Тимур шах Дуррани
| Тимур шах Дуррани Пушту تېمور شاه دراني | |||
| |||
|---|---|---|---|
| 16-октябрь 1772 — 18-май 1793 | |||
| Андан мурунку: | Ахмад-шах Дурранби | ||
| Андан кийинки: | Земан шах Дуррани | ||
| Дини: | Ислам | ||
| Туулган жылы: | 1748-жыл | ||
| Туулган жери: | Мешхед | ||
| Каза болгон жылы: | 18-май 1793-жыл | ||
| Каза болгон жери: | Кабул | ||
| Уруусу: | Дуррани | ||
| Атасы: | Ахмад шах Дуррани | ||
| Балдары: | Земан шах Дуррани, Шужа шах Дуррани, Аюб шах Дуррани | ||
Тимур шах Дуррани (1748-жыл — 18-май 1793-жыл) — Ахмад шахтын тун уулу, 1772-жылдан 1793-жылга чейин Ооганстанды башкарган.[1]
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мешхед шаарында (Иран) туулган. Улуту — пуштун. 1757-жылы атасы Ахмад шах Дуррани аны 9 жашында эле Пенжаб жана Кашмирдин башкаруучусу кылган. Моголдор империясынын императору Аламгир IIнин кызына үйлөнгөн Тимур шах Сирхинд аймагын анын карамагында алган, бирок чындыгында 1757-жылдын майынан 1758-жылдын апрелине чейин ага регент Жахан хан бийлик кылган.[2]
Тимур шах 1772-жылы бүткүл өлкөнүн башкаруучусу болуп калганда, губернаторлор ага баш ийүүнү каалабагандыктан, ал өзүнүн башкаруусунун көп бөлүгүн өлкөнүн үстүнөн бирдиктүү бийликти калыбына келтирүү менен өткөргөн. 1776-жылы Тимур шах Дуррани мамлекетинин борборун Кандагардан Кабулга көчүргөн. Тимур шахтын тушундагы Дуррани империясынын армиясы 20 миң кишиден турган.[3]
Тимур Шах Дуррани 1793-жылы 18-майда каза болгон. Ал өлгөндөн кийин анын уулу Земан шах өкүмдар болгон.[4]
