Афганстан

Wikipedia дан
(Ооганстан барагынан багытталды)

Афганстан, Афганстан Ислам өлкөсү - Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан, батышынан Иран, түштүгүнөн жана чыгышынан Пакистан менен Индия, түндүк-чыгышынан Кытай менен чектешет. Аянты 645,7 миң км2. Калкы 20,5 млн (2005). Борбору - Кабул шаары. Административдик-аймактык жактан 32 вилаятка (административдик-аймактык бирдик) бөлүнөт. Афганстан БУУнун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Афганстан - унитардык мамлекет. Конституциясы 16. 1. 2004-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Президенттин алдында эки вице-президент бар. Президент болуп ата-энеси афгандык жана мусулман дининдеги жаран гана шайлана алат (5 жылдык мөөнөткө). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу Улуттук чогулуш (Элдер палатасы (Валези Жюрга, 250 депутат) жана Аксакалдар палатасы (Мешрано Жюрга). Аткаруу бийлигин өкмөт - Улуттук чогулуштун макулдугу менен президент тарабынан дайындалуучу 27 кишиден турган министрлер кабинети ишке ашырат. Саясий партиялары: Афганстандын Ислам коому, Афганстандын Ислам биримдиги партиясы, Афганстандын улуттук биримдик кыймылы партиясы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Афганстан негизинен Иран тайпак тоосунун түндүк-чыгышында жайгашкан; аймагынын 3/4үн тоолор ээлейт. Чыгыштан батышты карай Гиндикуш тоолору (бийиктиги 6843 мге чейин, Тиргаран чокусу), андан ары Паропамиз тоолору, түндүгүндө Бактрия түздүгү, түштүгүндө, түштүк-батыш бөлүгүндө бийиктиги 1200 мге жеткен чөлдүү плато Регстан, Гармсер кумдуу чөлдөрү, Дашти-Марго таш-шагылдуу чөлү созулуп жатса, Афганстандын түштүк бөлүгүндө Газни-Кандагар бөксө тоосу (бийиктиги 3265 мге чейин) жазы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленип жатат. Иран жана Пакистан менен болгон чегарасында чуңкурдуктар кездешет. Афганстандын аймагы тектоникалык жактан негизинен Альп бүктөлүүсүнө кирет. Түндүк бөлүгү Туран жаш платформасынын (плитасынын) чегинде. Нефть, табигый газ, көмүр, темир, жез, сейрек металлдар, ошондой эле чачынды алтын, зергерлик жана асыл таштар (дүйнөдөгү эң сапаттуу кен - лазурит, мрамор оникси, зергерлик турмалин, рубин, зымырыт) жана башка кендери бар. Климаты субтропиктик континенттик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы түздүктөрдө 0°Сден 8°Сге чейин, бийик тоолордун айрым жеринде -20°Сден төмөн, июлдуку түздүктөрдө 24°Сден 32°Сге, бийик тоолордо 0°Сден 10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 200 мм, чөлдөрдө 40-50 мм, бөксө тоолордо 200-250 мм, Гиндикуштун айдарым капталдарында 400-600 мм, Инди океанынын муссону жеткен түштүк-чыгышында 800 ммге чейин. 3000-5000 м бийиктикте кар катмары 6-8 ай жатат, андан жогору мөңгү кездешет. Ири дарыялары: Амударыя (жогорку агымында Пянж), Герируд, Гильменд, Кабул, Мургаб сугатка кеңири пайдаланылат. Көлдөрү аз, анын ичинен ирилери - Амир, Аби-Истадайн-Газни. Тоо этектери жана өрөөндөр боз, чөлдүү талаалары күрөң топурактуу. Шортоң жерлери да бар. Негизинен чөл жана талаа өсүмдүктөрү (шыбак, астрагал, сөксөөл, төө тикен жана башка) өсөт. Чыгышындагы тоолордо токой кездешет. Дарыя өрөөндөрүндө оазистер бар, аларда жемиш багы өстүрүлүп, жүзүмчүлүк өнүккөн. Аймагында 6 корголуучу аймагы (аянты 218 миң гадан ашык) бар. Банди-Амир улуттук паркы