Ахмад-шах Дурранби

Википедия дан

Ахмад-шах Дурранби (1721-1773) – көз каранды эмес афган мамлекети - Дуррани державасынын (1747-1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соң, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган жана ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы Надир-шах Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары менен Афганстанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түштүк Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748-57-жылдары Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-жылы Патипаттын жанындагы салгылашууда маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганстандын шаарлары өсүп, маданияты гүлдөп, экономикасы жогорулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1