Дуррани державасы

Википедия дан

Дуррани державасы - 1747-ж. Надир-шах Афшардын империясы кулагандан кийин түзүлгөн алгачкы феод, афган мамлекети (1747-1818).

Дуррани державасын абдали уруусунун хандары бийлеген, уруу башчысы Ахмад-шах мамлекеттин башына келип, абдали уруусу дуррани деген жаңы ат алган. Афгандын башка уруулары Ахмад шахты өздөрүнүн жогорку башкаруучусу деп тааныган. Ахмад-шахтын жолдуу жортуулдарынан кийин 1761-ж. Дуррани державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, маданияты гүлдөп, экономикасы жогорулаган. Феодалдардын жана ири жер ээлеринин өсүшү менен алардын мамлекеттик жерлерди ысырапка учуратышы 19-кылымдын башында Дуррани державасынын кулашып шарттаган. Дуррани державанын кулашына афган феодалдарынын эзүүсүндөгү башка элдердин күрөшү да көмөкчү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.