уюштурулган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөдө түрдүү тилдердин тобуна кирген 20дан ашык улут өкүлдөрү жашайт; анын жарымынан көбү - афгандар (пуштулар; 38% тен 49%ке чейин); о. эле тажик (өлкөнүн батыш жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө; 18-25%), өзбек (68%) жана түркмөндөр (түндүгүндө), хазарлыктар (борбордук бөлүгүндө), каракалпак, кыргыз, белуж жана башка улуттар арбын. Расмий тили - пушту жана дари (перс тилинин афган диалектиси) тилдери. Басымдуу дини - ислам. Фертилдүүлүк жогору болгонуна байланыштуу (1 аялга 6,78 бала) балдардын өлүмү көп (1000ге 166). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники - 42,3, аялдарыныкы - 43 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 39,9 киши (өлкөнүн чыгышында 687). Көбү өрөөн жана оазистерде отурукташкан, аларда 1 км2 жерге 100дөн ашуун киши туура келет; түштүгүндөгү чөлдөрдө, борбордук жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү бийик тоолуу аймактарда отурукташкан эл жокко эсе. Калкынын 1/6ге жакыны көчмөн жана жарым көчмөн эл. Шаар калкы 23%. Ири шаарлары: Кабул, Кандагар, Герат, Кундуз, Мазари-Шариф, Герат, Желалабад. Акча бирдиги - афгани. 1979-89-жылдардагы Афган согушу менен граждандык согуштун таасиринен Афганстандын калкынын 1/3ине жакыны өлкөнү таштап четке кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле Кабул шаарынын калкы эки эсе өскөн. Качкындардын көпчүлүгү Иран менен Пакистанда отурукташкан. Эмгекке жарамдуу калкы 11,1 млн (2001).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыркы Афганстандын аймагында байыркы таш доорунан эле адамдар мекендегендигин көптөгөн археологиялык казуулар ырастайт. Биздин заманга чейинки 1миң жылдыктын 1-жарымында чөлкөмдө ирригациялык курулмалардын курулушу менен ири оазистер пайда болот. Ошол мезгилде Афганстандын аймагында Бактрия сыяктуу алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын 30-жылдарында Афганстандын аймагы Ахеменилер мамлекетинин (Персия) курамына, биздин заманга чейинки 330-329-жылы Афганстанды Александр Македонский басып алган, кийин Селевкилердин ээликтеринин курамына кирген. Грек Бактрия (биздин заманга чейинки 250-130-жыл), Кушан (биздин замандын 1-4-кылым) падышачылыктарынын доорунда аймакта шаарлар, кол өнөрчүлүк, маданият, искусство гүлдөп өскөн. 4-кылымда Афганстандын аймагын Сасанилер, 5-6-кылымда эфталиттер басып алган. 6-кылымдын 60-жылдары эфталиттердин уруулук бирикмелери түрктөр жана сасанилер тарабынан сокку алган соң, Афганстандын аймагы майда ээликтерге бөлүнүп, Түрк кагандыгына жана Сасанилерге көз каранды болуп калган. 7-8-кылымда чөлкөмдү арабдар басып алып, ислам дини тарай баштаган. 9-10-кылымда аймакта чарбанын, маданияттын, искусствонун өсүшү байкалат. Афганстан аймагын 13-кылымда монголдор, 16-17-кылымда Улуу Моголдор, 18-кылымда Надир-шах каратып алган. Надир-шах өлгөндөн кийин, 1747-1818-жылы эмир Ахмад шах башында турган алгачкы көз каранды эмес Афган мамлекети - Дуррани державасы түзүлгөн. 19-кылымдын орто ченинен Россия жана Улуу Британия Афганстан үчүн өз ара каршылашып турушкан. 1907-жылы бул эки мамлекеттин ортосунда Афганстан аймагынын бүтүндүгүн таануу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. 1919-29-жылы Аманулла хандын өкмөтү өлкөдө социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1923-жылы конституциялык монархия орнотулган. 