Дост Мухаммад хан
Көрүнүш
Дост Мухаммад хан ир. دوست محمد خان | |||
| |||
---|---|---|---|
1826 — 2-август 1839 1843 — 9-июнь 1863 | |||
Андан мурунку: | Султан Мухаммад хан | ||
Андан кийинки: | Акбар хан Шер Али хан | ||
Дини: | Ислам | ||
Туулган жылы: | 23 -декабрь 1793 | ||
Туулган жери: | Кандагар, Дуррани державасы | ||
Каза болгон жылы: | 9 -июнь 1863 (69 жаш) | ||
Каза болгон жери: | Герат, Ооганстан Эмирлиги | ||
Уруусу: | Баракзай династиясы | ||
Атасы: | Паинда хан | ||
Жубайы: | 15 | ||
Балдары: | 29 уул, 23 кыз | ||
Дост Мухаммад хан (23-декабрь 1793-жыл — 9-июнь 1863-жыл) — Ооганстандын саясий ишмери, эмири.[1][2]
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дуранни империясы кулагандан кийин Газна менен Кабулдун эмири болгон (1826). Ооган жерлерин бириктирүү үчүн майда хандыктар менен күрөшкөн. Англия менен оогандардын ортосундагы согушта (1840-жылдын аягы) туткунга түшүп, Индияга сүргүнгө айдалган. 1842-жылы британдыктар согушта жеңилип калгандан кийин Дост Мухаммад хан бошотулуп, тактыга кайтып келген. 1855–63-жылдары Кандагар, Гератты жана майда хандыктарды (Акча, Кундуз, Хулм) өз мамлекетине кошкон. Анын тушунда Ооганстан азыркы чек араларына чейин кеңейген.[3]