Мазмунга өтүү

Тажик тили

Википедия долбоорунан

Тажик тили – тажиктердин тили. Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили. Иран тилдеринин түштүк-батыш тобуна кирет. Тажикстан, Өзбекстандын көп жерлерине, Казакстан жана Кыргызстандын айрым райондоруна, ошондой эле Афганстандын түндүгүнө тараган. Диалектилик бир нече топко бөлүнөт: түндүк, борбордук же жогорку Зарафшан, түштүк, түштүк-чыгыш же дарваз. 6 үндүү, 24 үнсүз фонемасы бар. Тажик тили – флексия-аналит. түзүлүштөгү тил. Атоочтор байыркы сөз өзгөртүү системасын жоготкон жана изафет жолу менен байланышат. Род жана жөндөмө категориясы жок. Сөздөрү синтаксистик жол менен жөндөлөт. Сөздүк катмары араб, өзбек жана орус тилинен кирген сөздөрдү да камтыйт. Алгачкы жазма эстеликтери 9-кылымга таандык. 1930-жылдан араб, латын жазуусун пайдаланып, 1940-жылдан орус графикасына өткөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]