Жусуев Сооронбай

Wikipedia дан
(Сооронбай Жусуев барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Русланов Эмир
250px
Жарандыгы:

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Акын, Жазуучу

Чыгармачылык жылдары:

1943 - 2012

Сооронбай Жусуев - 1925-жылы 15-майда Совет районунун Кызыл-Жар кыштагында туулган - 2016-жылы 4-февралда Бишкекте өлгөн) - кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры (2007), Кыргыз эл акыны (1981), Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1998).
Оштогу мугалимдер институтун, Москвадан М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Совет райондук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде бөлүм башчы, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору, "Чалкан" журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген. Анын "Эмгек күүсү" аттуу эң алгачкы ырлар жыйнагы 1950-жылы жарык көргөн. Чыгармачылык өмүрүндө кыргыз, орус жана башка тилдерде көптөгөн ырлар жана поэмалар жыйнагы котормолору китеп болуп чыкты. "Курманжан датка" ыр менен жазылган романы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Согуштук ордендер, медалдар, Кыргыз жана башка республикалардын Ардак грамоталары менен сыйланган.


Өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган.
Акындын атасы Жусу Алай-Куу өрөөнүндөгү белгилүү казылардын бири болгон. 1929-жылы "кулакка тартылып" жазыксыз камалган.

С.Жусуев эскерүүсүндө: "(Атамды) Ош шаарындагы түрмөгө которуп, 1932-1933-жылдарга чейин камайт. Түрмөдөн бошотоору менен жөө-жалаңдап туулуп өскөн жери Алай-Кууну көздөй бет алат. Бирок, тилекке каршы, Алай-Кууга жете албай, Кара-Кулжадагы Түшүнүк деген айылда Таши деген таанышынын үйүндө убактылуу туруп калат дагы, көп өтпөй эле ошол жерде каза болот. Ошондо мен сегиз жашаар бала элем. Ошол күндөр али күнчө эсимден кетпейт”, - деп жазган. [1]

Сооронбай айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жж. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жж. Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт.

1947–1949-жж. Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1951-жж. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеген.

1951–1956-жж. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.

С.Жусуев 1957–1959-жж. «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган (2007).

С.Жусуев 2016-жылы 4-февралда каза болуп, маркумга арналып мамлекеттик ырасымдар өткөрүлүп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

С.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган.

Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган.


Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. 2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан.
С.Жусуев Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Шевченконун, Абайдын, Мактымкулинин, Исаакяндын, Омар Хайамдын, Маяковскийдин, Есениндин, Тычинанын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын ж.б. акындардын ырларын чебер которгон.
1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.
С.Жусуевдин 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев биринчи даражадагы Ата–Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору. Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин аты коюлган.
2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн С.Жусуевди Алтын медаль менен сыйлаган. Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбай Жусуевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шум-кар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде

Эмгек күүсү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 103 б.

Чындык менен ыр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 131 б.

Өмүр жазы: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 168 б.

Асан менен достошкондо: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 33 б.

Сүйүү менен ишенич: Ырлар, поэма жана котормолор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 177 б.

Үмүт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960 – 130 б.

Чоң атам жана мен: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1966. – 55 б.

Жылдыздуу тоолор: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 149 б.

Акын жүрөгү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 131 б.

Көңүл күүлөрү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 195 б.

Кызыл күн: Повесстер. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 236 б.

Түрмөк булуттар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 236 б.

Дабан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 114 б.

Алтын чынар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 142 б.

Тандалмалар: Тандалган ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 491 б.

Суктануу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 215 б.

Бийик асман: Сонеттер, ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 212 б.

Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 257 б.

Тоо жаңырткан чагылган: Ырлар, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1985. – 64 б.

Керемет: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 320 б.

Күмүш жылдыз: Ырлар, сонеттер, дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 144 б.

Курманжан датка: Ыр менен жазылган роман. – Б.: Руханият, 1994. – 304 б.

Адамдар: Ырлар, дастандар. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 240 б.

Миң кайрык: Ырлар, котормолор. – Б.: Шам, 2000. – 424 б.

