Мазмунга өтүү

Казак тили

Википедия — ачык энциклопедия
Казак тили
каз. Қазақ тілі
Өз тилинде аталышы

Қазақ тілі, қазақша / قازاق تىلى‎, قازاقша

Өлкөлөр

Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия, Монголия, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия

Аймактар
Расмий макамы
Көзөмөлдөөчү уюм

Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Тил саясаты комитети

Сүйлөгөндөрдүн жалпы саны

16 000 000

Макамы

Коопсуз

Классификация
Түрмөгү

Евразия тилдери

Тил бүлөсү
Адабий формасы

Адабий казак тили

Диалекттери

Түндүк-чыгыш, Түштүк, Батыш

Жазуусу

Кириллица, араб жазуусу, Латын алфавити

Тил коддору
МАМСТ 7.75–97

310

ISO 639-1

kk

ISO 639-2

kaz

ISO 639-3

kaz

WALS

kaz

Ethnologue

kaz

IETF

kk

Glottolog

kaza1248

Казак тилиндеги Википедия

Казак тили (каз. қазақ тілі, қазақша) — казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Адабий казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган.

Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мисалы, кач-каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мисалы, кыш-кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыштарынын ордуна «ж» тыбышы (йок - жок) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде болгон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфавитке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия мамлекеттеринин айрым аймактарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Ооганстан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 23 млнго жакын. Морфологиялык жагынан кыргыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча Казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы байланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык тутумун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сандагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Советтик мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15-19-кылымда калыптанып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунанбаев болгон. Жаңы Казак алфавити: Казак алфавити (Январь 2021)[1]

A a
(А а)
Ä ä
(Ә ә)
B b
(Б б)
D d
(Д д)
E e
(Е е)
F f
(Ф ф)
G g
(Г г)
Ğ ğ
(Ғ ғ)
H h
(Х х,
Һ һ)
I ı
(І і)
İ i
(Й й,
И и)
J j
(Ж ж)
K k
(К к)
L l
(Л л)
M m
(М м)
N n
(Н н)
Ŋ ŋ
(Ң ң)
O o
(О о)
Ö ö
(Ө ө)
P p
(П п)
Q q
(Қ қ)
R r
(Р р)
S s
(С с)
Ş ş
(Ш ш)
T t
(Т т)
U u
(У у)
Ū ū
(Ұ ұ)
Ü ü
(Ү ү)
V v
(В в)
Y y
(Ы ы)
Z z
(З з)

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. ↑ Kazakhstan Presents New Latin Alphabet, Plans Gradual Transition Through 2031