Артыш
Артыш - Борбордук (Ички) Азиядагы шаар. Тарыхый Чыгыш Түркстандагы, азыркы Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районундагы 1950-жылдары уюшулган Кызылсуу Кыргыз автоном облусунун акимдик борбору.[1]
Артуш шаарынын карамагында 2 кичи район, 1 шаар жана 6 поселка бар.[2]
Артыш шаарынын ишкерлери коңшу Кыргызстан менен да соода алакаларын ырааттуу жүргүзүп келет.
Артыш шаары Теңир-Тоо кыркасынын түштүк тарабында жайгашкан.
Шаарда кыргыз тилинде басылмалар чыгат.