Канат менен Зарина: Дастан. – Б.: Бийиктик, 2003. – 96 б.

Курманжан датка: Ыр менен жазылган роман. – Б.: Бийиктик, 2004. – 324 б.

О, анда көктөм эле: Ырлар, обондуу ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 168 б.

Ала-Тоо барда мен бармын: Ырлар, дастандар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 328 б.

Сөз кудурети: Макалалар, эскерүүлөр. – Б.: Бийиктик, 2006. – 640 б.

Тагдырым – поэзия: макалалар, каттар, куттуктоолор, арноолор. – Б.: Бийиктик, 2008. 728 б.

Мен билген Чыңгыз: Ырлар, эскерүү. – Б.: Бийиктик, 2008. – 52 б.

Орус тилинде

В краю родном: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргосиздат, 1958. – 120 с.

Дружба: Рассказы. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 24 с.

В ожидании гостя: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1958. – 93 с.

Дедушка и я: Стихи. – М.: Детгиз, 1961. – 30 с.

Орлица: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1962. – 81 с.

Дымок над аилом: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1967 с. – 72 с.

Горные зори: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1972. – 88 с.

Жаворонок: Стихи. – М.: Правда, 1975.

У огня: Стихи. – М.: Худож. Лит., 1975. – 206 с.

Гордость: Стихи и поэмы. – М.: Сов. писатель, 1978. – 127 с.

Стремнина лет: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 240 с.

Золотая чинара: Стихотворения и поэмы. – М.: Худож. Лит., 1982. – 383 с.

Песни белых вершин: Стихи, поэмы. – М.: Сов. писатель, 1984 – 104 с.

Моя жизнь: Стихи, поэмы. – М.: Воениздат, 1990. – 142 б.

Канат и Зарина: Поэма. – Б.: Бийиктик, 2004. – 168 с.

Башка элдердин тилдеринде

Девушка и я: Стихи. – Душанбе: Таджгосиздат, 1963. – 24 с. – таж.

Кучевые облака: Стихи. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 128 с. – каз.

Перевал: Стихи. – Ташкент: Изд-во лит. и искусства, 1975. – 75 с. – узб.

Молодость моя: Стихи и поэмы. – Алма-Ата: Жалын, 1980. – 80 с. – каз.

На море синем белый пароход: Стихи. – Баку: Язычи, 1983. – 144 с. – азерб.

Золотая чинара: Стихи и поэма. – Киев: Радяньскый пысмэннык, 1986. – укр.

Канат и Зарина: Поэма. – Б.: Бийиктик, 2004. – 92 с. – узб.

Канат и Зарина: Поэма. – Б.: Бийиктик, 2004. – 128 с. – азерб.

КОТОРМОЛОРУ

Корея акындарынын үнү. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 25 б.

Павло Тычина. Элдердин достугу: Ырлар жыйнагы. – Ф: Кыргызмамбас, 1954. – 86 б.

Барто А. Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 136 б.

Үч акындын ырлары – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 135 б. (коллектив).

Түркмөн акындары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954, 1957. – 187 б.

Твардовский А. Ленин и печник. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1962. – 14 б.

Кулиев К. Дарыгер кумурска жөнүндө жомок. – Ф.: Мектеп, 1982. – 16 б.

Шекспир В. Гамлет: Трагедия. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 224 б.

Омар Хайам. Рубаилер. – Б.: Бийиктик, 2004. – 114 б.

Орус ырлары. – Б.: Шам, 2002. – 304 б.

Казак ырлары – Б.: Бийиктик, 2004. – 608 б.

Европа-Азия ырлары. – Б.: Бийиктик, 2007. – 568 б.

Согуш жана жениш. -Б.: Бийиктик,2009.


Ал жана анын доору тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Л. Лебедева. Джусуев, Сооронбай // Краткая литературная энциклопедия / Гл. ред. А. А. Сурков. — М.: Советская энциклопедия, 1962—1978. — Т. 2.



Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Макаланын ички шилтемеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://www.azattyk.org/a/stalinism_1928-1937_expropriation-of-bays_kyrgyz_elite_in_ussr/28668997.html?nocache=1