Транслитерация

Википедия дан

Транслитерация (лат. Trans-аркылуу жана lit(t)era-тамга,арип)-белгилүү бир жазмада жазылып калган текстти башка бир жазуу системасына салып кайрадан иштеп чыгуу ыкмасы.
Транслитерация (латынча trans — аркылуу жана Lit(t)era — тамга, арип) — белгилүү бир жазмада жазылып калган текстти башка бир жазуу системасына салып кайрадан иштеп чыгуу. Ч. Валиханов 1856-ж. «Көкөтөйдүн ашы» эпизодун кадым (эски) формасында араб алфавитине салып жазып алган. Ал текстти А. Маргулан казак тилинде жарыялаган (Көкөтайдын эртегici, Алматы, 1989), Ошол эле текстте К. Ботояров менен Ш. Ибраев араб алфавитинен азыркы кыргыз алфавитине салып транслитерацилап, «Ала-Тоо» журналына (1979, № 7) толук жарыялашкан. Ал эми ошол тексттин араб алфавитинен латын алфавитине да транслитерациланган. А. Г. Хатто тарабынан ишке ашырылган. «Көкөтөйдүн ашы» деген ат менен 1977ж. Лондондо жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Манас Энциклопедия. Бишкек, 2005