1929-жылы бийликке Мухаммад Надир келип, ал Надиршах атын алып, өзүн король деп жарыялаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Афганстан бейтараптык позициясында турган. 1973-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында монархия кулатылып, Афганстан республика деп жарыяланган. Мамлекеттин жана өкмөт башчылыгына Мухаммед Дауд шайланат. 1978-жылы апрелде кайрадан мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийликке Революциялык совет келген жана Афганстан Демократиялык Республикасы деп жарыяланган. Өлкөдө граждандык согуш башталган. Афганстан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча колдоо көрсөтүп, 1979-жылы Афганстанга советтик аскерлер киргизилген. X. Аминдин режими кулатылып, анын ордуна Бабрак Кармаль дайындалган. Кармалдын 80-жылдардын 1-жарымында Афганстанда «советтик үлгүдөгү социализмди» куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Өлкөнүн ичиндеги өз ара чыр-чатактар токтогон эмес. 1987-жылы Афганстандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, А. Наджибулла президент болуп шайланган. 1989-жылы советтик аскерлер Афганстандан чыгарылды, бирок ар кандай уруулук топтордун ортосундагы күрөш улантыла берген. Миллиондогон афгандыктар Пакистан, Иран жана башка мамлекеттерге качышкан. 1992-жылы апрелде козголоңчулар Кабулду басып алышты. 1992-жылы апрелде өлкө Афганстан Ислам Мамлекети деп аталып, бийлик моджахеддердин жетекчилеринин колуна өткөн. Ошол эле жылдын декабрында өлкөнүн президенттигине Б. Раббани шайланган. 1990-жылдын ортосунда Афганстандын саясий аренасында «Талибан» кыймылы (пакистандык медреселерде даярдыктан өтүшкөн жаш афган исламчыл-радикалисттердин тобу) активдеше баштайт. 1994-жылы «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-жылы Кабулду ээлешип, ээлеген аймактарын башында молдо Омор турган Афган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Талибдер өлкөдө катуу теократтык режимди орнотушкан. Талибан кыймылына каршы Ахмад шах Масуд жетектеген Түндүк альянстын күчтөрү турган. Ахмад шах Масуддун өлтүрүлүшү (9. 9. 2001) жана АКШдагы массалык террордук актылардын (11. 9. 2001) уюштурулушуна У. бен Ладен күнөөлөнүп, 2001-жылы АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөр Афганстандагы талибдердин режимин кыйраткан. 2001-жылдын аягында Бонн шаарында Афганстандын саясий күчтөрүнүн конференциясы болуп өтүп, Хамид Карзай жетектеген Убактылуу администрациясы түзүлөт. 2002-жылы Лоя Жирганын отурумунда Убактылуу(Өткөөл) өкмөт түзүлүп, X. Карзай мамлекет жана өкмөт башчысы болуп шайланат. 2004-жылы январда жаңы Конституция кабыл алынып, X. Карзай президент болуп шайланат. «Талибан» кыймылынын айрым бөлүктөрү X. Карзайдын жана эл аралык антитеррордук күчтөргө каршы күрөшүн улантып келпшүүдө. Афганстандын айрым провинцияларында бийлик номиналдуу түрдө гана өкмөткө баш ийишкен моджахеддердин талаа командирлерине таандык бойдон калууда.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Афганстан - дүйнөдөгү жакыр агрардык өлкөлөрдүн бири. 1979-жылдан бери токтобогон согуш, ошондой эле 1998-2002-жылдардагы кургакчылык өлкөнүн экономикасын дээрлик кыйраткан. Согуш жылдарындагы жалгыз өнүккөн тармагы - апийим өндүрүшү болгон. 