Өзбекстан Республикасынын баатыры

Википедия дан
«Өзбекстан Республикасынын баатыры»
Расмий аталышы

Ўзбекистон қаҳрамони

Өлкө

 Өзбекстан

Ыйгаруу себеби

Өзбекстан Республикасынын президентинин токтому

Статус

ыйгарылат

Статистика
Көрсөткүчтөр

585 пробадагы алтын эритмеси
салмагы 12,5 г.

Түзүлгөн күн

1994-жыл 5 май

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» (өзб. Ўзбекистон қаҳрамони, Oʻzbekiston qahramoni) - Өзбекстан Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы.

Наам тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наам жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси, мамлекет жанан эл алдында баатырдык эрдик жасаган Өзбекстан Республикасынын жарандарына ыйгарылат. Өзгөчө учурларда «Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамы башка өлкөнүн жарандарына да ыйгарылышы мүмкүн.

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамын Өзбекстан Республикасынын президенти ыйгарат. Наамды ыйгаруу тууралуу указ басмаканаларда жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. «Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамына татыган адамга «Олтин Юлдуз» медалы жана наамды ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылат.

«Өзбекстан Республикасынын баатыры» наамын жанан «Олтин Юлдуз» медалын белгилөө тууралуу мыйзам 1994-жылдын 5-мартта Өзбекстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн токтому (№ 1039-XII) менен бекитилген, [1], 1996-жылдын 30-августунда РУзтун мыйзамы (№ 278-I) жана 2004-жылдын 3-декабрындагы РУзтун мыйзамы (№ 714-II) менен ага өзгөртүүлөр киргизилген.

Мельдын сүрөттөлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Олтин Юлдуз» медалы 750 пробадагы алтын менен жасалып, сегиз аякту, алды жагы эки кырдуу нурлардан турган жылдыз формасында. Жылдыздын башынан аягына чыйинки аралыгы 32 миллиметр. Медальдын так ортосундагы 8 милииметрдүү айланынанын ичинде Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик гербинин символикасына туура келген жарым ай жана беш аяктуу жылдыз жайгаштырылган. Жарым айдын диаметри 6 милииметр, ал эми беш аяктуу жылдыздын диаметри 3 миллиметр.

Медальдын арткы бетинин борбордук бөлүгүндө Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик герби жайгашкан. Гербтин астындагы төмөңкү нурунда ичти көздөй чуңкурайган 1 миллиметрдүү өлчөмдөгү шрифт менен медальдын номери жазылган.

Мелаль күмүштөн жасалган кулакча менен тогоонун жардамы менен каптал оюктары менен тик бурчтуу формада жасалган 16х25 миллиметрдүү күмүштүү калып менен бириктирилет. Калып жана бириктирүүчү тогоонун бөлүктөрү 0,25 микрон алтын менен капталган. Калыптын ички бөлүгү Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желегинин тилкелеринин өңдөрүндөгү тасма менен капталган. Тасманын өлчөмү 11х20 миллиметр.

Калып арт жагынан төнөөгүч менен бекитилген. Медальдын салмагы 12, 5 грамм.

Өзбекстан Республикасынын баатырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдугани Абдуллаев — Өзбекстан эл устасы
  • Абдулла Арипов — Өзбекстан жана Каракалпакстан эл поэти[2]
  • Абдрахман Абдразаков — болот эритүүчү
  • Аваз Эргашев — ширкат айыл-чарбасынын төр агасы
  • Агитай Адылов — Тахтакупир районунун «Тахтакупир» ширкат айыл-чарбасынын төр агасы
  • Азларов Тургун Рахматович - Өзбекстан эл мугалими
  • Алланияз Утениязов — мугалим
  • Ахмат Нарзуллоев — фермердик айыл-чарбанын төр агасы
  • Ачилбай Жуманиязович Раматов - «Ўзбекистон темир йўллари» мамлекеттик акционердик компаниянын башкаруу төр агасы;
  • Баходир Ильясов — темир жол куруучу
  • Вера Пак — балдар үйүнүн директору
  • Гайратдин Хожаниязов
  • Гулмат Хайитметов — фермер
  • Зикир Мухамаджанов — актер
  • Ибрайим Юсупов — Өзбекстан жана Каракалпакстан эл поэти[3]
  • Ислам Абдуганиевич Каримов — Өзбекстан Республикасынын президенти
  • Малика Абдуллаходжаева — академик АН РУз, профессор, патологоанатом
  • Машариф Куваков — председатель ширкатного хозяйства «Богот» Багатского района
  • Мирумар Асадов — реставратор
  • Николай Кучерский — техника илимдеринин доктору, академик
  • Озод Шарафиддинов — окумуштуу жана адабиятчы
  • Парда Зиятов
  • Саид Ахмад — Өзбекстан эл жазуучусу[4]
  • Саме Саматов — педагог
  • Серикбай Сагатов — чабан
  • Тожибай Ризаев
  • Тулепберген Каипбергенов — Каракалпакстан жазуучулар союзунун төр агасы
  • Махкамов Хамза Хаитович — 166-чы жол машина станциясынын машинисти
  • Эркин Вахидов — Өзбекстан эл поэти[5]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 5 мая – день учреждения звания «Герой Узбекистана» и других наград(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Abdulla Oripov(жеткиликсиз шилтеме)
  3. Ibroyim Yusupov
  4. Саид Ахмад(жеткиликсиз шилтеме)  (орусча)
  5. Erkin Vokhidov. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 3 -ноябрь (жетинин айы) 2008.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]