамай каза болгондон кийин 2014-жылдын кулжа (июнь) айында манасчылардын "Манастын" үзүндүлөрүн аткаруусу менен коштолгон эскерүү жыйыны болду.

2015-жылдын бирдин айынын (февралынын) 5инде Кыргыз улуттук филармониясында Жусуп Мамайга арналган иш-чара жана манасчылардын концерти өткөрүлмөкчү.

2014-жылы КЭРде маркуум Жусуп Мамайдын элесине багышталган бир нече иш-чара өттү. Анын арасында 2014-жылдын аяк оона (сентябрь) айынын 24-29дарында Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн манасчылардын жарышы жана сынагы (конкурсу) болду. Ага Кыргызстандын жана КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун манасчылары катышты. Алардын арасында Рыспай сыяктуу кыргызстандык дасыккан манасчылардан тышкары, таанымал кытайлык кыргыз манасчылары, ошондой эле, жаңыдан телчигип, жаттама болсо да "Манас" айта баштаган өнөрпоздор да болушту.

Бишкектеги китеп көргөзмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын бугу (май) айынын 23үндө, жума күнү, Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасында “Жусуп Мамай – заманыбыздын залкар манасчысы” аттуу китеп көргөзмөсү салтанаттуу ачылды.

Бул аземдин алкагында КЭРдин ШУАР Өкмөтүнүн Кыргызстандагы илимий мекемелерге китеп тартуулоосу жана Токтобүбү Ысак кызы менен Адыл Жуматурдунун Жусуп Мамай тууралуу китебинин Бишкектеги чыгарылышынын бет ачары өткөрүлдү.

Бул иш чарада Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын директору, ф.и.д., профессор Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фондунун Башкармалыгынын төрагасы, “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсынын президенти, т.и.д., профессор Т.Чоротегин, КЭРдин ШУАР Өкмөтүнө караштуу Басма жана маалымат мекемесинин башчысынын орун басары Хуаң Шиаошин (Huang Xiaoxin), Кыргыз Эл жазуучусу, “Кыргыздар” көп томдугунун түзүүчүсү К.Жусупов, КЭРдин “Манас” эпосун изилдөө коомунун баш катчысынын орун басары, КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын профессору, жаңы китептин авторлорунун бири Адыл Жуматурду, ж.б. чыгып сүйлөштү.

Жусуп Мамайдын чөбөрөсү, жаш манасчы Тургуналы Турсуналы менен анын жердеши, студент, жаш манасчы Асанаалы Халил уулу конокторго “Манас” дастанынан үзүндү аткарып беришти.

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынан келген расмий өкүлдөр, манас таануучулар, манасчылар, окумуштуулар, Ж.Баласагын атындагы КУУдан жана КЭРден келген студенттер, бардыгы болуп 80ден ашуун киши катышты.

Ал тууралуу иликтөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобекова, Ч.Субакожоева, А.Турдуева, ж.б. адистер.

Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай жана кытайлык кыргыз сыналгы инженери Нургелди Турганбай. Ак-Чий шаарындагы Жусуп Мамайдын үйүндө. 2013-жылдын 20-майы.

Макелек Өмүрбай Жусуп Мамайдын вариантындагы "Манас" дастанынын өзгөчөлүгүн чечмелейт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Үйдө жатса - эл бакмак,
Чаап келсе жоо алмак,
Баатырлыктын белгиси.
Капкайда барып, эл чапмак,
Кагышып жүрүп мал тапмак,
Карөзгөйлүктүн белгиси”.

Мына ушул принцип ушул Манастын ошол кездеги өзүнүн бийлигинин чоң программасы катары жүргөн экен. “Үйдө жатса - эл бакмак” деген кеп тынчтык кезинде элди өнүктүрүү, байытуу, элдин турмушун ошол “кемпирлер куйрук карабай турган, келиндер табак жалабай турган” ар бир үйдүн босогосунда май агып турган турмушка жеткирүү Манастын мурасы экен.

Андан кийин өзүнчө барып кагышып жүрүп, элди чаба турган кагылыштан ошентип мал таба турган бул карөзгөйлүк дейт. Жаман сөз менен айткан убактысында ал өтө пастык, жаман жорук деп түшүнгөн инсан. Манастын ушундай өзүнчө ою, мээси, дүйнөдө жашоонун принциптери болгон. Ошондуктан ал Манас атка конуп, ички жети канды, сырткы жети канды бириктирип, он төрт кандын башын кошуп, ошол кезде кыргызга бир тамшанып кала турган айкөл турмушту таап бергендин өзү эле жалгыз эле жоону жеңип, жоону алып коюп эле эмес мээ менен, акыл менен адамдардын башын кошуу жагы дагы Манастын идеясы, руху, өзүнүн сөздөрүнөн чыгат экен.