2002-жылдын январында Токподо өткөрүлгөн конференцияда (61 өлкө катышкан; анын ичинен Россия, АКШ, Европа кеңеши, БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Ислам конференциясы уюмдары жана башка уюмдар) Афганстанга жардам көрсөтүүнүн программасы иштелип чыккан (2006-жылга чейпн 4,5 млрд доллар бөлүнөт). Натыйжада экономикасында, айрыкча агрардык секторунда өнүгүү тенденциясы байкалган. Ички дүң продукциясынын көлөмү 20 млрд долларды (АКШ)түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан туура келет). Ички дүң продукциясындагы айыл чарбанын көлөмү 60% , өнөр жайыныкы 20%, тейлөө чөйрөсүнүкү 20%. Өлкөнүн түндүгүндө Жаркудук ири газ кени 1967-жылдан иштетилүүдө. Газ 1980-жылдарда негизинен СССРге экспорттолгон; 21-кылымдан баштап өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандырат. Таш көмүр, нефть, таш туз, лазурит, курулуш материалдары казылып алынат. Энергетиканын негизин гидроэнергетика (84% ГЭС) түзөт. Кебез-кездеме (Пули-Хумри), кант (Баглан) заводдору, жүн-кездеме токуу фабрикасы (Кандагар), нан, үй куруу комбинаттары, асфальт-бетон, автомобиль ремонттоочу (Кабул), цемент (Жабальус-Сираж, Пули-Хумри), азот жер семирткичи заводдору бар. 1960-жылдары тамак-аш, текстиль, медициналык өнөр жайлары ишке кирген, бирок согуш жылдары алар кыйрап же иштебей калган. 21-кылымдын башынан кездеме (Кабул, Кандагар, Мазари-Шариф), самын кайнатуу (Кабул), эмерек, бут кийим, жер семирткич (Мазари-Шариф) жана цемент (Гори, Жабусарг) өндүрүштөрү ишке кирди. Килем токуу (кол менен) өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 62% айыл чарбага жарактуу (жайыты кошо) жер, 17% айдоо аянты. Негизинен дан эгиндери - буудай, арпа, жүгөрү (2700 м бийиктикте) эгилет. Тоо этектеринде жана түздүктөрдө шалы, кант кызылча, пахта, май берүүчү өсүмдүктөр, балкамыш айдалат. Бакчылык (сары өрүк, шабдаалы, алмурут, кайнаалы, алча, анар, цитрус өсүмдүктөрү), жүзүмчүлүк, бакчачылык өнүккөн. Ошондой эле бадам, жаңгак өстүрүлөт. 1980-90-жылдары башкы товардык өсүмдүгү апийим эсептелип, дүйнөгө апийим таратуучу өлкөгө айланган (1999-жыл 1670 о). Мал чарбасында кой өстүрүү басымдуу (2003-жылы, 8,8 млн, негизинен каракөл кою, анын көрпөсүн алуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Ошондой эле эчки (6 млн), бодо мал (2600 миң; буйвол жана зебу), эшек (920 миң), төө (290 миң), жылкы (104 миң) асыралат. Темир жолу дээрлик жокко эсе; Кушкадан (Түркмөнстан) - Торгундеге 9,6 км, Термезден (Өзбекстан) Хайратанга 15 км темир жол тармагы жеткирилген. Автомобиль жолунун узундугу 21 миң км (анын ичинен 2,8 миң км асфальтталган). Унаа транспорту (ат, төө, эшек) кеңири колдонулат. Өлкөнүн маанилүү шаарларын байланыштырган Кабул - Кандагар - Герат - Меймене - Мазари-Шариф - Хульм - Кабул айланма трассасынын мааниси зор. Амударыяда кеме жүрөт. Башкы дарыя порттору: Хайратан, Шерхан. Түркмөнстандан Шиндандга, Өзбекстандан Баграмга нефть куурлары жеткирилген. Газ куурунун узундугу 387 км. Кабулда эл аралык аэропорт бар. Сыртка кургатылган жемиш, жаңгак, килем, кылторко, пахта, ийленген жана ийленбеген каракөл көрпөсү, баалуу асыл таштарды (негизинен Индия, Финляндия, Бельгия, Германия, Россия, АКШга) чыгарат. Сырттан өндүрүш каражаттарын, азык-түлүк, текстиль, нефть продукцияларын жана башкаларын (негизинен Пакистан, Түш. Корея, Япония, АКШ, Германия, Кениядан) алат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Афганстанда билим берүү системасы көпкө созулган граждандык согуштан жана «Талиб» башкаруусунан кыйраган. Диний мектептери (мусулман) басымдуулук кылат. 