Кыпчак тили

Википедия дан

Кыпчак тили — куман, кыпчактардын тили. 10-кылымдын орто ченинде Чыгыш Европада пайда болуп, чыгыш менен батыштын аймактарына (Кара деңиз боюндагы талаалар, кийин Кырым жана Балкан жарым аралынын бир бөлүгү) кеңири тараган. Түрк тилдеринин кыпчак тобунун кыпчакполовец топчосуна кирет. Огуз лексикасынан кирген сөздөр кездешет. Моңгол дооруна (11-13-кылымдын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили жөнүндөгү маалымат Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-ит-түрк» аттуу эмгегинде берилген. Бул тилдин моңгол доорунан (13-16-кылымдын 2-жарымы) кийинки жазма даректери көбүрөөк белгилүү. 1828-ж. Г.-М. Клапрот басып чыгарган латын-парсы-куман сөздүгү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]