Кыргыз Республикасынын Баатыры
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» - Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2013-жылдын июнуна карата 22 Кыргыз Республикасынын баатырлары белгилүү.
Жобосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-ильда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген.
Бул жобо менен:
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамга «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылат. |
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамдардын энесине Баатыр эне ордени ыйгарылат.
«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси алтындан жасалып, жогорку деңгээлдеги сегиз нур 40 мм айлананы, жана ылдыйкы деңгээлдеги он алты нур 30 мм айлананы түзүп, симметриялык жылдыз формасында жасалган. Нурлардын, чектеринин жана формасынын караандары тоо чокуларын жана ачылган тоо жоогазынын элестетет. Жылдыздын борбордук диски рельефтүү күмүш лавр жалбырагы менен чегеленген. Дисктин борборунда ыйык Ак-Шумкардын күмүштөн жасалган рельефтүү сүрөттөлүшү жайгашкан. Дөңгөчү, кызыл эмаль талаачасында түндүктүн рельефтүү сүрөтү тумар [1] формасында жасалган.
КР баатырлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Аты-жөнү | Сүрөтү | Берилген жылы | Кесиби / Кызматы | Кошумча мааымат |
---|---|---|---|---|---|
1 | Түгөлбай Сыдыкбеков (1912—1997) |
1997 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
2 | Чыңгыз Айтматов (1928—2008) |
1997 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
3 | Тургунбай Садыков (1935) |
1997 | Советтик жана Кыргызстандык айкелчи, профессор. | ||
4 | Салижан Шарипов (1964) |
1998 | Орусиялык космонавт . | ||
5 | Турдакун Усубалиев (1961—1985) |
1999 | Мамлекеттик ишмер | ||
6 | Сабира Күмүшалиева (1917—2007) |
2000 | Советтик жана Кыргызстандык актриса | ||
7 | Курманбек Арыков (?) |
2002 | «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын монтаждоочусу. | ||
8 | Акбаралы Кабаев (?) |
2002 | «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын бригадири | ||
9 | Асанкан Жумакматов (1923—2008) |
2003 | Советтик жана Кыргызстандык дирижёр | ||
10 | Мамбет Мамакеев (1927) |
2004 | Хирург жана коомдук ишмер | ||
11 | Абсамат Масалиев (1933—2004) |
2005 | Мамлекеттик ишмер | ||
12 | Сүйүнбай Эралиев (1921—2016) |
2006 | Акын жана котормочу | ||
13 | Сооронбай Жусуев (1925—2016) |
2007 | Акын жана котормочу | ||
14 | Төлөгөн Касымбеков (1931—2011) |
2007 | Советтик жана Кыргызстандык жазуучу | ||
15 | Эрнис Акрамов (1936) |
2009 | Хирург, медицина илиминин доктору, профессор жана мамлекеттик ишмер |
- Кулийпа Кондучалова
- Дооронбек Садырбаев
- Исхак Раззаков
- Алисбек Алымкулов
- Бексултан Жакиев
- Муталин Мамытов
- Таштанбек Акматов
- Жусуп Мамай
- Алмазбек Атамбаев
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Илгерки кыргыздын үч бурчтук тумары
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын орден жана медальдары Archived 2007-12-22 at the Wayback Machine
|
|