Асанбай Матили
Асанбай Матили | |
| |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, Артыш шаар, Каражүл айылы |
Чыгармаларынын тилдери: |
Асанбай Матили (1936) — Кытайдык кыргыз адабиятынын жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, акын, адабиятчы жана "Манас" эпосунун изилдөөчүсү[1]. Ал Шинжаңдагы Артыш ооданына караштуу Каражүл айылында 1939-жылы туулган.
Эрте Жашоосу жана Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асанбай Матили 1943-1951-жылдары диний мектепте билим алган. 1953-жылы Каражүл райондук оюн-зоок тобунда иштей баштаган. 1953-1956-жылдары Кашкардагы медицина окуу жайында окуган соң, 1956-1959-жылдары Шинжаң педагогикалык шөйуанынын адабият факультетинде билим алган. Бул мезгилде, 1957-жылы, акын өзүнүн алгачкы "Билбеймин" аттуу ырын жарыялап, адабий чөйрөгө таанылган.
Маданий Жумуштары жана "Манас" Эпосун Изилдөө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асанбай окуусун аяктагандан кийин кыска убакыт Кызыл-Cуу гезитинде иштеп, андан кийин маданий төңкөрүш мезгилинде оор жумуштарга тартылган. 1979-жылы акталып, 1981-1982-жылдары борбордук улуттар шөйуанында адабият мугалими болуп иштеген.
1983-жылы Асанбай Шинжаң уйгур автоном райондук эл оозеки адабиятын изилдөө коомунда "Манас" эпосунун изилдөө тобуна кошулуп, изилдөөчү катары иштөөгө киришкен. 1984-жылы манасчы Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосунун биринчи жана экинчи китептерин, ошондой эле бир нече эпизоддорун басмага даярдап чыгарган.
"Манас" Эпосунун Басылып Чыгышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асанбай Матили тарабынан басмага даярдалган "Манас" эпосунун "Жомок башы", "Кыргыздардын таралышы", "Алоокенин кыргыздарды чабышы" сыяктуу эпизоддорунда идеологиялык чагылышуулар жок болгондугу баса белгиленет. Бул иштер анын 1984-жылы жарыяланган китептеринде көрүнөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Турдубаева, Н. Ш. (2020.10). "Жуңго Кыргыздарынын «Кыргыз Калемгерлери» Антологиясы Тууралуу". КМКТАУнун Жарчысы 69 (3). https://www.researchgate.net/publication/351507431_ON_THE_ANTHOLOGY_KYRGYZ_WRITERS_OF_THE_XINJIANG_KYRGYZ.