Мухаммад Якуб хан

Википедия дан
Мухаммад Якуб хан
Пушту محمد يعقوب خان
Мухаммад Якуб хан
Желек
Желек
Ооганстандын эмири
1-декабря 1879 — 21-июль 1880
Андан мурунку: Шер Али хан
Андан кийинки: Мухаммад Аюб хан
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1849 жыл(1849)
Туулган жери: Кабул, Ооганстан Эмирлиги
Каза болгон жылы: 15-ноябрь 1923
Каза болгон жери: Дели, Британ Индия
Мүрзөсүнүн орду: Кабул
Уруусу: Баракзай династиясы
Атасы: Шер Али хан

Мухаммад Якуб хан (1849-жыл15-ноябрь 1923-жыл) — Ооганстандын саясий ишмери, эмири.[1]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мухаммад Якуб хан Ооган эмири Шер Алинин уулу болгон жана андан Герат провинциясын алган. 1870-жылы атасына каршы көтөрүлүп, бирок жеңилип, 1874-жылы түрмөгө камалган.

Экинчи Англия-Ооган согушунда Шир-Али британиялыктардан жеңилип, 1879-жылы орус ээлигине качып, бийликти уулу Якуб ханга калтырган. Эмир болгондон кийин Якуб хан 1879-жылы май айында британиялыктар менен Гандамак келишимине кол койгон, ага ылайык Ооганстан өз аймагынын бир бөлүгүн жоготуп, британиялык бир жаранды Кабулга киргизүүгө милдеттүү болгон. Күзүндө ооган аскерлери Кабулда козголоң чыгарып, Британиянын тургунун жана бүт миссияны өлтүрүшкөн. Якуб хан тактыдан баш тартууну чечип, британ аскерлеринин коргоосу астында качып, андан соң Британ Индияга түбөлүккө кеткен.[2]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]