Анын айланасындагы Бакай, Акбалта, Кошой, Каныкей, Алмамбеттердин акылмандуулугу. Аларды чакырып келген ошол Манас өзү акыл берип эле калбай, кыргызга акыл чогулткан акылмандарды өзүнүн жанына тарткан чоң касиети бүгүнкү жашоо турмушубузга чейин үлгү боло турган жакшы жумуш экен деп ойлоймун.

Эми Жусуп Мамайдын өзүнүн айткан Манасы анын көлөмү жагынан же болбосо 223 миң сап көлөмдө сегиз урпакты айтып берген өзгөчөлүгү бар. Андан бөлөк Манас эпосунун ичинде кыргыздын акылы, ою, салт-санаасы, каадасы, жалпы эле адамзат кантип киши болуу, ушул кишилик сапатты кандай көтөрүү боюнча өтө чоң билимдер Жусуп Мамайдын айтымында түйүнчөк катары түйүлүп келе жаткан экен.

Эми “Манасты” изилдейбиз, анын ичине киребиз дейбиз. Анын формасын, анын көлөмүн же болбосо канчалык айтып калганына мактанбай ошонун ичинде адамзатка, атап айтканда, кыргыздын өзүнүн акылы, инсандын бүткүл акылына чамгарагы, андан кийин үзөнгүсү тең келип, үзөнгүлөш басып жүргөнүн далилдей турган бир кубанычтуу иш болуп жатат.

Нооруз Үсөнаалы Жусуп Мамайдын башка манасчылардан болгон айырмачылыгы жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Менин пикиримде, Жусуп Мамайдын манасчылыгынын бир өзгөчөлүгү – «Манастын» кийинки урпактарын кошуп айткандыгында. Башка манасчылар «Манас», «Семетей», «Сейтекти» эле айтышат эмеспи. Экинчиси – ал өзү сөзмөр, акындыгы бар болгондугу үчүн жөндөмдүүлүгүнө жараша эпостун чөлкөмүн кеңейтип айткандыгы. Ошондой эле көркөмдүк жагынан «Манасты» башка манасчыларга салыштырмалуу бир кыйла жогору айтат".

Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын 30-майында (бугу айынын 30унда), Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, улуу «Манас» эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири - "Тоо Гүлү" сыйлыгына эки жолу татыган.
Кыргыз Эл артисти наамын алган.
Биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Эстелик. Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыков Жусуп Мамайдын айкелин жасаган. Бул айкел КЭРде тургузулган.

Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жалал-Абат мамлекеттик университети. 22-24.05.2016. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 396+iv б., сүрөт. – “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. – Жалал-Абат мамлекеттик университети. – Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. ISBN 978-9967-12-567-4.
  • Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. - – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN – 978-9967-12-486-8.
  • Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. – Б.: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 514 б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN 978-9967-12-394-6.
  • Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору: Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасына арналган IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Бишкек шаары, 14.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. — 470+ii б., сүрөт. — Жусуп Баласагын атындагы КУУ. — “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. — Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. — “Мурас” фонду. — “Тарых жана мурас” түрмөгү. — ISBN 978-9967-32-227-1.


  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз элинин манасчылары: Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – 96 б.
  • Ысак кызы Токтобүбү, Жуматурду уулу Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. - ISBN 978-9967-12-401-1.
  • Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын тезистери: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Кыргызский каганат в контексте средневековой государственности и культуры тюркских народов: Тезисы материалов II международной научной конференции, посвященной 1170-летию образования Кыргызского каганата в Центральной Азии: 15-16 ноября 2013 г. / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага / председатель), ж.б. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2013. – 232 бет. – “Мурас” коомдук фонду. - ISBN 978-9967-12-360-1. (Мында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын тезистери бар).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.prezident.kg/kg/okujalar/zharlyktar/4008_manaschyi_jusup_mamayga_ak_shumkar_ozgocho_belgisin_tapshyiruu_menen_kyirgyiz_respublikasyinyin_baatyiryi_en_jogorku_artyikchyilyik_darajasyi_yiygaryildyi/(жеткиликсиз шилтеме)