Тычина Павло

Википедия дан

Тычина Павло (Павел) Григорьевич (15(27). 1. 1891, азыркы Чернигов обл., Бобровицкий району, Пески кыш. - 16. 9. 1967, Киев) - украин совет акыны, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Украина ИАнын академиги (1929), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967).

Чыгармалары 1912-жылдан жарыялана баштаган. Т. - «Соко», «Сонет жана октавалардын ордуна» (экөө тең - 1920), «Украинадан соккон шамал» (1924), «Бирдиктүү үйбүлөнүн сезими» (1938; СССР мамлекеттик, сыйл., 1941), «Курчтук жана назиктик» (1941), «Женебиз жана жашайбыз!» (1942), «Достун өлүмү» (1943), согуштан кийин «Өсүү жана аракет» (1949), «Бизде күч» (1953), «Биз адамзаттын абийири» (1957) аттуу ыр жыйнактардын жана поэмалардын автору. Чыгармалары кыргыз тилине которулган (С. Жусуев ж. б.). Тандалган чыгармалары үчүн (1957) Т. Г. Шевченко атындагы Украина мамлекеттик сыйл. алган. Беш Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4