Мазмунга өтүү

Арап жазмасы

Википедия дан

Арап жазмасы же Араб жазуусу - Батыш Азияда, Түндүк Африкада жана калкы ислам дининин кайсы бир агымына табынган элдер өздөрү үчүн реформалап алган, дүйнөдө кеңири таралган жазуунун бир түрү. Сызык түрүндөгү алфавиттик жазуулардын бир түрү. Биздин эранын 4-кылымына чейин Аравияда арамей жазуусунун негизинде пайда болгон. Оңдон солго жазылат. 28 тамгадан турат, анын ичинен 3 тамга үндүү, калганы үнсүз. Тамгалары өз алдынча турушуна, сөз башында, сөз ортосунда же сөз аягында келишине жараша эки же төрт түрдүү формада оңдон солду карай жазылып жана окулат. Араб жазуусу латын алфавитине өткөнгө чейин СССРдеги түрк элдеринде колдонулган. Мындан сырткары, Индонезия, Иран, Ооганстан, Түркия, Малайзия өңдүү өлкөлөр да пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Кыскача таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азияда жана Түндүк Африкада кеңири таралган жазуунун бир түрү. Биздин замандын 4-кылымына чейин Аравияда байыркы арамей алфавит жазмасынын негизинде пайда болгон.

28 тамгадан турат, алардын ичинен 3 тамга үндүү, калганы үнсүз. Тамгалары өз алдынча турушуна, сөз башында, сөз ортосунда же сөз аягында келишине жараша эки же төрт түрдүү болуп, оңдон солго карай жазылат жана окулат.

Арап жазуусу СССРдеги түрк элдеринде латын алфавитине өткөнгө чейин (1926-28-жж чейин) колдонулган. Мындан сырткары, Индонезия, Иран, Ооганстан, Түркия, Малайзия өңдүү өлкөлөрдүн калктары да арап жазмасын пайдаланышат.

Кыргыздардын арап жазмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздардын Теңир-Тоодогу бөлүгү 10-кылымдан тартып арап жазмасын өздөштүргөн.

Энесайдагы Кыргыз каганаты болсо 7-12-кылымдарда руна сымал орхон-энесай жазмасынын кыргыз түрүн колдонгон.

Кыргыздар арап жазмасында ар кыл чыгармаларын жарыялагандыгы белгилүү (Эшеенаалы Арабаевдин, Молдо Кылыч Шамыркан уулунун, Осмонаалы Сыдыковдун, ж.б. калеминен жаралган китептер падышалык Орусияда 1917-жылкы Феврал ыңкылабына чейин эле жарык көрүшкөн.

1924-жылы 7-ноябрда кыргыздын “Эркин Тоо” аттуу туңгуч гезитинин алгачкы саны да араб жазмасында кыргызча жарык көргөн, бул алфавитте 1924-1928-жж. жарыяланып турган.

Кытайлык кыргыздар азыркыга чейин араб жазмасын колдонуп келишет.

Кыскача адабият тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, сүрөттөр. - ISBN 9967-14-046-1. – 459-бет (“Араб жазуусу”).
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – ISBN 5-89750-028-2. – 101-бет (“Кыргыз жазмасы”).

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]