2002-окуу жылында 39% эркек жана 3% аял окуган (башталгыч билим алуу үчүн). Мектеп жашындагы 1,5 млн бала окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мектептердин 70% талкаланып, анын ичинен 5 миң мектептин 3,5 миңи оңдоого муктаж болгон. 2002-жылы билим берүү системасын көтөрүү боюнча «Кайрадан мектепке» планы даярдалган (2 жылга эсептелген). Ошол эле жылы Кабул университети (1932-жылы негизделген) ишке кирген. 2003-жылы 7563 мектепте 5,5 млн окуучу окуп, анда 92 миң мугалим эмгектенген. Кабулда ири элдик китепкана жана этнографиялык музейлери бар. Массалык маалымат каражаттары талибдердин башкаруусунан улам бүлгүнгө учураган, 2001-жылдан кайрадан калыбына келтирилүүдө. Өлкөдө мамлекеттик телекөрсөтүү, радиоуктуруу, маалымат агентчилиги, менчик телекөрсөтүү, 3 көз каранды эмес радиоуктуруу компаниясы («Кабул радиосу»), «Афган Исламик Пресс» маалымат агентчилиги иштеп, 260тан ашуун гезит-журналдар чыгат. Афган адабияты пушту жана дари (фарси-кабули) тилдеринде өнүгүүдө. Пушту адабияты Пакистандын аймагынын айрым бөлүктөрүндө да пайдаланылат; дари адабияты перс классикалык адабиятынын салтын жолдойт. Эл арасында жөө жомок, эпос, оозеки аңгемелер (хикаяттар) кеңири таралган. Пуштулардын биздин заманга чейинки сакталган адабияты - Мали шейхтин «Кадастр китеби» (15-кылым), 16-кылымга рошаниттер сектасын түзгөн Баязид Ансаринин чыгармачылыгы таандык. 17-18-кылымдагы пушту классикалык адабиятынын гүлдөп өнүгүүсүнө Хушхаль-хан Хаттака, Абдуррахман Моманд жана Абдулхамид Моманддын эмгектери зор. 20-кылымда адабиятында кайрадан жаңылануу башталган. 1936-жылы пушту тили дари тили менен катар мамлекеттик 2-тил деп жарыяланган. 1937-жылы афган тили жана адабияты академиясы негизделген. Повесть жана проза жанры (С. М. Аламшахи, Мираминуд-дина Ансари, Г. М. Жвандая - дари тилинде; Б. Кушкаки, К. М. Рафика - пушту) өздөштүрүлө баштаган. 20-кылымдын 2-жарымында адабиятта социалдык маселелер басымдуулук кылган, Абдулхак Бетаб, Х. Халили (дари тилинде), Ж. Г. Жейлани, Ш. Маджрух, М. С. Псарлай (пушту), С. Лаик (эки тилде), Ш. Барик (дари) элдик каада салттын негизинде жазган. Проза жанры жаңы багытта (романтикалык жана реалисттик) өнүккөн. Бийликке Афганстан Элдик Демократиялык партиясы келгенден кийин ЖС түзүлүп (1980), анын расмий органы «Жвандун» («Жашоо») журналы болгон. Ал мезгилге прозаиктер - А. Усман (Кузагара), А. Р. Зярьяб, А. Амин, А. Каргар, 3. Анзор, Б. Баджаурай, Хабиб Кадир, И. Атайи жана башкалардын чыгармалары таандык. Классикалык поэзиянын салтын улантуучулар - Н. Хафиз, Н. Тахури, А. Такор, А. Хазан ж. б., жаңы поэзия жанрына В. Бахтари, Л. Назими, С. К. Туфани, А. Наиби, Ф. Фард жана башкалар кайрылган. Социалисттик күрөш, революциялык пафос Д. Панжшеринин поэзиясына таандык. 20-кылымдын акыркы жылдарындагы согуш Афганстандын белгилүү адабиятчыларын өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылган. Чет өлкөдөгү көрүнүктүү пушту адабиятчыларына - романчы С. Шпун, акындар А. Жахани, П. М. Караван, С. Сиддики, М. Парвин Файз-зада жана башкалар кирет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1