Үрүмчү

Үрүмчү, Дихуа – Чыгыш Түркстандагы шаар. 1757-жылы цин-манжур императору Цзянь Лундун тушунда негизделген (шаардын алгачкы аты –Дихуа). 1955-жылы шаар курулганга чейинки жергиликтүү географиялык аталышка көчкөн. Үрүмчү шаары Синь-цзян-Уйгур автономия районунун борбору. Калкы 1 миллиондон ашат (100дөй түтүн кыргыз бар). Үрүмчү шаарында «Эл басмасы» жана «Окуу-агартуу басмасынын» кыргыз сектору иштейт. Кыргыз тилинде «Шинжаң кыргыз адабияты», «Тил жана котормо» журналдары чыгат, «Элдик үн алгы бекетинен» күнүгө эки саат кыргыз тилинде уктурулат.
"Манас" энциклопедиясынан[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Үрүмчү — «Манас» эпосундагы топоним. Көпчүлүк варианттарда кыргыздар жана аларга жамаатташ элдер мекендеген жер катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчысы Үрбүнүн турган шаары катары баяндалат:
- Кара кыргыз уругу,
- Тору кыпчак улугу,
- Атасынын аты Таз,
- Шаары Үрүмчү, дөөлөт мас,
- Манас менен ысышып
- Дос болушкан ошол жаз (Сагымбай Орозбаков, 4. 11).
Географиялык реалияда Түндүк-Батыш Кытайдагы Ү. суусунун өрөөнүндөгү шаар. Синьцзян-Уйгур автоном районунун административдик борбору. 800 миң эл жашайт (1975). Шаардын аты Ү. суусунун атынан келип чыккан.
Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”
Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]